Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кастык тилин аныктайбыз

28.07.2020 • 11:11

Кастык тилин аныктайбыз


«Кастык тили» деген эмне? Эмне үчүн айрым акарат сөздөрү жана терс маанайдагы пикирлерди “ачуулуу сөздөр” дебестен кастык тили деп атоо керек? Кастык тилин кантип аныктоого болот? Бул текстти окуп чыккандан кийин (жана викторина ойногондон кийин) силер  эмне үчүн “сен жинди”деген кастык тили болбойт да, “аялдарга унаа айдаган болбойт” деген кастык тили болоорун түшүнөсүңөр.


Кастык тили – бул терс маанайдагы же кемсинтип сүйлөө, мындай сөздөр кайсы бир раса, этнос, жыныстын, диний жана социалдык топтордун өкүлдөрүнө жагымсыз болот жана басынтуу катары кабылданат. Бирөөгө тил тийгизүү кастык тили болушу мүмкүн, кээде болбой да калат. Муну аңдап түшүнүү үчүн бир нерсени билүү зарыл, кастык тили ар бир адамдын негизги эки укугу менен тыгыз байланыштуу - эркин ой-пикирге болгон укугу жана теңчилик укугу. 


Ошентип, эркин ой-пикирге болгон укук - ар бир адам өз пикирине ээ болууга жана аны эркин билдирүүгө укуктуу дегенди тушүндүрөт. Буга кошумча, ар бир адам маалыматты эркин түрдө издей алат жана каалаган каражат аркылуу мамлекеттик чек араларга карабастан эркин таратууга укуктуу. Өз кезегинде, теңчилик укугу -  бардык адамдар эркин жана бирдей болуп төрөлүшөт дегенди түшүндүрөт  - кадыр-баркы жагыган да (бирөө жакшы, бирөө жаман эмес, жана баардыгы бирдей урматка татыктуу), укук жагынан да бирдей. 


Бул эки укук бири-бирине каршы келип калышы мүмкүн. Айталы, кимдир бирөө интернеттеги постко пикирин жазууда: «Казахстанда аларды (цыгандарды) көзөмөлдөш керек, бардык баңги заттары ошолор аркылуу өтөт, өзүлөрүнүн Молдовасына барып ошол жактан сата беришсин» . Ар бир адам өзүнүн ой-пикирине ээ болууга укуктуу, бирок биздин бул мисалда пикир рома коомчулугунун (“цыган” деп айткан туура эмес) теңчилик укугуна каршы келүүдө - куулбай, татыктуу мамилеге ээ болуу, жеке кол тийбестик укугу жана мыйзамдык тартипте күнөөсү далилденгенге чейин айыпсыз деп саналуу укугуна каршы келүүдө. Теңчиликтин карама-каршысы - кемсинтүү (дискриминация) жана жогорудагы мисал так мына ушул маанини берүүдө. Ал посттун автору зомбулукка шыкактоодо, рома этносунун адамдарын терс маанайда жалпылоодо. 


“Кастык тили” термини так мына ушундай учурларда колдонулат. Кандайдыр бир бир пикир биздин жашообузду эркин жана коопсуз кылган укуктарды бузуп жатканын аныктап алгандан кийин, биз кастык тилине катыштуу чара көрө алабыз. Мындай чара катары балким авторго эскертүү берүү, пикирин тармактан өчүрүү болушу мүмкүн, ал эми олуттуу учурларда - тергөө иштери жана сот наАлиз ылкбай пурут лүбөшүү.  


Кастык тили адамды кемсинтет. Ошондуктан андан абстрактуу түшүнүктөрдү эмес (мисалы, Ата Мекен, туу, диний адаттар), АДАМДАРДЫ коргоо керек. Пикирлер менен идеяларды талкуулап, ой калчап жана сындоого болот жана ошондой болууга тийиш. Кастык тилин аныктоодо идеяны сындоо менен адамдын ким экенине карата кемсинтүүнүн ортосундагы чекти түшүнүү зарыл, мисалы ал адам кытай, коляскадагы адам, аял, кудайга ишенген же ишенбеген адам болгону үчүн кемсинтүүгө туш болушу мүмкүн. 
 

Булактар:
ARTICLE 19. (2019). «Кастык тилин» тушүндүрүп жатып: Практикалык пособие (Редакция 2015-ж.). Төмөнкү шилтемеден алынды: https://www.article19.org/wp-content/uploads/2015/12/A19_Hate-Speech-Report-2018_Russian.pdf


 *Викторинада келтирилген кастык тилине карата мисалдар BRYCA долбоорунун медиа мониторунан алынды. Жогоруда келтирилген кастык тилинин бир дагы мисалы BRYCA командасынын, BRYCA долбоорунун өнөктөштөрүнүн жана Европа Биримдигинин көз карашын билдирбейт.  Мисалдар билим берүү максатында түзүлдү жана алар кастык тилин кубаттоого эмес, аны менен күрөшүүгө багытталган. 
 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.