Кымбаттуу досум!
Бул керемет күздүн күн сага салам жолдойм!
Онлайн окуу кандай өтүп жатат, зериктирген жокпу? Менин көзүм жетип эле турат, баарыңар азыр бир ооздон жооп берет болушуңар керек: “Ооба, баарыбыз виртуалдуу жашоодон тажадык!”.
Менин атым, Думан Смаков, factcheck.kz сайтынын башкы редакторумун. Биздин BRYCA долбоорунун командасы Борбор Азиянын медиа чөлкөмүн мониторинг кылып турат жана мен бул процесстин жетекчиси катары аптанын баш жаңылыктары менен бөлүшүүгө ашыгып турам. Кеттик эмесе!
IT
Тажикстандын бир нече уюлдук компанияларынын өкүлдөрү Интернеттин үзгүлтүккө учурашы алардын ишмердүүлүгү менен байланыштуу эмес деп билдиришти. 16-сентябрь күнү социалдык тармактардын көптөгөн колдонуучулары кечинде Интернетке кирүү кеминде бир сааттай мүмкүн болбой калганын кабарлашкан. Интернетти жаап коюу оюндары жөнүндө кененирээк бул жерде: https://rus.ozodi.org/a/30843458.html
Түркмөнстанда интернетке кирүүнү чектөө жана VPN колдонуучуларга кысым көрсөтүү уланууда. Кабарчылар маалымдаганда, интернетке коопсуз кирүүгө байланыштуу кыйынчылыктар мындан болжол менен бир жарым ай мурда башталган. Бирок кысым көрсөтүүлөргө карабай VPN кызматтарына суроо-талап өсүүдө. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/30839988.html
Интернетте Казакстанга ыңгайлаштырылган өспүрүмдөр үчүн өмүргө коркунуч келтире турган жаңы оюндар пайда болду. Кененирээк: https://tengrinews.kz/kazakhstan_news/poyavilas-novaya-smertelnaya-ugroza-dlya-kazahstanskih-detey-414625/
Саясат
Тажикстанда бардык шаар, айылдарда он мииңге жакын ыктыярчылар президенттик шайлоого тартылат. Алардын 250сү тажик, орус жана англис тилдеринде эркин сүйлөгөндөрү эл аралык байкоочуларга көмөк көрсөтүшөт. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20200919/do-10-tis-volonterov-budut-uchastvovat-v-prezidentskih-viborah-tadzhikistana
17-сентябрда Гарвард университетинде жыл сайын өтө турган 2020-жылдын Шнобель сыйлыгын (Ig Nobel Prize) тапшыруу боюнча 30 - салатанаттуу азем болуп өттү – бул илимий тамашалуу сыйлык алардын уставында жазылгандай, “алгач жылмаюуну пайда кылып, андан соң ойлонто турган” иликтөөлөрдүн авторлоруна ыйгарлат – деп билдирет Би-Би-Си орус кызматы. Лауреаттардын арасында Түркмөнстандын президенти да бар. Кандай эмгеги үчүн Гурбангулы Бердымухаммедов бул сыйлыкка ээ болгону туурасында бул жерден окугула: https://www.bbc.com/russian/news-54199901
Экология
Өзбекстандын экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик комитети жана Ташкент шаардык хокимияты Куранттын жанындагы “Болажан” паркында жана Бурджара жээктеринде чоң ишембилик уюштурушту. Аларга Экопартия жана Өзбекстан акындары кошулушту. Акция туурасында кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1172358-v-tashkente-vpervye-otmetili-vsemirnyj-den-chistoty.html
Билим берүү
Кыргызстанда мектептер арасында “Эң мыкты медиа бурч” сынагы башталды. Бул туурасында билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматы боюнча, 2020-жылдын 20-сентябрдан 25-октябрь аралыгында “ММК колдоо борбору” Фонду Кыргызстандын туш тарабындагы мугалимдеринин Facebook, Instagram баракчаларына жана Youtube-каналдарына (медиабурч) кароо өткөрөт. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/165805_vkyirgyizstane_startoval_konkurs_sredi_shkol_naluchshuyu_stranitsu_vsotssetyah/
Казакстанда программалоого окута турган акысыз платформа ишке киргизилди. lrn.dev сайтында ар кандай оюндардын тиркемелерин, сайттарды иштеп чыгууга жардам бере турган алгоритмдерди түзүү боюнча сабактар жайгаштырылган. Кененирээк: https://informburo.kz/novosti/v-kazahstane-zapustili-besplatnuyu-platformu-dlya-obucheniya-programmirovaniyu.html
Кыргызстанда ыктыярчылардын тобу Khan Academy сайтындагы дүйнөлүк билим берүү курстарын жана STEM-багытындагы видеолорду кыргыз тилине которуп башташты. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/165550_obrazovatelnyie_kursyi_sayta_Khan_Academy_teper_dostupnyi_nakyirgyizskom_yazyike/
Кыргызстанда Илимдеги кыздар» — «Девочки в науке» долбоору ишке кирди. Долбоордун алкагында өспүрүм кыздарга STEM багыты боюнча (илим, технология, инженерия жана математика) билим алууга жана жакшы төлөнө турган жумушка ээ болууга көмөк көрсөтүлөт. Долбоорго социалдык аялуу катмардагы үй-бүлөлөрдөн, элеттик райондордон жана Бишкек, Ош, Чүй облустарындагы ички мигранттардан 15-18 жаштагы 30 миң өспүрүм кыздарды тартуу болжонууда. Кененирээк: https://24.kg/obschestvo/165376_vkyirgyizstane_zapustili_proekt_ilimdegi_kyizdar_devochki_vnauke/
Орус класстарын жабуу, мектептердеги текшерүүлөр, орус тилинде сүйлөшүүгө тыюу салуу. Түркмөнстандын мектептеринде эмне болуп жатат? Жообу бул шилтемеде: https://rus.azathabar.com/a/30841400.html
Пандемия
2020-жылдын 1-октябрынан тартып Өзбекстанга кирүү жана чыгуу, аба каттамдары, темир жол жана автомобилдик өткөрүү пунктарын ачууга уруксат берилди. Буга чейин киргизилген четөөлөр алынууда. Кененирээк: https://nuz.uz/obschestvo/1172180-s-1-oktyabrya-razreshaetsya-vezd-vyezd-v-uzbekistan-na-vseh-vidah-transporta.html
Жаңылыктарды аягына чейин окуп чыкканыңарга чоң рахмат!
Келерки аптага чейин!
P.S. Командага колдоо көрсөт! Лайк бас жана Qlever сайтында ойно!