Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Криптовалюта деген эмне? Жөнөкөй сөз менен түшүндүрүп берели

03.09.2024 • 20:10

Бүгүнкү күндө криптовалюта жөнүндө укпаган киши жок. Бул термин жаңылыктарда, форумдарда жана социалдык тармактарда көп кездешет. Криптовалюта деген эмне, жана аны түшүнүү эмне үчүн маанилүү? Криптовалюта - бул кезектеги  модалуу тема эмес, бул каржы дүйнөсүндөгү революция. Криптовалюталардын кантип иштээрин билүү заманбап технологияларды жакшыраак башкарууга, алардын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасирин түшүнүүгө жана, балким, акча табуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табууга жардам берет.

Бүгүн биз криптовалюта деген эмне, ал кандайча иштейт, анын кандай артыкчылыктары жана тобокелдиктери бар экендиги жөнүндө сүйлөшөбүз. Бул маалымат каржылык сабаттуулугун жаңыдан түзө баштаган жаштар үчүн өзгөчө маанилүү. Анткени, криптовалюта – бул интернеттеги акча эле эмес,  ал акча жана аны колдонуу жөнүндөгү түшүнүгүбүздү өзгөрткөн бүтүндөй экосистема.

Криптовалюта деген эмне?

Бул криптография менен корголгон санариптик же виртуалдык валюта, аны жасалмалоо же эки жолу колдонуу/чыгымдоо дээрлик мүмкүн эмес. Кел, муну жөнөкөйлөштүрүп  түшүндүрүп берели. Жөнөкөй акчаны элестет - банкнотторду жана монеталарды. Аларды колуңа кармап, башка адамга берсең болот, бул чыныгы купюра экенин баары билет. Криптовалюта менен баары башкача - ал санарип түрүндө гана бар жана аны коргоо үчүн  татаал математика жана компьютер алгоритмдери колдонулат.

 

Криптовалюта борбордон ажыратылган, башкача айтканда, ал банктар же өкмөттөр сыяктуу борбордук органдар тарабынан көзөмөлдөнбөйт. Бул анын салттуу акчадан негизги айырмачылыктарынын бири. Бардык криптовалюта транзакциялары блокчейнге - ар бир операция  жөнүндө маалыматты сактаган маалымат базасына жазылат. Бул ар бир адам эмне болгонун жана качан болгонун текшере алат, бирок буга чейин жазылган маалыматтарды эч ким өзгөртө албайт дегенди билдирет.

 

Атактуу криптовалюталар

Криптовалюталардын көптөгөн мисалдары бар, бирок алардын эң белгилүүлөрү Bitcoin (биткоин) жана Ethereum (эфириум). Биткойн – 2009-жылы Сатоши Накамото деген каймана ат менен адам же адамдардын тобу тарабынан түзүлгөн биринчи жана эң популярдуу криптовалюта. Бул криптовалюталардын эталону болуп калды жана дагы эле алдыңкы позицияны ээлейт. Ethereum бул жөн гана валюта эмес, борбордон ажыратылган тиркемелерди (DApps) түзө турган бүтүндөй платформа. Ethereum сыяктуу долбоорлордун артынан криптовалюталар ушунчалык кеңири таралган жана таанылган.

 

Криптовалюталардын иштөө принциби

Криптовалюта биз жогоруда айткан блокчейн технологиясынын негизинде иштейт. Блокчейн ар бир блок транзакциялар жөнүндө маалыматты камтыган блоктордун чынжырынын бир түрү. Бардык каржылык операциялар жазылган чоң китепти элестетип көр, бирок бул китеп бардыгы үчүн жеткиликтүү жана аны бурмалоого болбойт. Ар бир жаңы блок чынжырдын аягына кошулат жана мурунку блокко шилтемени камтыйт, бул бүт системаны ачык жана коопсуз кылат.

 

Блокчейндин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири анын борбордон ажыратылышы. Кадимки финансылык системаларда транзакциялар жөнүндө маалымат бир жерде сакталат — ал маалыматты банк башкарат. Блокчейнге келсек, маалыматтар дүйнө жүзү боюнча көптөгөн компьютерлер (түйүндөр) арасында бөлүштүрүлөт. Бул түйүндөрдүн ар бири бүтүндөй блокчейндин көчүрмөсүн сактайт жана транзакцияларды тастыктоо үчүн түйүндөрдүн көпчүлүгүнүн макулдугун талап кылат. Бул системанын  бузулушунан жана  хакерликтен коргойт.

 

Жаңы блокторду түзүү жана аларды блокчейнге кошуу процесси майнинг деп аталат. Майнерлер -  татаал математикалык маселелерди чечүү үчүн күчтүү компьютерлерди колдонгон адамдар же уюмдар. Маселе чечилгенде, чынжырга жаңы блок кошулуп, майнер криптовалюта  түрүндө сыйакы алат. Бул процесс тармакты сактоо жана анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн негиз болуп саналат.

 

Криптовалюталардын артыкчылыктары

Эми криптовалюта сунуш кылган негизги артыкчылыктарды карап көрөлү.

 

Банктардан көз карандылык жок

Биринчиси – борбордон ажыратылган, бул тууралуу биз жогоруда айтып өткөнбүз. Сенин акчаң банктардан жана өкмөттөрдөн көз каранды болбойт, бул сага аны кантип колдонууда көбүрөөк эркиндикти берет. Кадимки банктык которуулардагыдай эле, сен дүйнөнүн каалаган бурчуна жогорку комиссияларды төлөбөстөн, же бир нече күн күтпөстөн акча жөнөтө жана ала аласың.

Коопсуздук

Криптовалюталар маалыматтарды коргоо үчүн татаал криптографиялык алгоритмдерди колдонушат. Бул ар бир транзакция шифрленген жана уруксатсыз кирүүдөн корголгон дегенди билдирет. Мындан тышкары, блокчейн менен ар бир транзакция ачык-айкын жана өзгөрүлгүс болот, бул алдамчылык же каражаттарды эки жолу колдонуу/чыгымдоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат.

 Ылдамдык

Үчүнчү артыкчылыгы - транзакциялардын ылдамдыгы. Салттуу банктык которуулар, айрыкча, эл аралык которуулар жөнүндө сөз болгондо, бир нече күн талап кылышы мүмкүн, криптовалюта операциялары бир нече мүнөттүн ичинде бүтүшү мүмкүн. Бул  тез арада чет өлкөгө акча которуу же онлайн сатып алуу үчүн төлөө керек болгондо өзгөчө ыңгайлуу.

Төмөн комиссиялар

Криптовалюталар  төмөн комиссияларды  сунушташат. Банктар жана төлөм системалары,  өзгөчө эл аралык которуулар  үчүн олуттуу суммаларды алышат. Криптовалюталар менен бул төлөмдөр минималдуу жана кээде жок болуп, аларды колдонуучулар үчүн жагымдуураак кылат.

 Инвестициялык мүмкүнчүлүк

Көптөгөн адамдар криптовалюталарды аманаттарын өстүрүүнүн бир жолу катары көрүшөт. Мисалы, акыркы бир нече жылда биткойндин баасы бир топ көтөрүлүп, башында  акча салгандар олуттуу кирешеге жетишти. Албетте, салымдар менен байланышкан тобокелдиктер ар дайым бар, бирок биз бул тууралуу бир аз кийинчерээк сүйлөшөбүз.

 

Криптовалюталарды колдонуунун реалдуу мисалдарын көптөгөн чөйрөлөрдөн  көрсөк болот. Мисалы, онлайн-соодада кээ бир компаниялар биткойн менен төлөм кабыл алышат. Мындан тышкары, криптовалюталар эл аралык которуулар, инвестициялар үчүн, ошондой эле борбордон ажыратылган тиркемелерди жана смарт- келишимдерди түзүү үчүн колдонулат. Смарт-келишимдер – бул  эки тарап тең милдеттерин аткаргандан  кийин келишимдин  шарттарын автоматтык түрдө аткара турган өз алдынча аткарылуучу келишимдер. Бул технология кыймылсыз мүлк, юриспруденция жана каржы сыяктуу тармактарда активдүү колдонулат.

 

Криптовалюталардын тобокелдиктери жана кемчиликтери

Бардык артыкчылыктарга карабастан, криптовалюталардын да кемчиликтери жана тобокелдиктери бар.

 Баанын өйдө-төмөн болушу

Эң маанилүүлөрүнүн бири - туруксуздук. Криптовалюталардын наркы кыска убакыттын ичинде кескин өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, биткойндин баасы бир күндө эле бир нече миң долларга көтөрүлүп же төмөндөп кетиши мүмкүн. Бул криптовалюталарды алып-сатарлар үчүн жагымдуу кылат, бирок ошол эле учурда катардагы колдонуучулар жана инвесторлор үчүн тобокелдиктерди жаратат.

 

Толук кандуу тушүнүктүн жоктугу

Мындан тышкары, криптовалюталар дагы эле салыштырмалуу жаңы жана жетишсиз изилденген бойдон калууда. Бул көптөгөн адамдардын жана компаниялардын  анын кантип иштешин жана алар менен байланышкан тобокелдиктерди толук түшүнбөй калышына алып келет. Мисалы, сырсөзүңдү унутуп же ал сакталган түзмөктү  жоготуп алсаң, криптовалюталар капчыгына кирүү мүмкүнчүлүгүн жоготуп алуу коркунучу бар. Банктардан айырмаланып, криптовалюталарда каражаттарга жетүүнү калыбына келтирүүгө жардам бере турган колдоо тобу жок.

Жөнгө салуу

Дагы бир коркунуч жөнгө салуу менен байланыштуу. Ар кайсы өлкөлөр криптовалюталарга ар кандай мамиле кылышат. Кээ бир мамлекеттер аларды салттуу каржы системасы үчүн коркунуч деп эсептеп, пайдаланууга толугу менен тыюу салышат. Башка өлкөлөр криптовалюталарды өз экономикаларына интеграциялоого аракет кылып жатышат, бирок алар муну акырындык менен жана этияттык менен жасап жатышат. Бул колдонуучулар жана инвесторлор үчүн белгисиздикти жаратат, анткени эрежелер  өзгөрүшү мүмкүн жана бул криптовалютанын баасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Коопсуздук

Ошондой эле коопсуздук коркунучтарын эске алуу зарыл. Блокчейн ишенимдүү технология деп саналса да, криптовалюта капчыктары жана биржалары көбүнчө хакерлердин бутасына алынат. Чоң көлөмдүү бузуулар  буга чейин миллиондогон долларлардын жоголушуна алып келген, буга, атүгүл эң коопсуз системалар да аялуу болушу мүмкүн. Ошондуктан, криптовалюталык активдериңдин  коопсуздугуна көңүл буруу өтө маанилүү: татаал сырсөздөрдү, эки фактордук аутентификацияны жана ишенимдүү капчыктарды колдон.

 

Криптовалюталарды өнүктүрүүнүн келечеги

Бардык тобокелдиктерге карабастан, көптөгөн серепчилер криптовалюталар келечектүү  деп эсептешет. Алар транзакцияларды жүргүзүүнүн тез, арзан жана коопсуз жолдорун сунуштап, дүйнөлүк каржы системасынын ажырагыс бөлүгү болуп калышы мүмкүн. Мындан тышкары, блокчейн жана смарт-келишимдер сыяктуу технологияларды өнүктүрүү каржы секторун гана эмес, экономиканын башка секторлорун да өзгөртө турган жаңы тиркемелерди жана кызматтарды түзүүгө алып келиши мүмкүн. Мисалы, борбордон ажыратылган каржылык тиркемелер (DeFi) азыртан эле жигердүү өнүгүп келе жатат жана колдонуучуларга кредиттөөдөн соодага чейин кеңири кызматтарды сунуштайт.

 

Ошентип, криптовалюталар  каржы дүйнөсүн өзгөртүп жаткан акчанын жаңы түрү болуп саналат. Бул борбордон ажыратуу, коопсуздук жана ылдамдык сыяктуу көптөгөн артыкчылыктарды сунуш кылат, бирок ошондой эле туруксуздук жана коопсуздук маселелери сыяктуу тобокелдиктерди камтыйт. Негизделген чечимдерди кабыл алуу үчүн жөнөкөй тил менен айтканда криптовалюта  эмне экенин түшүнүү маанилүү. Келечекте криптовалюталар дүйнөлүк каржы системасынын ажырагыс бөлүгү болуп калышы мүмкүн жана аларды канчалык тез түшүнсөң, ошончолук көп мүмкүнчүлүктөр

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.