Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Соцтармактардын коркунучтары

02.06.2021 • 12:23

Биз үчүн ойгоноорубуз менен телефонду колго алып, соцтармактардагы профилдерге кирүү адат болуп калды.

Биз ойлонбостон эле жүздөгөн постторду барактап, комментарий жазабыз, жооп кайтарабыз, «лайк» басабыз жана «бөлүшөбүз». Көпчүлүк адамдар соцтармактардан көз каранды болуп калгандыктан, алардын кемчиликтери туурасында ойлонууну каалашапайт.

Биз соцтармактардын негизги коркунучтарына көңүлүңөрдү бурабыз.

 

1.Купуялуулук маселелери
Социалдык медиада өзүң жөнүндө маалымат жайгаштыруу менен ал маалыматты өтө көп сандаган адамдар көрүүсу мүмкүн экенине даяр болушуңар керек. Натыйжада, силердин жеке жашооңор коомчулуктун көз алдында болот. 

2.Хакердик жана сыр сөздөрдү бузуп кирүү
Эгер силер өзүңөр жөнүндөгү маалыматты коргоо үчүн бардык чараларды көргөн болсоңор да, мындай аракеттер акырында эч пайдасыз болушу мүмкүн. Популярдуу веб-сайттардын сыр сөзүн таап бере турган көптөгөн хакердик программалар бар. 

3. Виртуалдык “двойниктер”

Мезгил-мезгили менен силер өзүңөр туурасында маалыматты ачыктайсыңар: туулган күнүңөр, үй-бүлөңөр жөнүндө маалымат, ишмердүүлүгүңөр, жашаган жериңер ж.б. Кимдир бирөө бул маалыматтарды уурдап алып, алардын баарын чогултуп, экинчи виртуалдык “сен” болуп алышы мүмкүн.
4. Интернет—көз карандылык

Социалдык тармактардын сайтары көз карандылыкты пайда кылышы мүмкүн: аларды пайдалануу абдан жөнөкөй, алар силерге бүткүл маалымат дүйнөсүн ачып берет. Социалдык тармактар өзүбүз жөнундө дүйнөгө жар салууга мүмкүнчүлүк берет. Силер өз баракчаңарга бир күндө бир нече жолу кирип, каалаганча убакыт өткөрө аласыңар. 

 

Социалдык тармактардан көз каранды болуп калбоо үчүн, психологдордун бир нече кеңештерин аткаруу керек:
 

  • Акырындык менен социалдык тармактарга кирүүнү чектөө керек. Мисалы: онлайн убакыт өткөрүүгө чек коюу. Эң башкысы – социалдык тармактарда «отуруу» убактысын акырындык менен азайтуу керек.
  • Социалдык тармактарда эмне менен алек болуп жатканыңарга так байкоо жүргүзүп көрүү керек. Достордун арасыннан силер дайыма сүйлөшпөгөн жана постторун көнүп калган үчүн гана окуп жүргөн адамдарды аянбастан өчүрүү керек. Жаңы билдирүүлөрдү окууну күнүнө көп болсо эки жолу гана окуганга чейин азайтуу керек. 
  • Өз ден соолугуңар туурасында ойлонгула. Эгер уйкунар бузулса, далы тушуңар ооруса, көз айнек же линза тагынсаңар, элестетип көрсөнөр, силердин жашооңордогу силерди кыйнаган канча ыңгайсыздыктар жок болот. 

 

Социалдык тармактарда катылган коркунучтар реалдуу. Силер социалдык тармактарды колдонуудан ырахат алышыңар мүмкүн, бирок ойлонуп жана этият жасоо керек. Өзүңөр туурасында жеке маалымат менен бөлүшүп жатканда аң-сезимдүү болгула. Силердин жеке баракчаңар каалаган учурда коомдун алдынча ачык болуп калышына даяр болгула. 


Булагы: 

https://sites.google.com/site/socsetki/home/pomos-v-sozdanii-socialnoj-seti
 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.