Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Борбор Азия жаңылыктар түрмөгү: 8 - 14 сентябрь, 2020-ж.

14.09.2020 • 18:25

Билим берүу

Тажикстан калкынын сабаттуулугу соңку жылдары кескин төмөндөдү деп эсептешет жергиликтүү эксперттер. Бийлик өкүлдөрү болсо өз кезегинде, өлкө калкы тегиз сабаттуу деп билдиришет. Кененирээк: https://rus.ozodi.org/a/30827790.html

Социум

Тажикстанда быйылкы эл жана турак-жай фондун каттоодо үч метод колдонулат – интернет-сурамжылоо, планшет колдонуу менен сурамжылоо жана салттуу кагаз жүзүндөгү каттоо, деп билдирет республика президентинин алдындагы статистика Агенттиги. Кененирээк: https://asiaplustj.info/ru/news/tajikistan/society/20200911/v-tadzhikistane-vpervie-provedut-tsifrovuyu-perepis-naseleniya

Өзбекстанда жакында Nike жана Adidas спорт бут кийимдерин чыгарыла баштайт, бл туурасында «Узчармсаноат» ассоцациясынын төрагасы Фахриддин Бобоев интервью учурунда билдирди. Кененирээк: https://nuz.uz/sport/1171219-v-uzbekistane-nachnut-proizvodstvo-krossovok-nike-i-adidas.html

Кыргызстандыктар эми жумушсуздук боюнча учетко үйүнөн чыкпай эле тура алат. Эмгек министрлиги иштеп чыккан потрталынан, мындан тышкары жумуш ордун сунуштаган уюмдардын тизмесин да табууга жана жумуш издеп арыз берүүгө да болот. Кененирээк: https://ru.sputnik.kg/society/20200913/1049598257/kyrgyzstan-bishkek-bezrabotitsa-uchet-rabota.html

Казахстан өкмөтү чет өлкөлүктөр үчүн өлкө аймагында болууга уруксат берилген мөөнөттү 2020-жылдын 1-ноябрына чейин жылдырды, анткени эл аралык авиа каттамдар ачыла элек болгондуктан алар өлкөдөн чыгып кете албай жатышат. Кененирээк: https://www.zakon.kz/5039392-inostrantsam-prodlili-srok-prebyvaniya.html

Медиа

Өзбекстанда жалаа беренеси боюнча кылмыш жоопкерчилигин жоюп, мамлекеттик органдар үчүн фактыларды бурмалаганы үчүн, журналисттерге кысым көрсөткөнү үчүн жопкерчилик киргизүү пландалып жатат. Кененирээк: https://podrobno.uz/cat/obchestvo/v-uzbekistane-planiruyut-otmenit-ugolovnoe-nakazanie-za-klevetu-i-vvesti-dlya-gosorganov-otvetstvenn/

Түркмөнстан башчысы Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттөгү күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр туурасында эскертти. Бердымухамедов өкмөт мүчөлөрүн мамлекеттик ММКларда «өлкө жетишкендиктерин» чагылдыра албаганы үчүн жана «экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө» чабалдыгы үчүн сынга алды. Кененирээк: https://rus.azathabar.com/a/30827053.html

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.