Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

“Илимдеги кыздар” – STEM чөйрөсүндө кыздардын потенциалын күчөтүү

17.09.2020 • 07:35

"Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмеси Кыргызстандагы БУУнун Балдар Фондусунун (ЮНИСЕФ) каржылык колдоосу менен "Илимдеги кыздар" долбоорун баштайт. Бул тууралуу   Kaktus.media  маалымат порталы билдирди.

Кыргызстандын "Пекин + 25" (2019)  Улуттук сурамжылоосунун маалыматы боюнча, аялдар гуманитардык (86,6%), саламаттыкты сактоо жана социалдык илимдер (74,8%) адистиктерин тандашат, эркектер илимий-техникалык багыттардагы адистиктерге артыкчылык беришет (91%). Көптөгөн факторлордон улам, Кыргызстандагы кыздарда илим жана техника жаатында кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу жана жакшы акы төлөнүүчү жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү өспүрүм эркек балдарга салыштырмалуу аз.

Демек,  “Илимдеги кыздар” долбоорунун негизги максаты - Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Чүй облусунун социалдык жактан аялуу үй-бүлөлөрдөн, айыл аймактарынан, 15-18 жаштагы кыздардын карьералык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн STEM (илим, технология, инженерия жана математика) чөйрөсүндө потенциалын чыңдоо .

3 жылдык долбоордун алкагында "Тең-теңине" методу боюнча тренингдер, "Илим дүйнөсүнө алгачкы кадамдар" лагерлери, STEM ойлоп табуулар боюнча чемпионаттар жана бизнес компанияларга экскурсиялар уюштурулат.

Бул долбоордогу бардык басылмаларды төмөнкү хештегдер аркылуу табууга болот:

#GirlsScience #IlimdegiKyzdar #GirlsinScience #Unicefkg # Балдарды коргоо борбору #CZD # IRO # tsiaucakg

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.