Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

"Сакта - Защити" Улуттук маалымат компаниясы

16.09.2020 • 07:02

2020-жылдын 10-сентябрында Кыргызстанда "Сакта - Защити" Улуттук маалымат компаниясы ишке кирди, бул тууралу Өкмөттүн  басма сөз кызматы билдирди.

"Сакта — Защити" кампаниясынын башталышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов жарандарга кайрылып, учурда оорулардын көрсөткүчү төмөн экендигин, бирок вирус дагы деле болсо арабызда экендигин жана аны жалпы күч-аракет жана жакшы тартип менен гана жеңүүгө болорун белгиледи.

“Улуттук маалыматтык кампания калкты ден соолукту коргоо чаралары, иммунитетти чыңдоо, коронавирустан кийинки калыбына келтирүү, айрыкча күз-кыш мезгилинде эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашын эске алуу менен калкты маалымдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин уландысы болуп саналат.”, -  Кубатбек Боронов

Компания  COVID-19дун терс таасири жөнүндө, анын ичинде коронавирус инфекциясынан сактануу жана пандемия учурунда жалган жаңылыктардын жайылышына каршы чараларды көрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.