Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кыргызстандык мигранттарга жардам берүү үчүн Telegram-бот

24.09.2020 • 10:08

Telegramда мессенджеринде кыргызстандык мигранттарга укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүүчу KyrgyzMigrant.bot чат-бот ишке киргизилди.

KyrgyzMigrant.bot орус жана кыргыз тилдеринде иштейт жана эмгек миграциясы маселелери боюнча юридикалык кеңеш берүү максатында иштелип чыккан. Мындан тышкары, чат-бот Кыргыз Республикасынын миграция маселелери боюнча мамлекеттик органдары жөнүндө маалымат берет жана көп берилүүчү суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк берет: талап кылынган документтер жөнүндө маалымат, Россия Федерациясына жумушка орношуу, каттоону узартуу жана башкалар.

24.kg маалымат агенттиги билдиргендей, аталган чат-бот "Карылар үчүн Ресурстук Борбор" коомдук уюму тарабынан түзүлгөн жана кыргызстандык эмгек мигранттарына акысыз юридикалык жана психологиялык онлайн консультацияларды берүү долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Консультациялар социалдык тармактардагы Instagram, Facebook  жана Одноклассникидеги баракчалар аркылуу (Салам мигрант) орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлөт.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.