Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Тайм-менеджмент техникасы

24.09.2024 • 16:26

Тайм-менеджменттин кызыктуу, бирок эффективдүү ыкмаларынын бири – “Бака” 🐸, ал кызыктуу угулат жана эстеп калуу да оңой!

"Бака"  (же "Баканы жеп кой") ыкмасы 🐸🍽️

Бул ыкманы белгилүү бизнес-тренер Брайан Трейси сунуштаган.  "Бака" - бул эң оор жана жагымсыз иш, ошондуктан сен ал ишти такыр аткаргың келбейт.  Ыкманын маңызы ушунда.  Ал эми ыкманын идеясы – күндү так ушул “баканы” аткаруудан , башкача айтканда , эң татаал тапшырмандан баштоо.

Ал кандайча  иштейт? 1️⃣  Күндүн башында улам кийинкиге жылдыра берген же баштоодон корккон  негизги тапшырманы танда. Бул сенин "бакаң". 🐸

 2️⃣ Энергияң көп болуп турганда аны аткарыла турган иштердин тизмесинде биринчи кыл. 🔋

 3️⃣ "Баканы" жегенден кийин (тапшырма аткарылды) сен өзүңдү эң оор жүктөн арылтып, калган иштериңди оңой эле аткарып коесуң.

Бул эмне үчүн иштейт?

  • Оор иштер пайда кылган тынчсыздануу сезиминен арыласың.
  • “Баканы” аткаргандан  кийин сенде өзүңө канааттануу сезими пайда болуп, күндүн калган бөлүгүнө  мотивация аласың. 💪
  • Энергия жумушту улам кийинкиге жылдыра берүүдөн текке кетпейт.

Идея эң жөнөкөй: "Адегенде өзүңдүн бакаңды же, анан күнүң жеңил болот!" 🍴🐸

 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.