Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Жаңы оюн! Brainy – эс-акылыңды Qlever менен бирге изилде🧠✨

13.12.2024 • 09:54

Brainy - бул сенин акылыңдын  тереңдигине саякат! Кыялыңдагы каармандар менен таанышып, өзүң жөнүндө көбүрөөк бил🌟.

Brainy′деги үч уникалдуу дүйнөнү изилде! Клиптик ой жүгүртүүнүн каарманы Макс менен тааныш - ал ыкчам, шамдагай жана бир аз унутчаак,  сен ага контенттин агымы менен иштөөгө жардам бересиң. Адаттан тыш нерселерге кызыгып, бирок логикалык каталардын тузагына көп түшкөн Алишер менен тааныш. Сен аны критикалык ой жүгүртүүгө үйрөтөсүң. Дагы, сени ал жакта    өзү ынанган нерсеге бекем ишенген,  бирок аларга жаңы көз караш менен кароого даяр Дина да күтүп жатат. Ага стереотиптерди кайрадан карап чыгууга жана өзгөрүүгө кадам таштоого жардам бер. Тапшырмаларды аткар, билим ал жана өнүгүүгө кадам ташта!

Qlever.asia сайтында Brainy оюнун ойноп, сенин  ойлоруңдун агымын  чынында  ким башкарып жатканын бил 😉

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.