Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Интернет-реклама зыян келтириши мүмкүнбү?

12.02.2021 • 09:11

1990-жылдары веб-технологиялардын өнүгүшүнө жараша интернеттеги реклама салттуу маркетинг методдорунун виртуалдык эквиваленти болуп калды, маселен телевидение менен радиодогу роликтер, гезиттеги жарнамалар, билборддор ж.б. менен бирдей эле болуп калды. (SendPulse, 2020). Интернеттеги рекламанын саны күндөн күнгө өсүүдө. Катардагы колдонуучу күнүнө болжол менен 430 рекламалык блокту көрөт. Бүгүнкү күндө тармактан бардык нерсени билип алууга болот, каалаган адам туурасында – анын өзгөчөлүктөрү же алсыз жактары туурасында да билүугө мүмкүн (Кадочникова, 2018). Муну менен рекламачылар активдүү колдонушат: алар колдонуучулардын артынан байкоо салып, тыңшап, айрымдар акылга сыйбаган амалдарды да пайдаланышат, мисалы Youtubeдагы рекламаларга зыяндуу коддорду киргизип коюшат (Виджаян, 2018), а кимдир бирөөлөр болсо Googleдагы рекламаны кокусунан басып алгандыктан өзүнүн жеке маалыматтарынан айрылышы мүмкүн (Розенберг, 2018). 

Келгиле чогуу талдайбыз, интернеттеги реклама деген эмне жана жаман интернет-рекламанын курмандыгына айланып калбоо үчун эмне кылуу керектигин карап көрөлү.

Интернеттеги реклама (англ. internet advertising) — бул компаниялар өз бренддерин илгерилетип жана сатууну көбөйтүу үчүн колдонгон инструменттердин топтому (SendPulse, 2020). Ал адаттагы рекламага салыштырмалуу бир топ артыкчылыктарга ээ: Интернет тармагынын колдонуучусунун реакциясына жана аркеттерине көз салуу мүмкүнчүлүгү, реклама берүүчү жүрүп жаткан рекламалык кампанияга тез өзгөртүүлөрдү киргизе алат. 

Кибер кылмыштуу топтордун ичинен айрыкча зыяндуу реклама менен алектенген шылуундар өзгөчө креативдүү келишет. Рекламалык коопсуздук менен алектенген Confiant компаниясынын 2019-жылдагы иликтөөлөрү көрсөткөндөй, Интернеттеги ар бир 100-реклама кандайдыр бир арам ойго ээ жана кыйраткыч максатты көздөйт (Security, 2019).

Кибер-кылмышкерлер зыяндуу программаларды белгилүү сайтка жайгаштырган рекламалык жарыяларга кошо киргизип коюшат. Интернет-колдонуучулар ал сайтка ишенгендиктен ал сайттын баракчаларын бейкапар барактап, ал тургай анда жайгашкан рекламаларды ойлонбостон басышы мүмкүн, натыйжада зыяндуу программалар анын каражатына жүктөлүп калат. Кибер-чабуулдардын мындай түрү Malvertising деп аталат (зыяндуу реклама) мүсКөкө кларема.

Дагы бир башка методдо скрипт колдонулат, анда колдонуучу баскан баракчанын ордуна рекламаны коюп коюшат, бул -  кликджекинг деп аталат.  Бул техниканы колдонуу менен киберкылмышкерлер колдонуучуларды адаштырып, кайсы бир веб-объектти басканын “уурдап” алышы мүмкүн, б.а. ал адамдарды башка баракчага буруп жиберишет да, реклама үчүн акча алышат (Negrini, 2021). 

Санариптик мейкиндиктеги биздин ар бир аракетибиз санариптик из калтырат, ал адамдын электрондук портрети түзүлөт. Виртуалдык мейкиндиктеги биздин издерибизден реалдуу жашообуздагы көп нерсе көз каранды болот.  Реклама берүүчүлөр, банктар, уюлдук операторлор ал аркылуу биздин төлөө жөндөмдүүлүгүбүздү аныкташат, жумуш берүүчүлөр биздин компетенттүүлүгүбүздү жана коммуникабелдүүлүгүбүздү баалашса, атайын кызматтар саясий көз караштарыбыз менен чыр-чатактарга жакындыгыбызга байкоо салышат. Бирок так ушундай жол менен эле биздин санариптик изибиз аркылуу арам ойлуу шылуундар да аракетениши мүмкүн. Бул учурда эмне кылуу керек? (Ксения Лученко, Екатерина Сивякова ж.б.)

Зыяндуу рекламалар коркунуч келтириши мүмкүн экенин эске алуу менен силер өз коопсуздугуңарга кам көрүшүңөр керек. Эксперттер бир катар эрежелерди карманууга кеңеш беришет:

1.  Интернет-коргоо функциясы бар вируска каршы программалык камсыздандырууларды дайыма колдонуу керек. 

2. Операциялык системаны жана браузерди  убагында жаңылап туруу зарыл. Бул продуктуларды жаңылоо “косметикалык” оңдоолорду гана киргизбестен, коопсуздук жаатындагы айрым “жыртык-тешиктерди” да бүтөп кетет. Эгер адам продуктунун эски версиясын колдонуп жаткан болсо, зыяндуу код ага маалым болгон чабал жактарды пайдаланууга аракет көрүшү мүмкүн.

3. Антивирустун бар экенине карабай, жүктөөлөргө өтө кылдат мамиле кылуу керек. Эгер рекламалык шилтемени басканда браузер эч түшундүрмөсү жок эле кандайдыр бир файлды жүктөп алууну сунуштаса, эң алды менен рекламаланып жаткан ресурс туурасында маалыматты тыкат текшерип көрүү керек.

4. Рекламалык тармактардын роботтору озүлөрү зыяндуу рекламалары табышат деп күтпөө керек. Эгер зыяндуу рекламага туш болсоңор, бул туурасында ал ресурстун администрациясына жана рекламалык тармактын өкүлдөрүнө билдирүү зарыл.  

Биз силерге биздин бир катар реклама жөнүндөгү суроолорубузга жооп берүүнү жана “Медианы кантип окуу керек?” (2020) командасынын тестинен өтүүнү сунуштайбыз. 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.