Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Резервдик көчүрмөлөр: Бэкаптарды кантип туура кылуу керек?

07.04.2021 • 07:46

Компьютердеги, смартфондогу же планшеттеги маалыматтарды жоготуп алуу – көпчүлүк колдонуучулар үчүн чоң алаамат. Файлдар ар кандай жолдор менен жок болушу мүмкүн: гаджет ээсинин кокустан кетирген катачылыгы, системанын үзгүлтүккө учурашы, хакерлердин чабуулу же зыянду вирустун аракетинен. Албетте, эгер мындай нерсе боло турган болсо, кээде ал жабдыктын баасынан да кымбат болгон маалыматтарды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну каалайбыз жана мындай амал бар.  Бул резервдик көчүрүү деп аталат (technari.com, 2021).

Бул макалада бэкаптар туурасындагы маанилүү маселелерди ирээти менен карап чыгабыз: качан, кайда жана кантип тузүү керек.

Качан?

Тагыраак айтканда, канча убакытта бир жасоо керек? Чындыгында канчалык тез-тез болсо, ошончолук жакшы, эң башкысы үзгүлтүксүз кайталап туруу керек. Ошондуктан, эң мыкты вариант – бирдей убакыттык ченем коюп алып, ошол графикке жараша бэкаптарды жасап туруу керек. Андан да мыкты жолу – резервдик көчүрмөлөрдү автоматташтырып коюу.

Кайда?

Башкы принцип: бэкаптарды негизги системадан бөлүнгөн өзүнчө бир нерсеге түзүү керек. Ошондо гана эгер жабдыкка кандайдыр бир шифровальщик чабуул жасаган учурда ал маалыматтарды сактап калууга болот деп ишенимдүү айтууга болот. Бул жерде үч негизги вариант бар: USB-флешка же сырткы катуу диск, тармактык сактагыч (NAS, Network Area Storage) же булут сактагычы. Кайсынысы силер үчүн ыңгайлуу болоорун өзүңөр чечкиле (Ryabova, 2019).

Булут сактагычы – ийкемдүү жагынан эң сонун вариант жана планетанын каалаган бурчунан, каалаган жабдык аркылуу кирүүгө мүмкүндүк берет. Бирок, дагы бир жолу эскерте кетели, булут деген бул чынында башка бир чоочун бирөөнүн компьютери, ошондуктан маалыматтарыңызды кимге ишенип берип жатканыңызды тыкат текшерүү керек  (Drozhzhin, 2017).

Кантип?

Алгач көчүрүмөсү керек болгон файлды тандайсыңар: дароо баарын бир тандаса да болот, же сүрөттөрдү, фильмдерди, музыканы өзүнчө тандоого болот. Башка варианты – көчүрүү керек болгон бардык файлдардын өзүнчө папакасын жасап койсо да болот.

Резервдик көчүрмө компьютердин, планшеттин же смартфондун ар бир колдонуучусу үчүн өтө маанилүү. Бактыга жараша, аны жасоо мүмкүнчүлүктөрү арбын, кирешесинин деңгээлине карабай ар бир колдонуучу үчүн жеткиликтүү. Андыктан, жакоолонбой бэкаптарды жасап койгула, кийин азап тартпайсыңар (technari.com, 2021).

 

Булактардын тизмеси:

Drozhzhin, A. (21-август 2017-ж.). kaspersky.ru. Алынган булагы: kaspersky.ru: https://www.kaspersky.ru/blog/vpn-what-you-need-to-know/18543/

Ryabova, Y. (29-апрель 2019-ж.). kaspersky.ru. Алынган булагы: .kaspersky.ru: https://www.kaspersky.ru/blog/how-to-backup/18914/

technari.com. (1-март 2021-ж.). Алынган булагы: technari.com: https://technari.com.ua/ru/services/about-company/articles/what-is-backup/

www.kaspersky.ru. (31-март 2017-ж.). Алынган булагы:kaspersky.ru: https://www.kaspersky.ru/blog/file-protection-10-tips/14496/


 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.