Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

“Кастык тили”: сексизм, гендердик стереотиптер жана клише

13.10.2020 • 09:12

Сексизм – бул гендердик толерантсыздыктын экстермисттик чагылдырылышы. Ал саясий мүнөздө болушу мүмкүн, жеке адамдын же адамдардын тобунун жүрүм-туруму аркылуу берилиши мүмкүн, мындай жүрүм-турумдар аялдардын кесиптик ишмердүүлүгүндө же коомдук жашоого катышууда  аялдар эркектерге караганда кемчил, же эркектер артыкчыл деген негизде аялдардын укуктарын басмырлоого багытталган. Жөнөкөй тил менен айтканда, сексизм – бул жынысына карата басмырлоо. Аталган термин 60-жылдары пайда болгон – Аялдардын куткаруу кыймылы жанданган кезде. Негизинен сексзим жөнүндө аялдардын укуктары бузулганда сөз кылынат, бирок эркектер да сексизмдин курмандыгы болушу ыктымал: мисалы, эркектерди гана күч менен аскерге кызмат өтөөгө чакыруу сексзим болуп саналат ялАдар аймрамы.

Сексизм коомдо калыптанып калган гендердик стереотиптердин негизинде пайда болот. Социалдык стереотиптердин негизин болсо жалпылоо, жөнөкөйлөштүрүү, жеке адамдын же коомдук тажрыйбаны бир жөнөкөйлөштүрүлгөн образга чейин схематизациялоо түзөт. Стереотиптин синоними болуп, көп учурда алдын ала ынанымдар, ишенимдер же клише эсептелет . 

Гендердик стереотиптер  - бул социалдык стереотиптердин бир түрү , ал аялдарга жана эркектерге тиешелүү деп коомдо кабыл алынып калган жүрүм-турумдарга жана башка гендердик түшүнүктөргө негизделет. “Аялдардыкы” жана “эркектердики” деп бөлүү – патриархалдык коомдогу кеңири тараган амал. Ал ортодо социологдор менен психологдор белгилеп келишкендей, мындай  бөлүштүрүү негизи туура эмес жана зыяндуу жана алардын айтымында, адамдын кулк-мүнөзү айлана-чөйрөнүн, маданияттын таасири астында жана жеке тажрыйбасына жараша калыптанат. Бирок, “аялдар үчүн гана” же “эркектер үчүн гана” деп белгилөө мурдагыдай эле бир катар адамдык сапаттарга таандык кылынып келет. 

Төмөндө коомдо кеңири белгилүү болгон жаңылыштыктар, анын ичинде медиа чөйрөлөрдө да ар кандай формада чагылдырылып жүргөн жаңылыштыктардын мисалдары келтирилди: 

  • Аялдар логикасы жана эркектердин логикасы
  • Эркектин күчү жана аялдын алсыздыгы
  • Аялдар эмоционалдуу жана эркектер кеменгер
  • Акылгөй
  • Эркектердин акылмандыгы жана аялдардын акылмандыгы
  • Көп сүйлөөктүк  жана момундук
  • Жоопкерчиликсиздик жана  инфантилизм
  • Сырдуулук жана бетке чабар
  • Марттык жана жана майдачылдык, сараңдык
  • Интригага жакын  жана  аял жандуу

Гендердик стереотиптердин негизин мизогиния түзгөн учурлар да көп. Мизогиния (грек тилинен - μῖσος - «жек көрүү» жана γυνή - «аял») – бул аялдарга карата жек көрүүчүлүк сезимди түшүндүргөн түшүнүк, же аялдарга карата алдын ала терс ынанымдарга ээ болуу. 

Илимий изилдөөлөр тастыктагандай, аялдар менен эркектердин мээсинин түзүлүшүндө өтө кескин айырмачылыктар жок болгону менен, коомдо аялдардын логикасы жана эркектердин логикасы деген түшүнүктөр жашап келет.  Төмөнкү сүрөттөмөлөрдү санап баштаганда эле, мисалы “болоттой мүнөз”, “темирдей билек”, “кең далы”, “селт этпеген каруу” – мээбизде дароо эркек адамдын элеси келет. Алсыздык, назиктик, жумшактык – бул мүнөздөмөлөрдүн баардыгын аялдарга тиешелүү сапат катары эсептешет. 

Маскулин (лат. тилинен  masculinus, эркектик, эркекке таандык) – эркекке мүнөздүү деп эсептелген дене түзүлүшүндөгү, психикалык жана жүрүм-турумдагы өзгөчөлүктөрдүн жыйындысы (б.а. эркекти аялдан же жаныбарлардын ургаачысын эркегинен ажырата турган сырткы келбет айырмачылыктры).

Фемина - аялзаттык, феминалык, назиктик (лат. femina – аял, ургаачы; англ. Femininity/feminity)

1. Салттуу түрдө аялдарга таандык кылынган психологиялык өзгөчөлүктөрдүн жыйындысы – жумшак мүнөздүү сапат, жардам берүүгө даярдык ж.б.

2. Аялзаты менен байланыштуу болгон мүнөздөмөлөр же коомдо аялдар ушундай болушу керек деп күтүлгөн жүрүм-турум формалары, же аялзатынын жан дүйнөсүнө таандык деп каралган социалдык жактан аныкталган айырмачылыктар.  

Жалпылоо жана стереотиптештирүү ярлык илүүгө алып келет. Ярлык – стереотип, клише, лакап ат деген түшүнүктөрдүн айланма синоними болуп саналат (адатта терс мааниде).

Кептик клише – сөз колдонуунун стандарттык үлгүлөрү, сөз айкаштары менен синтаксисттик түзүлүштөрдүн типтүү схемалары, ошондой эле белгилүү бир кырдаалдарда кептик жүрүм-турумдун жалпы моделдери.  

Идеологиялык клише (саясий, пропагандалык клише) – публицистикада, журналистикада, саясатчылар менен мамлекеттик кызматкерлердин эл алдында сүйлөгөн сөздөрүндө колдонула турган шаблонго айланган сөздөр. 

Психологиялык клише – ой жүгүртүүгө байланыштуу метафора.

Мисалы, аялдын түз айтылган “жок” дегени “ооба” дегенди түшүндүрөт деген психологиялык клише бир катар кооптуу бүтүмдөргө алып келиши мүмкүн, маселен, аялдын айткандарына көңүл бөлүү милдет эмес, ал эми алардын жок дегени эч кандай мааниге ээ эмес деген сыяктуу. 

Харассмент (Асылуу, тийишүү) – жеке жашоо кол тийбестигин буза турган же ыңгайсыздык жарата турган зыяндуу жүрүм-турум. Мындай жүрүм-турум түз же кыйыр түрдө айтылган сөз түрүндөгү мазактоо, коркутуу-үркүтүү, жагымсыз эскертүү, орой тамаша, кааланбаган кат же телефон чалуу, ар-намысына шек келтире турган же басмырлай турган сүрөттөрдү көрсөтүү, уятсыз кыймыл-аракет, адепсиз сылап-сыйпоо, чымчуу же согуу, кол  салуу жана башка формада болушу мүмкүн. 

Эгерде сиз мындай фразаларды айтсаңыз же уксаңыз:
"Таң калыштуусу, аял үчүн жакшы иштеп жатасыз ..."
"Соонун ... (мындан ары дененин кайсы бир бөлүгүнүн аталышы) го"
-Мен ушундай экениме кудайга ыраазычылык билдиришиң керек ...
"Сенин денең / кийимиң / сырткы келбетиң мени адаштырат, алаксытат"
Сен кызсың, сен ...
Тийбе, колуңан келбейь! (жана ушул сыяктуу башка тамашалар)
Бул аялдын иши эмес! Лидер, хирург, президент, сынчы, архитектор, учкуч, акын болуу ...

Бул сексизмдин көрүнүшү экендигин билип алыңыз.

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.