Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Пропаганда

16.12.2021 • 19:03

Пропаганда – бул саясий, диний, философиялык, илимий же башка көз караштарды ар кандай аргументтер, текшерилген жана текшерилбеген фактылар, ушак-айың же айдан-ачык калп, баа берген пикирлер, эмоционалдык жактан күчтүү билдирүлөр ж.б. аркылуу коомдук аң-сезимди манипуляция кылуу үчүн калк арасына жайылтуу. 

Пропаганда кандайдыр бир терс мүнөзгө ээ сыяктуу көрүнгөнү менен, башында анын жакшы же жаман максаты болгон эмес. Бул кандайдыр бир идеяны жөнөкөй жана натыйжалуу методдорду колдонуу менен болушунча көп сандаган адамдарга жеткирүү амалы. Пропаганданын багыттуулугу болсо пропаганда менен алектенип жаткан адамдын максаттарынан көз каранды. Мисалы, кимдир бирөө сергек жашоо образын пропаганда кылып жатса, кимдир бирөө бир расанын экинчи расадан артыкчылыгы боюнча идеологияны сиңирет.

Пропаганда жөнөкөй жана адамдарга жакшы түшүнүктүү нерселерге таянганы үчүн абдан натыйжалуулукка ээ. Адамдын табиятынын башаттык инстинктерине басым жасайт, мисалы эмне жакшы, эмне жаман, биздики же чоочун, акыйкаттуулукту орнотуу, бир нерседен коркуу сезими. 

Пропаганда кантип иштейт?

Ярлыктарды колдонот: адамга же кандайдыр бир топко терс мүнөздөгү, бирок баарына түшүнүктүү болгон ярлык тагышат: нацист, фашист, либерал ж.б. 

“Мээрман” сөздөр, бул атайлап фактылардан көңүлдү алагды кылуу үчүн кошулган сөздөр. Мисалы: “белгилүү окумуштуулар”, “эксперттердин” ою боюнча, “илимий”, “туруктуу пикир”. 

Атактуу адамдардын кайтарым пикирлери, кайсы бир идеяны кеңири максаттуу аудиториясы бар белгилүү жана атактуу адамдар тараткан учурлар. Алардын күйөрмандары өз кумиринен чыккан бардык маалыматты чын-бышыгынан эч күмөн санабай туруп кабыл алышат.

Ыйыкташтыруу, бир идеяга же адамга ыйык маани берүү, ыйыктык, кудайга теңеген образ жаратуу. Мисалы: “Бул бизге Кудайдан берилген жер, ошондуктан биз ... милдеттүүбүз”, “Кудайдан берилген укук...” 

Көпчүлүккө таандыктык, бир идеяны жалпы пикир катары көрсөтүү амалы. Мисалы: “Жалпы пикир боюнча...”, “Сурамжылоого катышкандардын көбүнүн пикири боюнча...”, “Элдин пикири боюнча...”. 

Анан албетте, пропаганданын эң натыйжалуу методдорунун бири - коркунуч. Адамдарга сөзсүз түрдө боло турган коркунучтарга байланыштуу идеялар таңууланат. Бул согуш, жакырчылык, кулчулук, аймагын жоготуу, ден соолугунан ажыроо, жакындарына коркунуч келтирүү ж.б. болушу мүмкүн. Мындай коркунучтардан качуу же алдын алуу чечимдери адамды керектүү идеяга алып келиши керек. 

 

Булагы: https://chto-takoe.net/chto-takoe-propaganda/

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.