Москвадагы кыргызстандык мигранттар тарабынан түзүлгөн "Аян" театры көрүүчүлөргө алгачкы спектаклди тартуулады. Бул тууралуу Sputnik маалымат агенттиги театрдын негиздөөчүсү Айнаш Козубаевага шилтеме берүү менен билдирди.
Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романынын негизинде даярдалган спектаклдин коюлушу “Аян” театры менен Москва шаарынын "Яблоко" жаштар театрынын биргелешкен эмгеги. "Яблоко" маданий жайдын жетекчиси, Россиянын Эл артисти Вячеслав Спесивцев Чыңгыз Айтматовдун жакын досу болгондуктан, "Кыямат" спектаклин биргелешип коюуну сунуш кылган. Көрсө, жазуучунун көзү тирүү кезинде “Кыямат” спектакли” Москвада биринчи жолу Вячеслав Спесивцевдин жетекчилиги астында коюлган экен.
Азыркы күндө театрда сегиз актер бар, алар жумуштан кийин кечинде чыгармачылык менен алектенишет.
"Мекенинен алыс жүргөн мекендештер үчүн улуттук маданият менен байланышты сактоо абдан маанилүү. Көпчүлүк жаш мигранттар эртең мененден кечке чейин иштешет, айрымдары эч качан театрга барышкан эмес. Бул жерде алар руханий жактан өнүгүп, чыгармачыл идеяларын камтыйт", - Айнаш Козубаева.
"Аян" кыргыз театры 2018-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынан түзүлгөн. Ошондой эле, Козубаеванын айтымында, ал бир жылдан ашуун убакыттан бери.