Медиабилим процесс катары, ал эми медиасабаттуулук натыйжа катары
Технологиялар укмуштуудай өнүгүп, күнүгө бирин-бири алмаштырып жаңыланып турган заманбап дүйнөдө, маалыматтын таркоо ылдамдыгы кээде жарыктын ылдамдыгына барабар болуп жатат. Эч токтобогон телетрансляция, радиоберүүлөр, видеоблогдор, социалдык тармактар, электрондук почта ж.б. – кайда бобосун бизди маалымат курчап турат.
Мындай эбегейсиз ири өлчөмдөгү маалыматтардан баш адашпай туура кабылдоо, анализдөө үчүн «медиасабаттуулук» жана «медиабилим» керек. Бул түшүнүктөр дээрлик татаал угулат, жана көп учурда аларды чаташтырып, бири-бири менен алмаштырып лашыта. Келгиле, эмнеси эмне экенин түшүнгөнгө аракет кылып көрөлү.
Медиасабаттуулук XXI-кылымдын жөндөмү катары эволюция процессинде пайда болгон, ал классикалык сабаттуулуктан (окуп-жаза билүү) санариптик же маалыматтык сабаттуулукту карай өнүккөн, мунун натыйжасы катары медиасабаттуулук же медиакомпетенттүүлүк пайда болгон (NAMLE, 2018).
Медиабилим – заманбап массалык коммуникация каражаттарын өздөштүрүү үчүн теориялык жана иш жүзүндө пайдалана билүүгө окуутуу, бул педагогикалык теория менен практикадагы билимдин спецификалык, автономдуу бөлүгү катары каралат; муну билимдин башка жаатында мисалы, математика, физика же географияны окутуунун кошумча куралы катары колдонуудан айырмалап кароо керек» (UNESCO, 1984).
Ошентип, медиабилим – бул окуу процесси, медианы изилдөө, ал эми медиасабаттуулук – бул процесстин натыйжасы – окуучулар өздөштүргөн билим менен жөндөмдөрдүн комплекси.
Биз менен болуп жана дагы көптү билип алгыла!
Колдонулган булактар:
Namle.net (2018). Namle.net website баракчасынан 2020-ж. 5-июлунда алынды: https://namle.net/publications/core-principles/
UNESCO (1984). Media Education. Paris: UNESCO, p.8.
Материал BRYCA долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу астында даярдалды.