Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Каржылык жактан сабаттуу адамдын 7 эрежеси

19.06.2024 • 09:22

Бул макалада биз каржылык сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берген  негизги жана каржы  эрежелер жөнүндө сөз кылууну улантабыз:

Коопсуздук “жаздыкчасын” түзүү. 

Бул сенин жеке резервдик фондуң, күтүлбөгөн жагдайларда керектеле турган каражатың. Эксперттердин көбү кеминде 3-6 айлык бюджетти “резервде” сактоо керек деген пикирди айтышат. Башкача айтканда, кирешесин жоготкон учурда адам киреше булактары жок, жок эле дегенде, алты айга жетээрлик акчасы болушу керек.

Бир айлык бюджетти жүргүзүү. 

Эгер кирешеңдин баары күнүмдүк муктаждыктарга жумшалып жаткандай сезилсе жана акчаңды үнөмдөй албасаң, бюджетти жазуу түрүндө жүргүзүп башта.

Күнүмдүк  бардык чыгымдарыңды жаз. 

Бул максаттар үчүн сен блокнот, Excel  же атайын мобилдик тиркемени колдоно аласың. Бир нече жума же ай бою күн сайын өз чыгашаларыңды жазып, бюджетиңден “кара тешиктерди” таба аласың. Мындай жол менен  пайдасыз, бирок үзгүлтүксүз чыгымдарды сен жок кыла аласың же жок дегенде азайта аласың.

Чыгымдарыңды пландаштырып башта. 

Пландаштыруунун бир нече жолу бар. Мисалы, сен бир айлык бюджетиңди категорияларга бөлүп, ар бир категорияга чектөөлөрдү койсоң болот. Мисалы, тамак-ашка, көңүл ачууга, транспортко, бензинге ж.б. Экинчи ыкмасы - белгилүү бир мезгилге, оптималдуу түрдө бир жумага бардык сатып алууларга чек коюу.

Узак мөөнөттүү пландаштырууну үйрөн. 

Албетте, тамак-аш сатып алуунун планын ондогон жылдарга алдын-ала белгилеп коюунун кереги жок. Бирок келечекте чоң чыгымдарга - билимге, саякатка, унаа же турак-жай сатып алууга акча үнөмдөөнү кааласаң, киреше жана үнөмдөө планын түзүшүң керек.

Сатып алууларга болгон мамилеңди өзгөрт. 

Импульстук сатып алуулар менен күрөшүүгө үйрөн. Эгерде сен планыңда жок нерсени сатып алгың келсе, жок дегенде бир күн чыдап тур. Бул убакыттын ичинде, сен чындап эле бул нерсе керекпи же жокпу,  баа бере аласың.

Каражаттарды инвестициялоо. 

Эгер сен жакшы киреше алгың келсе, инвестициянын ар кандай түрлөрүн изилдөө сенин каржылык  сабаттуулук деңгээлиңди жогорулатууга жакшы жардам берет.

Мамлекеттик салыктык чегерүүлөрдү жана жеңилдиктерди колдон. 

Салык чегерүүлөрүн медицина, спорт, билим берүү жана башка чыгымдарга алса болот. Өзүңдүн мамлекеттик жөлөкпулдарга же жеңилдиктерге укугуң бар-жогун текшер.

Насыяларды этияттык менен ал.

Өтө зарыл болгон учурда гана насыя алганга аракет кыл. Башка учурларда насыядан алыс бол. Кризис  учурунда  насыя боюнча карызы көп адам  кыйын кырдаалга туш болушу мүмкүн. Мындан алыс болуп, насыяңды өз убагында төлөп койгонуң жакшы.

Жеке маалыматыңдын коопсуздугун камсызда. 

Өзүңдүн жеке маалыматыңды, өзгөчө картанын маалыматтарын кайсы сайттарга киргизгениңди кылдаттык менен көзөмөлдө. Картанын коопсуздугу үчүн картанын артындагы үч номерди (CVC же CVV коду), банктык тиркемелердеги сырсөздөрдү жана коддорду,  ПИН кодду же картанын жарактуу мөөнөтүн башка адамдарга айтпа жана  жөнөтпө. Жалпысынан алганда, карталарыңды капчыкка же караңгылатылган нерсеге салып жүрүүгө аракет кыл. Сен CVC коду көрүнбөсө, анда эч кандай коркунуч жок деп ойлошуң мүмкүн. Бирок, чындыгында, кээ бир сайттар алдыңкы бетинде жайгашкан маалыматтарды (картанын номери, жарактуулук мөөнөтү жана ээсинин аты-жөнү) колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Каржылык сабаттуулук - бул каржылык  туруктуулукту жана келечекке болгон ишенимди камсыз кылуу үчүн өнүктүрүү керек болгон маанилүү жөндөм. Бул жети эрежени сактоо менен, силер өзүңөрдүн каржылык сабаттуулук деңгээлиңерди жакшырта аласыңар, каржыңарды эффективдүү башкарууну үйрөнүп, жалпы каталардан алыс боло аласыңар.

Каржылык  сабаттуулукту жана медиа билимди өнүктүрүү  үчүн эң сонун ресурс -  бул Qlever платформасы. Qlever силерге каржынын негиздерин гана эмес, ошондой эле заманбап жашоонун башка маанилүү аспектилерин өздөштүрүүгө жардам бере турган жогорку сапаттагы окуу материалдарын жана куралдарын сунуштайт. Платформа жаштардын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган жана аларга тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө багыт алууга жардам берет.

Булак: https://expobank.ru/blog/kak-povysit-finansovuyu-gramotnost-10-prostykh-pravil/

 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.