Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Зомби-фейктер

04.08.2020 • 13:39

Зомби-фейктер

Кимдир бирөө атайлап жаңылыкты, фактыны же башка каалаган маалыматты өзгөрткөндө фейк пайда болот. Фейктер ар кандай формада болушу мүмкүн – текст, видео, фото, аудио-фейктер (Factcheck.kz, 2019).

А силер билесиңерби, интернетте же башка медиада пайда болгон унутта калган фейктер зомби-фейктер деп аталат (Factcheck.kz, 2019). Мындай фейктер кайдан-жайдан экени белгисиз пайда болушу мүмкүн, же белгилүү бир датага, окуяга же жаңы пайда болгон көйгөйгө байланыштуу чыгышы мүмкүн. Алар мессенжерлер аркылуу активдүү түрдө таркатылып, күтүлбөгөн жерден популярдуу болуп кетиши мүмкүн. 

Мисалы, эң белгилүү зомби-фейктердин бири дүйнө жүзү боюнча тараган парацетамол өлүмгө алып келген коркунучтуу дары деген билдирүүлөр болуп эсептелет. Бул фейк 2015-жылдан бери бизге кайра-кайра кайталап келе берет -  бир туруп тамблеткада уулу зым бар дешсе, бирде анда «Мачупо» вирусу бар экени айтылат. Жыл башында бул фейк Борбор Азиянын  Whatsapp мессенжеринде популярдуу болгон.  
BRYCA долбоорунун өнөктөштөрүнүн бири, Казакстандагы MediaNet  эл аралык журналистика борбору улам-улам кайталанып турган зомби-фейктердин топтомун түзүп чыккан, алардын арасында Ремарк жана Хаямга тиешелүү кылып айтылган фейк-цитаталар, жалгыз каштуу иран ханбийке туурасында миф, Анжела Меркель (Германиянын премьер-министри) менен Тереза Мейдин (Британиянын мурдагы премьер-мнистри) бала кезиндеги фейк сүрөттөрү ж.б. көп фейктер бар (Factcheck.kz, 2018). 

Колдонулган булактар:

Factcheck.kz, 2019. Фактчекер сөздүгү, 2020-ж. 28-июлунда алынды:https://factcheck.kz/glavnoe/slovar-faktchekera/ 

Factcheck.kz, 2018. Зомби-фейктер: кээде алар кайтып келишет, 2020-ж. 28-июлунда алынды :https://factcheck.kz/sluxi/zombi-fejki-inogda-oni-vozvrashchayutsya/ 

Материал BRYCA  долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу астында даярдалды. 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.