«Компьютердик вирустар (computer viruses)» деген термин адатта бардык эле зыяндуу программалардын түрлөрүнө карата колдонула берет, бирок бул анча туура болбойт. Компьютердик вирустарды кандай платформага багытталганы жана кандай операциялык система үчүн (Microsoft, Windows, Linux ж.б.) жазылганына карата түрлөргө бөлүүгө болот, мындан тышкары, жугузуу объектисине жараша (жүктөгүч, файлдык, скрипттик), колдонгон технологиясы жана программалоо тили боюнча да бөлүнөт.
Ошондой эле вирустарды аракеттенүү амалына карата да бөлүүгө болот:
Кайра жазгычтар. Мындай «инфекциялар» түп нускадагы программалык коддун ордуна файлдын атын өзгөртпөй туруп өзүн жаздырып коет. Натыйжада жуктурган тиркеме иштебей калат, анын ордуна зыяндуу программа аткарылып баштайт.
Паразиттик. Бул вирустар өзүнүн кодун аткарылып жаткан файлдын каалаган жерине жаздырып коет. Жугузуп алган программа толугу менен иштебей калат же жарым-жартылай гана иштейт.
Компаньон-вирустар. Көчүрүп алгандан кийин алар файлдын атын өзгөртүп же файлдын түп нускасын башка жакка салып коюшат. Натыйжада легитимдүү программа иштей берет, бирок вирустун кодун аткаргандан кийин.
Звено-вирустар. Мындай зыяндуу код программалык камсыздандыруунун жайгашкан дарегин өзүнүкүнө алмаштырып коет. Ушундай жол менен ал операциялык системаны башка тиркемелердин кодун өзгөртпөй туруп вирусту жандырууга мажбур кылат.
Деструктивдүү вирустар. Булардын катарына баштапкы программанын коддорун иштетпей салуу максатында аларды бузган зыяндуу объектилерди кошууга болот.
Компьютердик системаларга файлдык вирустарды жугузуунун бир нече негизги жолдору:
Сырткы ташыгычтар. Бул мурдатан даярдалган дискета, оптикалык диск, USB-флешка болушу мүмкүн. Дискеталар бүгүнкү күндө актуалдуу эмес, бирок кооптуу маалымат ташыгычтардын катарын уюлдук телефондор, смартфондор, санариптик фотоаппараттар, видеокамералар жана плеерлер толуктады.
Локалдык тармактар аркылуу. Вирус файлдык серверге түшкөндөн кийин тез арада башка компьютерлерге тарайт.
Булагы: https://www.anti-malware.ru/threats/computer-viruses