Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Маалыматты эмне үчүн сынчыл ойлом менен кабылдоо маанилүү?

23.09.2021 • 09:47

Сынчыл ойлом туурасында байыркы Грецияда эле ой толгоп келишкен. Платон менен Сократ сенек болуп калган фактылардан күмөн санап, чын-бышыгына жетүү үчүн суроолорду берип келишкен. Заманбап дүйнөдө бул маселе ого бетер актуалдуу болууда. 

Ошентип, “Сынчыл ойлом деген эмне?”

Сынчыл ойлом — алган маалыматка, өз ынанымдарыңа шек менен кароо жөндөмү. Бул көндүм так жана рационалдуу ойлонууга, фактылардын ортосундагы байланыштарды издөөгө жана күчтүү аргументтерди табууга жардам берет. Сынчыл ойломдун негизин ой калчай билүү жөндөмү түзөт.

Сынчыл ойчулдар суроо беришет, айтылган ойлорду, идеяларды дароо чындык катары кабыл албастан, шек менен карашат.

Заманбап маалыматтык агым — билдирүүлөрдүн токтобогон лентасы, анда жаңылыгы да, рекламасы да, пайдалуу контенти да, пропаганда да баары аралашкан. Эгер айтылгандардын жана жазылгандардын баарына ишене берсеңер силерди алдап, манипуляция кылып же башка бирөөнүн пикирин таңуулап коюшу мүмкүн.

Жалган маалыматтар финансыга, кесиптик ишмердүүлүккө же жеке жашоого терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Мисалы, жаңылыктарда анонимдүү булак белгилүү бир товарлардын баасы кескин өсөөрүн билдирди. Эгер жаңылык жалган болуп чыкса, а силер көп товар алып алсаңар – акчаңар кетет. Бардык маалыматтын чын болушу мүмкүн эмес. Жалган маалыматты ажырата билип, факт менен пикирди айырмалоого үйрөнүү керек.

Сынчыл ойломго дароо эле үйрөнө калуу мүмкүн эмес. Бул чет тилин үйрөнгөн сыяктуу – башында баары татаал жана түшүнүксүз сыяктанат, бирок логикасын түшүнгөндөн кийин жеңил болуп калат. Адатта силер ишенген нерселер туурасында ойлонгондон баштагыла. Мисалы, соцтармактардагы кеңештерди карап жатсаңар, ойлонуп көргүлө: эмне үчүн силерге бул контентти так ушундай тартипте берип жатат.  Ал макаланын тезистери менен аргументтерине шек көз менен карагыла, иликтөөлөрдүн шилтемелерин жана эксперттердин компетенттүүлүгүн текшергиле.

«5W+H» фактчекинг методикасын колдонгула

What? — эмне болду?

Why? — эмне үчүн болду?

Who? — ким билдирди?

Where? — кайда болду?

When? — качан болду?

How? — кандайча болду?

Максат коюп алып, сынчыл ойломду өнүктүрүүгө машыккыла. Окуянын чын-бышыгына жеткиңер келсе, жөн гана темадан калбаш үчүн баш сөздү окуп коюуга болбойт.

Сынчыл ойлом жөнүндө роликти көрүүнү сунуштайбыз)

Булагы:

https://trends.rbc.ru/trends/education/5e81f1339a7947c0a7a6eef3

 

YouTube канал MediaSabak

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.