Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Өз алдынча билим алуу деген эмне? ?

11.07.2024 • 05:51

Салам! ?

Мурда мындай болгон: кандайдыр бир нерсени - мейли тил, жаңы көндүмдөр же кесип  болобу,  бир нерсени үйрөнүү үчүн сөзсүз түрдө мугалим керек болчу. Азыр дүйнө ушунчалык тез өзгөрүп жаткандыктан, мектепте же университетте окуу жетишсиз. Ошондуктан,  өз алдынча окууга жөндөмдүү болуу керек.

Бул эмнени билдирет?

Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул  үйрөнгүң келген нерсени тандап, керектүү материалдарды (китептерди, видеолорду, курстарды ж.б.) ??? таап, эч кимдин жардамысыз өзүңө ыңгайлуу убакта окуу.

Бул эмне үчүн керек?

Жашоодо жана жумушта сени  эмне кызыктырарын түшүнүү үчүн өз алдынча окуу керек. ?? Бул сага өнүгүүгө, акылдуу болууга жана жасай турган жумуштарды жакшыраак  аткарууга жардам берет. Сен ийкемдүү жана жоопкерчиликтүү болосуң. Артыкчылыктары көп!?

Окей, бул эмне экенин түшүндүк, бирок өзүңдү кантип шыктандыруу керек??

Бул эмне үчүн сага  керек  -  так максат кой, анткени ансыз мааниси  жана каалоо жоголот.? Бул процессти кызыктуу кыл: өзүңдү ашыкча жүктөбө, тескерисинче, баарын майда бөлүкчөлөргө бөлүп ал.?

Анан дагы  тартип. Ансыз алыс кете албайсың⏰

Бардык сырлар мына ушунда? Ооба, Qlever платформасы да өз алдынча үйрөнүү үчүн курал. ? Оюндар сага медиа сабаттуу болууга, маалыматты жакшыраак түшүнүүгө жана критикалык ой жүгүртүүгө жардам берет, андыктан сен  аны жакшы түшүнүп ойноп жатасың деп ишенебиз ?

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.