Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

!!! Коронавирус жөнүндө тараган фейктердин эң белгилүүлөрү

04.08.2020 • 13:50

!!! Коронавирус жөнүндө тараган фейктердин эң белгилүүлөрү

Банан жебегиле, 5G интернетти колдонбогула, колдон келсе такыр үйдөн чыкпагыла. Жана бул жаңылыкты тезинен таркаткыла! Бир гана Борбор Азияда эмес, бүт дүйнөнүн медиа мейкиндиги азыр мындай кеп-кеңештерге толгон.

Фейктер коронавирус менен бирге таркаган ажырагыс өнөктөшүнө айланды. Ал тургай мындай фейктердин булагы жалаң гана фейк аккаунттар эмес, бийлик өкүлдөрү да болуп жатат, ал эми алардын сөздөрүнө адатта эл ишенет жана ММКлардагы жаңылыктардын тууралыгын ошолордун айткандарына салыштырып текшеришет.

Биз коронавирус жөнүндө тараган фейктердин эң белгилүүлөрүн топтодук.

Кеттик эмесе!

1 -орун. Пандемияга Билл Гейтстин катышы бар экени туурасында ушак-айыңдар, анда Билл Гейтс вакцинаны адамдарга чип коюу үчүн колдонуп, глобалдык деңгээлде адамдардын артынан сая түшүп аңдуу максатын көздөйт деп айтылат.  Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү мындай адамдарга чип коюу боюнча теория ушунчалык акылсыздык болгондуктан аны төгүндөөнүн да кажети жок деп билдирген (Sputnik, 2020). 

2-орун. Коронавирусту сарымсак, лимон, бал жана гармалдын жардамы менен дарылоого болот деген фейк. Мындай материалдар жана эксперттердин билдирүүлөрү Борбор Азияда аталган товарлардын баасынын кескин өсүшүнө алып келди («Гурдофарид», 2020).

3 -орун. Коронавирус – кытай окумуштуулары ойлп тапкан вирус. Узак убакыт бою вирус Кытайда жасалган деген божомолдор дүңгүрөп турду. Бирок, анын максатын түшүндүрүүдө ажырым ойлор пайда болду. Мындай версиялардын биринде бул оору кытайлыктардын демографиялык маселесин чечүүгө жана калктын өтө эле жыштыгын чечүү үчүн керек болгон деп айтылат. (Интерфакс, 2020).

4 -орун. Коронавирустун булагы – 5G-вышккалары. Март айынын аягында британиялык социалдык тармактарда пайда болгон, 5G  тармактары адамдын иммунитетине таасир этип, ошонун айынан адамдар коронавируска туруштук бере албай жатышат деген теория тездик менен эл арасында тарап жатат (Сорока, 2020).

5 -орун. Банандар-киши өлтүргүчтөр,социалдык тармактар жана мессенджерлер бул сыяктуу паника чакырган жана күмөндүү маалыматтарга толгон. Чындыгында, бана аркылуу же жер-жемиштер аркылуу вирус жуккан учурлар катталган эмес, анткени, өсүмдүктөр вирус менен оорушпайт (Акылбекова, 2016).


Колдонулган булактар:
ОО «Гурдофарид» (14 апрель 2020 ж.). BRYCACentralAsia . Facebook баракчасынан 2020-ж. 24-июлунда алынды: https://www.facebook.com/BRYCACentralAsia/posts/128591072115008/
Sputnik. (5 июнь 2020 ж.). Sputnik баракчасынан 2020-ж. 24-июлунда алынды: https://sptnkne.ws/Dffx
Акылбекова, А. (6 декабрь 2016 ж.). Азаттык радиосу. Азаттык радиосунун баракчасынан 2020-ж. 24-июлунда алынды: https://rus.azattyk.org/a/28158954.html
Интерфакс. (7 апрель 2020 ж.). Коронавирус жөнүндөгү фейктердин алдыңкы бешөө. Интерфакс баракчасынан баракчасынан 2020-ж. 24-июлунда алынды: https://www.interfax.ru/russia/703023
Сорока, А. (11 апрель 2020 ж.). Би-би-си. BBC News Орус кызматынын баракчасынан 2020-ж. 24-июлунда алынды: https://www.bbc.com/russian/features-52256074

Материал BRYCA  долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу астында даярдалды. 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.