Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Эмне үчүн даректи так көрсөтүш керек? 📍✉️

08.10.2024 • 09:39

Салам!

Акыркы убакта көптөгөн колдонуучулар байгелерди алууда дарегин так көрсөтүшпөй жатат. Мисалы, алар облусун, шаарын же негизи эле дарегин толтурбай  өткөрүп жиберишет.  Мисалы, сен фен утуп алгансың, ал эми жеткирүүдө жөн гана: “Тунгуч, Тунгуч” же “Элдик дүкөнү” деп жазып койгонсуң. Курьер байгени кайда жеткирээрин кайдан биле алат? 🤔 Албетте, ал сага чалып же жазышы мүмкүн, бирок бул кошумча убакытты талап кылат. ⏳

Биз толук даректи көрсөтүшүң керек болгон блокту кошконубуз бекеринен эмес. Туура толтуруунун мисалы: “Баткен облусу, Кызыл-Кыя ш. Түндүк көч., 100, 4-батир”. Комментарийде сен үйдө жок болуп калсаң же жеткиликсиз болуп калсаң, кошумча телефон номерин, ошондой эле, мисалы, байге кийим болсо, анын өлчөмүн көрсөтсөң болот. 👕

Эгерде сен жок болуп калсаң же дарек туура эмес көрсөтүлсө, курьер байгени кайра Бишкекке кайтарууга аргасыз болот жана аны кайра алуу мүмкүн болбой калат. 🚫 Байге өз убагында жана көйгөйсүз жеткирилиши үчүн даректи толук жана так көрсөтүүнү унутпа! Бул сенин да, курьердин да убактысын үнөмдөйт. 🚚💨

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.