Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кастык тили үчүн кылмыш жоопкерчилик

30.09.2020 • 07:54

Жек көрүү кылмышы масс-медианын көңүлү ага бурулган учурларда өтө чуулгандуу көрүнушкө айланат, бул чабуулга кабылган топтордун, адамдардын өзүлөрүн жаман сезишине алып келет. Ошондой эле мунун кесепетинен масштабдуу социалдык чыр-чатактар жана саясий туруксуздуктар орун алышы мүмкүн, бул кандай мамлекет болбосун өтө маанилүү маселе, ал эми тарыхый жактан алганда аз убакыт мурда туруксуздуктар орун алып, этнодиний боёкко боёлгон куралдуу чыр-чатактарды башынан кечирген мамлекет үчүн өзгөчө маанилүү.  (Александр, 2015). 

Бул макалада силер Борбор Азияда кастык тили, калктын кайсы бир тобун басмырлоо же калк ичинде кастыкты, ажырымды жаратуу үчүн кандай кылмыш жоопкерчиликтери каралганын биле аласыңар. 

Кыргызстандын Конституциясы улуттук, этникалык, расалык, диний жек көрүүчүлүктү, дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка чакырган гендердик же башка социалдык артыкчылыктарды пропагандалоого тыюу салат (Юстиция министрлигинин сайты, 2020). 

Улут аралык ажырымды жарата турган бардык публикациялар, билдирүүлөр жана башка аракеттер үчүн КРнын Кылмыш кодексинин «Расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты жаратуу» боюнча 313-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралган. Жалпыга ачык түрдө, маассалык мааалымат каражаттарын пайдалануу менен же Интернет аркылуу расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты жаратууга багытталган аракеттер, улуттук кадыр-баркты басынтуу, ошол сыяктуу эле адамдардын диний, улуттук жана расалык өзгөчөлүктөрүнө карата алардын артыкчылыктарын же толук кандуу эместиктерин пропагандалоо үчүн жашы жете элек балдарга 2 жыл 6 айдан 4 жылга чейин, башка жеке адамдар үчүн 5 жылдан 7 жыл 6 айга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилет. 

Ошондой эле аракетттер адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирбеген зордук-зомбулуктар менен коштолсо, же бул боюнча коркутуулар адамдардын тобунун алдын ала кутуму менен жасалган учурларда жашы жете элек балдар үчүн 4 жылдан 6 жылга чейин, башка жеке адамдарга 7 жыл 6 айдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.  (Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодекси, 2020)

Маселен, үстүбүздөгү жылдын февраль айында блогер Эльмир Сыдыман өзүнүн Instagram баракчасындагы түз эфирде түштүк региондорун өнүкпөгөн, артта калган деп атаган. Мындай билдирүүлөр аны КРнын Кылмыш кодексинин 313-беренеси боюнча шектүү катары кармоого себеп болуп берди.  (Кактус Медиа, 2020).

Казакстанда да соцтармактардагы комментарий үчүн сот ишине гана тартылбастан, РКнын Кылмыш кодексинин 174-беренесине ылайык абак мөөнөтүн алууга болот. Мындай аракеттер үчүн 2 жылдан 7 жылга чейин эркиндигин чектөө же эркинен ажыратуу жазасы берилет (Цой, 2017).

Өзбекстанда да ушуга окшош берене бар, Кылмыш кодексинин 156-беренеси: улуттук, расалык, этникалык жана диний кастыкты пропаганда кылган материалдарды даярдоо, сактоо же таркатуу аракеттери ушул эле аракеттер үчүн административдик жаза берилгенден кийин дагы жасалса 133,8 млн.сум айып салынат же 3 жылга жумуштарга тартылат же болбосо 1 жылдан 3 жылга чейин эркиндигин чектөө, же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилет (Өзбекстан Республикасынын Кылмыш кодекси, 2020) 

Тажикстанда да мазмуну ушул сыяктуу берене иштейт. 189-беренеге ылайык, мындай аракеттер үчүн 5 жылга чейин эркиндигин чектөө же ушундай эле мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы берилет. Эгер мындай жосундар дагы кайталана турган болсо, же зомбулук менен коштолсо, зордук-зомбулук көрсөтүүгө коркутуу-үркүтүү болсо, кызмат абалынан пайдаланып жасалса, же адамдардын тобу аркылуу алдын ала кутум менен жасалса, 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат жана кандайдыр бир кызмат ордун ээлөө укугунан да ажыратылат же белгилүү бир ишмердүүлүктүн түрү менен 5 жылга чейин алектене албайт. 

Эгер мындай аракеттер уюшулган топ тарабынан жасалса, кокустук менен адам өлүмүнө алып келсе же башка оор кесепеттер орун алса, жаранды туруктуу жашаган ордунан күч менен сүрүп чыгарышса, же коркунучтуу же өтө коркунучтуу жосундар кайталанып жасалса 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилет, муну менен кандайдыр бир кызмат ордун ээлөө укугунан да ажыратылат же белгилүү бир ишмердүүлүктүн түрү менен 5 жылга чейин алектене албайт (Тажикстандыын Кылмыш кодекси, 2020)

Адам укугу жана мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча Бюронун айтымында, Тажикстанда 16-апрелде Душанбе шаарынын Шохмансур райондук соту тарабынан көз карандысыз журналист Далер Шарипов Кылмыш кодексинин 189-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде «диний кастыкты жаратканы» үчүн 1 жылга эркинен ажыратылган. Жарандык коом уюмдары биргелешкен билдирүү даярдап, 32-жашар журналист өз макалаларында адам укуктары, диний эркиндик маселелерин чагылдырып, ошондой эле мамлекеттик саясатты сынга алганы үчүн өз кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу куугунтукталып жатат деген тынчсызданууларын билдиришкен. Алар Тажикстан бийлигин аны тезинен жана токтоосуз бошотууга чакырышууда. Далер Шарипов 2020-жылдын 28-январында улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик Комитеттин кызматкерлери тарабынан «улуттук, расалык, жергиликтүү жана диний жек көрүүчүлүктү жараткан» деген айып менен камалган (Кыйноолордон эркиндик, 2020). Тажикстан Республикасынын Кылмыш кодексинин 189-беренесинин кеңири чечмелениши жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү Эл аралык пакттын 20-беренесине каршы келет жана бул берене кастыкты жаратуу, зордук-зомбулук же дискриминацияга катышы жок эле пикирди эркин билдиргени үчүн мыйзамсыз жазалоо үчүн колдонула турган ченемдик актылардын айкын үлгүсү болуп саналат (Кыйноолордон эркиндик, 2020).  

Макала Европа Биримдигинин колдоосу астында BRYCA долбоорунун алкагында даярдалды.

Булактары:

Александр, В. (2015). ОБСЕ мамлекеттеринин жек көрүүчүлүк кылмыштарына, жек көрүүнү жана кастык тилин жаратууга каршы кылмыш-жаза мыйзмдары. Москва:  "Сова" борбору.

Кактус Медиа. (19-февраль 2020-ж.). Кактус Медиа: https://kaktus.media/doc/406327_blogera_sydymana_arestovali_na_dva_mesiaca.htmlдан кайтарылган

КРнын Юстиция министрлиги. (14-сентябрь 2020-ж.). ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН сайты: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/202913дан кайтарылган

КЫЙНООЛОРДОН ЭРКИНДИК  (17-апрель 2020-ж.). Тажикстандагы кыйноолорго жана мыйзамсыздыктарга каршы жарандык коом Коалициясы: https://notorturetj.org/news/tadzhikistan-grazhdanskoe-obshchestvo-prizyvaet-vlasti-osvobodit-osuzhdennogo-zhurnalistaдан кайтарылган

Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодекси. (14-сентябрь 2020-ж.). Юстиция Министрлигинин сайты: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111527дан кайтарылган

Тажикстан Республикасынын Кылмыш кодекси. (14-сентябрь 2020-ж.). wipo.int: https://www.wipo.int/edocs/lexdocs/laws/ru/tj/tj023ru.pdfдан кайтарылган

Өзбекстан Республикасынын Кылмыш кодекси. (14-сентябрь 2020-ж.). Lex.uz: https://lex.uz/ru/m/acts/111457дан кайтарылган

Цой, С. (17-ноябрь 2017-ж.). Factcheck.kz. Factcheck.kz: https://factcheck.kz/socium/statya-174-uk-rk-mozhno-li-popast-pod-sud-za-kommentarij-v-socsetyax/дан кайтарылган

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.