Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Медианын типтери

21.04.2021 • 08:43

Массалык маалымат каражаттары – бул адатта бизге маанилүү маалыматтарды жана билимдерди берип турган ар түрдүү массалык маалымат каражаттарын билдирүү үчүн колдонулган термин. ММК дайыма биздин коомдун бир бөлүгү болуп келген, адамдар маалымат менен алмашуу үчүн сүрөттөрдү жана баяндамаларды колдонгон мезгилде да.

ММК максаты – аларды продуктусу үчүн ыңгайлуу болгон медиаканал аркылуу адиторияга билдирүулөрдү жеткирүү.

Жалпысынан медиа негизги үч категория боюнча бөлүнөт.

Басылма 

Мурда массалык маалымат каражатынын бул түрү коомчулукка маалымат жеткирүүнун бирден-бир куралы болгон. 80 жана 90-жылдардагы муун үчүн басылма ММКлар жалгыз көңүл ачуу каражаты катары саналган. Адамдар жалаң гана гезит-журналдарга таянышчу, рецептерден тартып, көңүл ачуучу же өлкөдөгү жана дүйнөдөгү маанилүү жаңылыктарга чейин ошолордон билип турушчу. Басылма ММКларга гезиттер, журналдар, китептер, комикстер ж.б. кирет.

Аба толкуну менен берилчү 

Аба толкуну аркылуу таркатылчу массалык маалымат каражаттарына видео, аудио жана жазуу түрүндөгү контент кирет, ал түрдүү жол менен бериле турган маанилүү жана көңүл ача турган маалымат болушу мүмкүн.

Интернет 

Азыркы учурда биз салттуу жаңылыктар булактарына караганда алда канча тез-тезден жаңылыктарды билип туруу үчүн Интернетти пайдаланабыз. Веб-сайттар маалыматты видео, текст жана аудио түрундө бере алат. Ал тургай биз жаңылыктарды кандай жол менен алып тураарыбызды тандасак да болот. Интернет-ММКлардын түрлөрүнө социалдык тармактар же веб-сайттар, Интернет форумдар, подкасттар кирет.

 

Булактары: 

1. Whatagraph (05.11.2020) «What Are the Different Types of Media?” https://whatagraph.com/blog/articles/different-types-of-media

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.