Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Сексизм деген эмне жана ал эмнеси менен коркунучтуу?

12.08.2024 • 08:02

Сексизм - бул жеке мамилелерден баштап, кесиптик ишмердүүлүккө чейин жашоонун ар кандай чөйрөлөрүндө көрүнгөн жынысына негизделген басмырлоо. Бул көрүнүш тарыхта жана маданиятта терең тамырланган жана анын кесепеттери азыркы коомго таасирин тийгизүүдө. Бул макалада сексизм деген эмне экенин, анын тарыхый өнүгүшүн жана коом үчүн эмне үчүн кооптуу экенин карап чыгабыз.

Тарыхы

"Сексизм" түшүнүгү АКШдагы "экинчи толкун" феминисттик кыймылынын катышуучулары тарабынан киргизилген, ал "расизм" термининин негизинде моделделген, бирок теринин түсүнө эмес, жынысына негизделген. Сексизм идеологиясы адамдарды аял-эркек деп гана бөлбөстөн, бир жыныстын экинчи жыныстан артыкчылыгын түз же кыйыр түрдө карама-каршы коет.

Тарыхта аялдар эркектерге караганда азыраак жөндөмдүү жана азыраак укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө татыктуу деп кабыл алынып келген. Ал көптөгөн коомдордун салтына, динине жана маданиятына сиңип калган. Маселен, узак убакыт бою аялдарга шайлоого, айрым кесиптерде иштөөгө, билим алууга тыюу салынган.

Сексизмдин формалары

1990-жылдардын орто ченинде америкалык изилдөөчүлөр Сьюзен Фиске жана Питер Глик сексизмди аялдарга карата терс жана кастык көрүнүш катары гана түшүнүүгө каршы, “амвилентүү” же “эки жүздүү” сексизм түшүнүгүн киргизишкен. Бул термин сексизмдин кош табиятын сүрөттөйт, ал эки түрдүү формада: кастык жана ак ниетүү болушу мүмкүн, ошону менен аялдарга терс да, оң да бааны өзүнө камтыйт.

  1. Кастык  сексизм (Hostile Sexism)  - аялдарга карата терс, тоготпостук жана агрессивдүү мамиледе чагылдырылган сексизмдин бир түрү. Ал салттуу гендердик ролдорду бузган, мисалы, үй-бүлөгө караганда карьераны тандаган же салттуу аялдык идеяларга туура келбеген аялдарга багытталган. Кастык сексизм көбүнчө басмырлоо, нарксыздоо жана ачык кастык менен коштолот.
  2. Ак ниетүү сексизм (Benevolent Sexism)  - сексизмдин бир түрү, бир караганда, позитивдүү, ал тургай камкордук сезими менен коштолот. Бул салттуу гендердик күтүүлөргө ылайык келген аялдарды колдоо мамилесин көрсөтөт. Ак ниетүү сексизм аялдардын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ролдорунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, алардын аткарылышын колдойт. Бирок, позитивдүү көрүнгөнүнө карабастан, ак ниетүү сексизм аялдардын эркиндигин чектеп, гендердик стереотиптерди бекемдейт.

Амбиваленттүү сексизмдин эки формасы тең көрүнүштөрү боюнча айырмаланат, бирок гендердик теңсиздикти сактоого бирдей салым кошот жана аялдарга карата зомбулукту актайт. Алар аялдар салттуу ролдорду аткарабы же жокпу, бары бир  чектөөлөргө жана басмырлоого дуушар болуучу  шарттарды түзөт.

Сексизмдин көрүнүштөрү

Кесиптик чөйрө

Кесиптик чөйрөдө аялдар көбүнчө карьералык мүмкүнчүлүктөрүн чектеген жана эмгек акыдагы ажырымга алып келген гендердик стереотиптерге туш болушат. Эркектер жетекчилик кызматтарды ээлешет, ал эми аялдар азыраак маяналуу жана азыраак престиждүү кызматтарды ээлешет.

  • Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун маалыматы боюнча, 2023-жылы эмгек акыдагы глобалдык гендердик  ажырым болжол менен 16% түзгөн, башкача айтканда, аялдар окшош эле  жумуштарда эркектерге караганда орточо 16% аз тапкан. Ал эми Борбор Азия боюнча статистика мындай:  айлык акы боюнча гендердик ажырым Казакстанда 34%, Өзбекстанда - 31%, Кыргызстанда - 28%, Тажикстанда - 36%, Түркмөнстанда - 38% түзөт.
  • Аялдар  эркектерге караганда саясатта да кыйла азыраак. 2023-жылга карата дүйнө жүзү боюнча улуттук парламенттердеги орундардын болжол менен 25% аялдар ээлейт. 
  • Борбордук Азия өлкөлөрүндө кесиптик чөйрөдө аялдар жетекчилик  кызматтардын 20%ын гана ээлейт, ал эми маянасы аз жана престиждүүлүгү азыраак кызматтарда алардын үлүшү 50%дан ашат.
  • Борбор Азиядагы аялдардын  көбүнчө билим алуу жана кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгү чектелген. Атап айтканда, Тажикстанда жана Түркмөнстанда жогорку билимдүү аялдардын салыштырма салмагы эркектердикине караганда бир кыйла төмөн.

Сексуалдык объектилөө

Аялдарды сексуалдык объектилөө да сексизмдин кеңири таралган түрү болуп саналат. Аялдар көбүнчө сырткы көрүнүшүнүн призмасы аркылуу гана кабыл алынат жана бааланат, бул алардын кесиптик жана жеке жетишкендиктерин төмөндөтөт. ЖМКлар, жарнак жана көңүл ачуу индустриясы көбүнчө эркектердин көз карашына жана муктаждыктарына жооп берген аялдардын образын түзүү менен бул стереотиптердин жайылышына  салым кошот.

  • Кыргызстанда аялдардын 45% жумуш ордунда сексуалдык ыдыкка кабылганын моюнга алышат.
  • Казакстанда аялдардын 40%ы жумуш ордунда  сексуалдык ыдыкка дуушар болушса, алардын 10%ы гана жетекчиликке  билдиришкен.

Сексуалдык ыдык жана зордук-зомбулук

Сексуалдык зомбулук жана ыдык сексизмдин  чектен чыккан түрлөрү болуп саналат. Алар аялдарды басууга жана көзөмөлдөөгө, коркуу жана өзүнө ишенбестик  атмосферасын түзүүгө багытталган. Бул нерсе жашоонун бардык чөйрөсүндө:  жумуш ордунда, окуу жайларында, ал тургай, үйдө да  болушу мүмкүн.

  • Бүткүл дүйнөлүк деңгээлде, БУУнун маалыматы боюнча, дүйнөдө ар бир үчүнчү аял өмүр бою физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылат. 
  • Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча болжол менен 27% жакын аялдар  интимдүү өнөктөшү тарабынан физикалык же сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган жана бардык аял өлтүрүүлөрдүн 38% өнөктөштөрү тарабынан жасалган.
  • Казакстанда ар бир үчүнчү аял өмүр бою физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылган.
  • Кыргызстанда 2024-жылдын төрт айында 4767 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 632 учурга көп.

Сексизм коркунучу

Сексизм же жынысына  негизделген басмырлоо - бул эркектерге да, аялдарга да таасир эткен социалдык жамандык, бирок өзгөчө аялдарга жана кыздарга карата катуу байкалат. Ал жашоонун ар кандай аспектилерине сиңип, анын курмандыгы болгондор үчүн адилетсиз шарттарды жана тоскоолдуктарды жаратып, прогресске жана өнүгүүгө тоскоол болуп, жеке адамдардын да, жалпы коомдун да потенциалын чектейт.

Укуктарды жана эркиндиктерди бузуу

Сексизм тең укуктуулук жана басмыртпоо укугу сыяктуу адамдын негизги укуктарынын бузулушуна алып келет. Аялдар көбүнчө билим алуу, саламаттыкты сактоо жана жумушка орношууда чектөөлөргө туш болушат. Мисалы, көптөгөн өлкөлөрдө аялдар бир эле жумуш үчүн эркектерге караганда азыраак айлык алышат, бул экономикалык теңсиздикке жана жашоонун сапатынын начарлашына алып келет.

Гендердик стереотиптерди бекемдөө

Сексизм адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн жана потенциалын чектеген гендердик стереотиптерди улантат. Мындай стереотиптер эркектер менен аялдар коомдо кандай ролдорду аткарышы керектиги жөнүндө идеяларды таңуулайт. Мисалы, аялдар камкор болушу жана үйдө отурушу керек, ал эми эркектер күчтүү жана агрессивдүү болушу керек деген күтүүлөр алардын тандоосун жана жашоонун ар кандай чөйрөсүндө өнүгүүсүн чектеши мүмкүн.

Зордук-зомбулук жана ыдык

Сексизм көбүнчө зомбулук жана сексуалдык ыдык  менен коштолот. Дүйнө жүзү боюнча аялдар жана кыздар физикалык жана сексуалдык зомбулукка дуушар болушат, натыйжада жаракат алып, психологиялык жактан жабыркап, ал тургай өлүмгө дуушар болушат. Жумушта жана коомдук жайларда ыдык көрсөтүү да аялдардын коомдук турмушка коопсуз жана бирдей катышуусуна тоскоол болгон жалпы көйгөй болуп саналат.

Экономикалык кесепеттер

Сексизм олуттуу экономикалык кесепеттерге алып келет. Жумушта аялдарды басмырлоо жана алардын экономикалык ресурстарга жетүүсүн чектөө экономикалык өнүгүүнүн жалпы деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет. Азия өнүктүрүү банкынын изилдөөсү көрсөткөндөй, гендердик теңчилик 2025-жылга чейин дүйнөлүк ИДПны 12 триллион долларга көбөйтөт. Ошентип, сексизмди жеңүү туруктуу экономикалык өнүгүүнүн маанилүү шарты болуп саналат.

Социалдык адилетсиздик

Сексизм социалдык адилетсиздикти жана теңсиздикти күчөтүп, коомдун гармониялуу өнүгүшүнө тоскоолдуктарды жаратат. Калктын жарымы басмырланып, эзилгенде демократиялык жана адилеттүү коомдордун пайдубалына доо кетирет. Сексизмге каршы күрөшүү бардыгы үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана укуктарды камсыз кылуу үчүн мыйзамдарды, билим берүүнү жана маданиятты системалуу түрдө өзгөртүүнү талап кылат.

Сексизм жеке адамдар жана жалпы коом үчүн көптөгөн терс кесепеттерге ээ болгон олуттуу социалдык көйгөй. Бул көрүнүшкө каршы күрөшүү мамлекеттин, уюмдардын, ар бир адамдын биргелешкен аракетин талап кылат. Басмыроолго каршы жигердүү күрөшүү жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу гана биз ар бир адам өнүгүү  үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон адилеттүү жана бакубат коомду түзө алабыз.

Булактары:










 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.