Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Думан Смаковдон дайджест: 21-28 сентябрь, 2020-жыл

29.09.2020 • 06:37

Кымбаттуу досум!

Бул апта сен үчүн ийгиликтүү болду деп үмүттөнөм.

Сен кайрадан менин дайжестимди окуп жатканың үчүн өтө кубанычтамын!

Аз убакыттан кийин биз сага биздин жаңы укмуш сонун оюндарыбызды ойногонго мүмкүнчүлүк беребиз! QLEVER платформасындагы жаңылыктарга көз салып тур!

Азыр болсо мен сага бул аптада Борбор Азияда эмне окуялар болуп өткөнүн айтып берем.

 

Билим берүү

Тажиистан өз чек араларын өлкөдө билим алган авган студенттери үчүн ачты. Бул туурасында Афганистандын Душанбедеги элчиси Мухаммад Зохир Агбар ушул аптада афган элчилигинде өткөн “Шейиттер жумалыгы” салтанаттуу аземи учурунда билдирди.  Кененирээк төмөнкү шилтемеден окуңуздар: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20200924/tadzhikistan-otkril-granitsi-dlya-afganskih-studentov

Түркмөнстандын чыгышында жогорку класстын окуучуларын пахта терүүгө мажбурлап жатышат. Ким жана эмне үчүн окуучуларды сабактан алагды кылып жатат? Жообу бул шилтемеде: https://rus.azathabar.com/a/30855986.html

Нью-Йорктун (АКШ) Бруклин районунда 19-сентябрда Ziyo Art аттуу өзбек мектеби ачылды. Өзбекстандын башкы консулдугунун маалыматы боюнча, мектеп төмөнкү даректе жайгашкан: 16 Avenue О, Brooklyn NY 11204. Бул жерде өзбек тили жана адбияты, этика, сүрөт искусствосу, шахмат жана математика окутулат. Кененирээк бул жерде: https://podrobno.uz/cat/obchestvo/v-nyu-yorke-otkrylas-uzbekskaya-shkola-/

Өзбекстандын президенти “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Анда билим берүүнүн түрлөрү жана окутуу формалары кенен жазылган, мамлекеттик органдардын полномочиялары менен мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин укуктары такталган. Кененирээк: https://www.gazeta.uz/ru/2020/09/24/education/

АКШнын эл аралык өнүгүү агенттиги (USAID) Кыргызстандын миңден ашууну мектептерине жана китепканаларына 285 миң нуска балдар үчүн китептерди берди. Аймактык китепканаларга кандай китептер жөнөтүлгөнү туурасында бул шилтемеде:
https://24.kg/obschestvo/166152_bolee_280_tyisyach_knig_dlya_shkol_ibibliotek_kyirgyizstana_peredalo_USAID_/

Спорт жана туризм

Тажикстандын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы (U-16) 21-сентябрда биринчи достук матчында Өзбекстандык атаандаштарын женип алышты. Беттешүү тажик командасынын пайдасына 1:0  менен аяктады. Жалгыз голду 38-минутада Хусрав Тоиров киргизди. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/sports/20200922/yunie-tadzhikskie-futbolisti-obigrali-svoih-uzbekskih-sverstnikov

Казакстан жөнүндөгү "Travelstan" ролиги PATA Gold Awards сынагында “Эң мыкты трэвел-видео” номинациясы боюнча жеңчүүчү деп табылды. Аталган сынак  Pacific Asia Tourism Association (Азия-Тынч Океан туристтик ассоциациясынын) колдоосу астында онлайн форматта өттү. Кеенирээк бул жерде: https://informburo.kz/novosti/rolik-o-kazahstane-priznali-luchshim-trevel-video-na-konkurse-pata-gold-awards-111717.html

Пандемия

Тажикстандын айрым жогорку окуу жайларында студенттерден окуу жайдын ичинде да жана андан тышкары да бет кап тагынып жүрүүгө жана аралыкты сактоого тил кат алынууда. Бул шарттар аткарылбаса аларга айып салынат. Макалага шилтеме бул жерде: https://rus.ozodi.org/a/30853177.html

IT

Интернетте түркмөн тилиндеги тексттерди текшере турган жаңы ресурс пайда болду. Кененирээ бул шилтемеде: https://turkmenportal.com/blog/30738/zapushchen-novyi-onlain-resurs-dlya-proverki-orfografii-turkmenskogo-yazyka

Кыргызстанда Telegram мессенжеринде KyrgyzMigrant.bot аттуу жаңы чат-бот ишке киргизилди, ал аркылуу мигранттар көп кездешчү суроолорго чукул арада жооп ала алышат жана тажрыйбалуу юристтер менен психологдордун кеп-кеңештери берилет. Чат кантип иштей турганын бул шилтемеден окугула:  https://24.kg/obschestvo/165927_vkyirgyizstane_zapustili_novyiy_chat-bot_dlya_migrantov/

Акылдуу системалар жана жасалма интеллект Назарбаев университети казак тилиндеги речти тааный турган технология иштеп чыгышты. Бул глобалдык санариптик мейкиндикке казак тилин активдүү сиңирүүгө жол берет -, деп билдиришет университеттин басма-сөз кызматы. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/tehnologiyu-raspoznavaniya-kazahskoy-rechi-razrabotali-uchyonye-nazarbaev-universiteta.html

 

Жаңылыктарды акырына чейин окуп чыкканың үчүн рахмат!

Келерки аптага чейин!

P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк басып, Qlever ойно!

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.