Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Аккаунтту коргоо методдору – ишенимдүү пароль (сыр сөз)

30.03.2021 • 07:29

Бир эле ишенимсиз паролдун айынан толтура көйгөй жаралышы мүмкүн [1]. Мисалга элестетип көрөлү, хакер силердин негизги почтаңардын сыр сөзүн таап алды. Каттарды окуп силердин ICloud колдонооруңарды билип алды да, ага кирип телефонуңарга блок коюп салды, андан соң Facebook баракчаңардын паролун жаңыртып салды, жеке билдирүүлөрүңөргө кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Ал жактан документтериңердин сүрөттөрүнө, телефон номериңерге, банк картаңардын номерине ээ болуп, силердин акча каражаттарыңарды башкарууга мүмкүнчүлүк алды.

Ишенимдүү пароль – бул ирээти менен жазылган кадимки эле сөздөр же фразалар, тамгалар же сандар. 

NordPass пароль менеджеринин версиясы боюнча 2020-жылдагы эң начар сыр сөздөр -  ТОП-10 [2]:

  1. 123456 – 2020-жылы аны 2,5 миллиондон ашуун жолу колдонушкан;
  2. 123456789 – дээрлик миллион жолу колдонушкан;
  3. picture1 – рейтингдеги жаңы пароль;
  4. password;
  5. 12345678;
  6. 111111;
  7. 123123;
  8. 12345;
  9. 1234567890;
  10. senha – португалия тилиндеги "пароль" деген сөз.

Белгилей кетсек,  ондуктагы "picture1" деген сөздөн башкасын киберкылмышкерлер 10 секундка жетпеген убакыттын ичинде терип текшерип көрө алышат.

Ишенимдүү пароль – бул чоң жана кичине тамгалардын, сандардын, атайын символдордун аралашмасы. Эгер башыңарга эч нерсе келбесе, төмөнкүдөй амалды колдонуп көргүлө:

1. Каалаган эле кокусунан ойго келген фраза, мисалы – ЛондонПариж.
2. Аны транслит менен жазып көргүлө: LondonParizh.
3. Айрым тамгаларды атайын символдорго алмаштырып койгула. Мисалы, а - @, i - !, о - 0. Натыйжада: L0nd0nP@r!zh.
4. Эми ар бир сөздүн аягына сан кошуп койгула. Бул силер жакшы көргөн сан, жаш курагыңар же оператордун коду болушу мүмкүн. Натыйжасын карап көргүлө: L0nd0n13P@r!zh097.

Жаңы сыр сөздү эстеп калуу дайыма кыйынга турат. Эстеп калуунун эң мыкты амалы – башында паролду сактабай, ар жолу кол менен терип киргизүү керек. Көп паролду бир убакта эске тутуу андан да кыйыныраак. Мындай учурлар үчүн пароль менежерлери бар: KeePass, LastPass же Roboform. Бул сыр сөздөрдү силердин ордуңарга эстеп калып жана сактай турган программалар. Силер программага кире турган башкы паролду ойлоп таап жана эстеп алсаңар болду. Ал башкы пароль болгон соң эң узун жана татаал болушу керек.

Өзүңөргө сак болгула жана биздин кеңештерибизди пайдалангыла!

 

Булактар:

1. SSL.com.us (22.03.2018). Кантип ишенимдүү пароль ойлоп табуу керек. Алынган булагы: https://ssl.com.ua/blog/secure-passwords/.

2. Катерина Абрашина (19.11.2020). 2020-жылдын эң ишенимсиз паролдорун аташты - тизмеси. Алынган булагы: https://vesti.ua/lite/hi-tech/nazvali-samye-nenadezhnye-paroli-2020-goda-spisok.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.