
Товар менен түшкөн сүрөттү Телеграм чат-ботуна кантип жөнөтүү керек: нускама
03.09.2024 • 20:18Салам кымбаттуу досум! ?
Биз ар бир колдонуучуга товарды алгандан кийин жеткирүүнү ырастоо үчүн жеке сүрөт керек экендигин эскертебиз ?️ Сенин макулдугуң менен сүрөттү социалдык тармактарга жүктөшүбүз мүмкүн. Эгер сен аны коомчулукка жарыялоону каалабасаң, анда сүрөт ички отчеттуулук үчүн гана колдонулат. ?
⚠️ МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮ: Сатып алган товар менен түшкөн сүрөтүңдү жөнөтмөйүнчө, кийинки жолу бирдиктерди же товарларды ала албайсың❗
Сүрөттү кантип туура жөнөтүү керек?
- Курьерден товарды алгандан кийин аны менен сүрөткө түш, бул сүрөттө сен дагы, товар дагы көрүнгүдөй болуш керек. Мисалы, футболканы ? кийип же колуңа кулакчынды ? кармап түшсөң болот. Бир гана товардын сүрөтүн жөнөтүүнүн кереги жок!
- Телеграмды ачып, издөө талаачасына “QleverKG_bot” деп жаз. ? Эгерде сен ботту таба албасаң, шилтемени биздин платформадагы "Кайтарым байланыш" бөлүмүнөн тапсаң болот. Ботту ачып, кыстыргычты? басып, сүрөттү танда да жөнөт.
- Администратор сүрөт кимге таандык экенин билиши үчүн аты-жөнүңдү толук көрсөтүүнү унутпа. Паспортуңдун жана башка жеке документтериңдин, ошондой эле алган бирдигиңдин сүрөттөрүн жөнөтүүнүн кереги жок.
? Ошондой эле WhatsApp′ка сүрөт жөнөтүүнүн же жазуунун кереги жок.
Мына ушундай! ? Баары оңой жана жөнөкөй. Биздин шарттарды аткарганың үчүн рахмат жана байгелерди алууда ийгилик каалайбыз! ??