Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Артка тарыхка: маалымат каражаттары кантип трансформация болгону жөнүндө

16.04.2021 • 07:52

Кызык, мезгилдүү гезиттер да, бирдиктүү почта системасы да бир адамдын башкаруу мезгилинде пайда болгон – Гай Юлий Цезардын убагында. Ал сенаттын отурумдарынын отчетторун, кол башчылардын, коңшу мамлекеттердин башчыларынын билдирүүлөрүн таркатууга милдеттендирген.

Басма станоктору пайда болгонго чейин гезиттер бирден көчүрмөсүн түшүрүү жолу менен таркатылчу. 1450-жылдары Иоганн Гуттенберг басма пресс ойлоп тапкандан кийин баары өзгөргөн. Бул көчүрүп жазуучулардын кызматтарынан толук баш тартууга, формасын стандартташтырууга, процесстин наркын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берген.

Андан соң адам маалыматты аралыкка берүү максатын койгон. Телеграфты ойлоп табуу менен коммуникациянын ылдамдыгы түп тамырынан бери өзгөрдү, демек жашоонун ылдамдыгын да өзгөрттү, мисалы жаңылык 15 мүнөттө жете турган болду.

Маалыматты берүү ылдамдыгындагы кийинки глобалдык секирик телефон ойлоп табылгандан кийин орун алды. 1876-жылы 14-февралда Грэм Белл телефондук аппаратка патент алган.

Биринчи ЭВМ (электрондук-эсептегич машина) 1945-жылы пайда болгон, бирок иштеп чыгууга далалат 30-жылдардан бери эле жүрүп келген. Ал ЭНИАК деп аталган жана салмагы 30 тонна болгон. 70-жылдары гана көлөмү кийим салган шкафтай болгон «микро»-ЭВМ пайда болгон. 1976-жылы рынокко биринчи Apple компьютери чыккан.

Ал эми жогорку ылдамдыктагы интернеттин пайда болушу менен кийинки доор башталды.

 

Булактары:

Медиа жана маалыматтык сабаттуулук. 9-11 (12) – класстар үчүн окуу китепчеси. / П. Банников, Т. Соколова, О. Гороховський, И. Печищев, Д. Радзявичус, А. Усупбаева, Д. Шишкин. – Алматы:  «MediaNet» эл аралык журналистика борбору», 2021.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.