Дипфейктерди жакшыртууга арналган технологиялар бул жааттагы мыйзамдарга караганда алда канча тез өнүгүүдө. Америкалык Twitter, Facebook жана кытайлык TikTok дипфейктердин жайылышын ар кандай жолдор менен өз алдынча тескөөгө аракет кылышкан [1].
Мисалы, жаңы TikTok саясаты колдонуучуларды адаштырган, чындыкты бурмалаган жана зыян келтире турган синтезделген же манипуляция кылган контентке тыюу салат. Бул тармактын саясаты саясий атаандаштырды интернетте каралаган бардык түрдөгү видеолордун алдын алууга багытталган.
Facebook 2020-жылдын башында дипфейктерди өчүрүү боюнча саясатын жарыялаган. Билдирүүлөр өчүрүлөт, эгер: контент колдонуучуну видеонун субъектиси чындыгында айтпаган сөздү айтты деп ойлоп ала тургандай адаштырса; бул жасалма интеллекттин же машиналык билимдин жардамы менен жасалган продукт видеону чыныгы видеого окшош кылып жасаса.
Twitter дипфейктер жана ММКдагы манипуляция боюнча эрежелерди киргизген, анда негизинен контентти өчүрүүгө эмес, колдонуучуларга өзгөртүлгөн жаңылыктар туурасында эскертүү, твиттерди белгилөө каралган. Компаниянын билдирүүсүндө, жасалма же чындыкка дал келбеген материалдарды камтыган твиттер эгер бирөөгө зыян алып келе турган болсо гана өчүрүлөт.
Соцтармактар үчүн негизги көйгөй дипфейктерди аныктоо технологияларынын жоктугу болгон. 2019-жылы Facebook менен Microsoft башка өнөктөштөрү менен биргеликте дипфейктерди аныктоо маселесин чечүүгө арналган The Deepfake Detection Challenge сынагын жарыялашкан. Эң ийгиликтүү модель болуп белорусиялык иштеп чыгуучу Селим Сефербековдун модели табылган. Анын тактыгы 65,18%ды түзгөн. Үчүнчү орунда россиялык NtechLab компаниясынын модели болгон.
Технологиялык лидерлер — «Яндекс», TikTok, Microsoft, IBM, Kaspersky Lab, Reface, FaceApp, Ntechlab, ж.б. дипфейктер жана автордук укук боюнча комментарий берүүдөн баш тартышкан.
Булагы:
1. Янина Ноэль «Дипфейктер: автордук укук кандайча контентке өтөт» (18.05.2021). Алынган сайты: https://trends.rbc.ru/trends/industry/5fc688fe9a79473e6ff9b82a