Виктимблейминг. Бул сөз окуу китебинен алынган терминдей угулат, бирок чындыгында бул көрүнүш биздин коомдо терең тамыр жайган. Социалдык тармактардагы комментарийлерден “Эмне үчүн түнкүсүн көчөгө чыгат?”, “Өзү ошого жеткирди да”, “Тилин тартпайт беле”, “Эмне үчүн ушунча жыл чыдап жүрдү”, "Ал өзү күнөөлүү" деген сөздөрдү канчалык көп кездештиресиңер?
Виктимблейминг деген эмне?
Виктимблейминг - бул жабырлануучунун өзүн зордук-зомбулук же кылмыш үчүн айыптоо. Булар кылмышкерди күнөөлөгөндүн ордуна, зордук-зомбулукка кабылган адамды күнөөлөп, кылмышкерди актоо аракети.
Тарыхы
"Виктимблейминг" термини Уильям Райандын 1971-жылы чыккан "Жабырлануучуну күнөөлөө" (Blaming the Victim) китебинде пайда болгон. Райан коом расизмдин жана жакырчылыктын курмандыктарын, мисалы, жакыр райондордо жашаган афроамерикалыктардын көйгөйлөрү үчүн өздөрүн күнөөлөп жатканын изилдейт. Ал бул көрүнүштү "жабырлануучуну айыптоо" деп сындап, коомго системалуу көйгөйлөр үчүн жоопкерчиликтен качууга мүмкүндүк берет деп ырастайт.
Райандын китеби социалдык психологияга жана критикалык теорияга олуттуу салым кошуп, эзүүнүн курмандыктары алардын абалы үчүн кантип айыпталып жатканын көрсөткөн. Анын тыянактары сексуалдык зомбулуктун курмандыктарын айыптоо сыяктуу виктимблеймингдин башка түрлөрүнө да тиешелүү.
Бирок, виктимблейминг муну менен эле чектелбейт. Аны мектептеги буллингден баштап көчөдөгү тоноолорго чейинки ар кандай кырдаалдарда көрүүгө болот.
Виктимблейминг азыркы заманда
Кылмыштарды чагылдырууда жалпыга маалымат каражаттары, өзгөчө телекөрсөтүүлөр өздөрүнүн рейтингин жогорулатуу үчүн зордук-зомбулуктан жана оор кылмыштардан жабыркагандардын жүрүм-турумун кылдаттык менен талдашат. Жабырлануучулардын жеке жашоосуна кол тийбестик принциби бузулуп, аларды терс мүнөздөгөн фактылар, сүрөттөр жана ушак-айыңдар кеңири таратылууда.
Кээде соттук териштирүүдө жабырлануучунун «виктимдүү жүрүм-турум» деп аталган, коом тарабынан коркунучтуу, кабыл алынгыс, адеп-ахлаксыз деп эсептелген сөздөрү, аракеттери, аракетсиздиги жана жаңсоолору да эске алынат.
Виктимблейминг үй-бүлөлүк талаш-тартыштардан тарта соттук териштирүүгө чейин жашоонун бардык тармагында кездешет. Өзгөчө жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштын курмандыктары экинчи жолу кайталануучу виктимизацияга дуушар болуу ыктымалдыгы жогору. Мисалы, Борбор Азияда виктимблейминг көбүнчө зомбулуктун курмандыгы болгондордун кийими же жүрүм-туруму менен байланыштуу.
Виктимблеймингдин себептери
Бир жагынан алганда, бул психологиялык аспектилери болуп саналат: адамдар көп учурда өз жашоосун көзөмөлдөө иллюзиясын сактап калуу үчүн жабырлануучунун жүрүм-турумунда болгон себептерди издешет. Экинчи жагынан, социалдык жана маданий факторлор абдан чоң роль ойнойт: биз жашап жаткан коом жана маданият жабырлануучуларга болгон мамилебизге таасир этүүчү стереотиптерди жана бир жактуулуктарды жаратышы мүмкүн.
Борбордук Азия өлкөлөрүндө жабырлануучуларды күнөөлөөгө өбөлгө түзгөн бир катар стереотиптер жана маданий мамилелер бар:
Үй-бүлөдөгү ролдор жөнүндө гендердик стереотиптер жана патриархалдык нормалар.
"Келин жаман эимес, алган жери жаман", “Келинди башынан эле үйрөтүп алыш керек” “Жаңы чоң үй-бүлөдө келин суудай сиңип, таштай катыш керек”, “Келин өзүнө эмес, күйөөсүнүн туугандарына жагыш үчүн турумушка чыгыт”, “Бир туугандардын урушуна аялдары күнөөлүү” деген сыяктуу макал-лакаптар аялдар никеге тургандан баштап эле аларды душман кылып, үй-бүлөдөгү көйгөйлөр үчүн аларды жоопкерчиликке тартышат.
Аймактарда аялдардын ролу жөнүндөгү патриархалдык түшүнүктөр терең тамыр жайган.
- Аял жакшы жар жана эне болушу керек, үй-жайын карап, балдарын тарбиялашы керек, анын карьерасы жана билим алуусу анча маанилүү эмес.
- Аялдын сырткы көрүнүшү жана жүрүм-туруму зордук-зомбулукка "себеп" деп эсептелгендиктен, өзүн таза жана жөнөкөй алып жүрүүсү күтүлөт.
- Аял эркектин менчиги катары кабылданат – адегенде атасынын, анан күйөөсүнүн. Аялдын пикири, каалоосу көп учурда этибарга алынбай, ал үй-бүлө башчысына баш ийиши керек.
- Аялдарга коомдо баш ийген роль аныкталган, алар эркектердин иштерине кийлигишпеши жана жетекчилик кызматтарды ээлебеши керек.
- Үй-бүлөдөгү зомбулук учурларында коом аялды күнөөлөп, үй-бүлөнү сактап калуу үчүн чыдаш керек деп эсептейт, ал эми жабырлануучулар көп учурда колдоо таппайт.
Сексуалдык зомбулуктун курмандыктары жүрүм-туруму же кийими менен кылмышкерди азгырат, ошондуктан өздөрү күнөөлүү деген жалпы ишеним бар. Алардын моралдык жүрүм-туруму жана жыныстык жашоосу айпталат.
Аялдардын физикалык алсыздыгы жөнүндө стереотиптер.
Кыздардын физикалык алсыздыгы аларга карата жасалган зомбулукту актайт деген пикирлер бар. Сурамжылоого ылайык, Өзбекстандын калкынын басымдуу бөлүгү зордук-зомбулукка кыздардын өздөрү күнөөлүү, алсыздыгы үчүн өздөрүн коргой билиши керек деп эсептейт жана жабырлануучу өзү каршылык көрсөткөн эмес деп айыптап жатканын угууга болот.
Виктимблеймингге таасир этүүчү социалдык факторлор
● Адилеттүү дүйнө гипотезасы
Дүйнө адилеттүү, жакшы адамдар жакшы, жаман адамдар жаман нерсеге дуушар болот деп ишенген адамдар жабырлануучуларды күнөөлөшөт. Бул аларга жоопкерчиликти жабырлануучуга оодарып, дүйнөнүн адилеттүүлүгүнө ишенимди сактоого мүмкүндүк берет.
● Атрибуция катасы
Адамдар жабырлануучунун "ички кемчиликтерин" көрүп, жеке сапаттарын ашыкча баалашат жана кырдаалдык факторлорду көңүл сыртында калтырып коюшат.
● Кол тийбестик теориясы
Жабырлануучуну күнөөлөп коюу адамдарга бул нерсе алардын башына келбей турганына ынандыруу менен өздөрүн кол тийбес сезүүгө жардам берет.
● Зордуктоо маданияты
Сексуалдык зомбулук кеңири жайылган жана нормалдаштырылган чөйрө виктимблеймингге түрткү берет. Бул кылмышкерлерге айыпты жабырлануучуга оодарып, жоопкерчиликтен качууга мүмкүндүк берет.
● Маалыматтын жетишсиздиги
Кылмыштардын жана жаракаттардын мүнөзү, ошондой эле жабырлануучулардын реакциялары жөнүндө маалыматтын жоктугу туура эмес тыянак чыгарууга жана жабырлануучуну күнөөлөөгө алып келиши мүмкүн.
Виктимблейминг кесепеттери
Виктимблейминг кеңири масштабдуу кесепеттерге алып келет:
● үй-бүлөнү сактоо жана "сабырды" биринчи орунга койгон салттуу баалуулуктар,
● күйөөлөрүнөн экономикалык жактан көз карандылык жана социалдык басым,
Көпчүлүк учурларда аялдар зордук-зомбулукка кабылганда, алар жөн эле барар жери жана жашоого каражаты жок – алар каржылык жактан алсыз жана күйөөсүнө жана/же башка туугандарына көз каранды. Дагы, кээ бир төркүндөр кыздарды кайра кабыл алууну каалабагандыгын да түшүндүрүшү мүмкүн.
Айыпталуудан корккон аялдардын көбү зордук-зомбулук фактылары тууралуу билдиришпейт.
Виктимблейминг жабырлануучунун психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизип, күнөөлүү жана уялуу сезимдерин күчөтүшү мүмкүн. Мындан тышкары, ал жабырлануучу жана кылмышкер үчүн социалдык жана укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн, ошондой эле коомдук пикирди жана маданиятты калыптандырат.
Виктимблеймингдин алдын алыш үчүн эмне кылуу керек?
Ар дайым бул аксиомаларды эстен чыгарбоо керек:
● Жабырлануучу эч нерсеге күнөөлүү эмес.
● Зордук-зомбулук зордукчуда жашайт. Зордук-зомбулукка эч кандай актоо жок.
● Зордук-зомбулукка жол берилбейт.
● Зордук-зомбулук кылган адам ар дайым күнөөлүү.
● Зордук-зомбулук көрсөткөн адамда ар дайым зордук-зомбулук көрсөтүүнү же көйгөйдү адекваттуу жол менен чечүүнү тандап алуу мүмкүнчүлүгү болгон, бирок ал зомбулукту тандап алган.
● Зордук-зомбулук жазага татыктуу жана жабырлануучу колдоого муктаж.
Виктимблеймингге каршы күрөшкө кандай салым кошо аласың?
1. Зордук-зомбулукка кабылгандарды күнөөлөбө. "Бул өзүңдүн күнөөң", "Сен провокация кылбашың керек болчу", "Эмнени ойлодуң эле" деген сыяктуу сөз айкаштарынан алыс бол. Эсиңде болсун, жабырлануучу эч качан күнөөлүү эмес –ар дайым зомбулукту жасаган адам күнөөлүү.
2. Жабыркагандарга колдоо көрсөтүү. Зордук-зомбулуктун курмандыктарын алар күнөөлүү эмес деген көз карашты бөлүшө ала турган жана туура жол менен колдоо көрсөткөн адамдар менен курча. Бул айыптоо жана кайра травматизацияга каршы туруу үчүн маанилүү.
3. ЖМКдагы виктимблеймингге каршы туруу. Рейтингди жогорулатуу үчүн зордук-зомбулукка кабылгандардын жүрүм-турумун кылдат талдоочу телеберүүлөрдө, макалаларда жана программаларда жабырлануучуну күнөөлөгөн учурларга көңүл бур. Арыздарды жана нааразычылык каттарын жаз.
4. Башкаларды үйрөтүү. Виктимблейминг көйгөйү, анын себептери жана кесепеттери жөнүндө досторуңа жана тааныштарыңа айтып бер. Жабырлануучуну айыптоо эмне үчүн туура эмес жана зыяндуу экенин түшүндүр.
5. Өзүңдүн бейкалыстыгың менен иште. Зордук-зомбулук окуяларына карата оюңду жана реакцияңды талда, жабырлануучуну күнөөлөгөндөн жана адилеттүү дүйнөгө ишенүүдөн алыс бол.
Виктимблейминг менен күрөшүү зордук-зомбулуктун акталгыс экенин жана жабырлануучуну айыптоо чечим эмес экенин түшүнүүдөн башталат. Ошондуктан биз "Stop Harassment" оюнун түздүк, анда мындай зордук-зомбулукка кабылган кыздар менен аялдардын сезимдерин жакшыраак түшүнө аласың.
“My business.KG” оюнунан ошондой эле аялдар жана кыздар, анын ичинде өзгөчө аялуу топтордун өкүлдөрү кандай көйгөйлөргө туш болуп жатканын, максаттарына жетүү жана кыялдарын ишке ашыруу үчүн алар кандай кыйынчылыктардан өтүп жатканын биле аласың.
Бул оюндарда сен ошондой эле виктимблейминг жөнүндө кененирээк билип, теманы жакшыраак түшүнүп, жабырлануучуларды күнөөлөгөндүн ордуна аларга”колдоо көрсөтүүнү үйрөнөсүң.
Келгиле, виктимблеймингди чогуу токтотолу!