Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кликбейт. Бул эмне жана аны кантип таануу керек?

08.01.2021 • 14:28

Келгиле карап көрөлү, кликбейт деген эмне, ал жакшыбы-жаманбы жана аны кантип ажырата билүү керек.

Кликбейт бул англис тилиндеги «clickbait» деген сөз,  click «чыкылдатып баскылоо» + bait «кызыктырып алдоо». Башкачат айтканда, бул кайсы бир деңгээлде бир нерсе менен кызыктырып алдап өзүнө тартуу, ал нерсени силер кызыгып басышыңар керек. Онлайн рекламанын аркасы менен киреше табуу максатын көздөгөн сайттардагы маалыматты ушундайча аташат, айрыкча мындай маалыматтардын сапаты менен тактыгы өтө күмөндүү («Кликбейт», 2020). Кээде негизги максат киреше табуу болбой калышы да ыктымал, бирок маңызы мурдагыдай эле, клибейтти тузгөн адам силер анын контентин басышыңарды өтө каалайт.

Кликбейт бул СЕНСАЦИЯЛУУ жана ЧУУЛГАНДУУ баш сөздөр, көңүлдү өзүнө тартып алган сүрөттөр (Гордовский, 2019). Анын менен катар баш сөз дайыма эле жаңылыктын мазмунуна сөзсүз түрдө эле дал келе бербейт, же сөз болуп жаткан товар туурасында боло бербейт. Мындай баш сөздөр атайлап эле биздин кызыгуубузду арттырыш үчун маалыматты толук ачыктабайт, ошентип шилтемени басууга аргасыздантырышат. Эсиңерде болсун, көп учурда силер күткөн нерсе болбойт – ал шилтеме күмөндүү товардын промо-акциясын ачып берет же андан да өкүнүчтүүсү вирус болушу ыктымал. 

Кликбейттердин баш сөзүндө же сүрөттөмөсүндө көп учурда бир калыпка салынган фразалар колдонулат. Төмөнкү таблицада адатта кездеше турган мисалдар келтирилген (Яндекс.Дзен, б. д.; Dr.WEB, б. д.):

Белгиси

Мисал

Маалыматты жашыруу, ансыз материалдын мазмунун тушүнүү мүмкүн болбойт.

Силер буга эч ишенбейсиңер, кызыл килем үстүндө ким кулап түштү...

Фактыларды ашыра сүрөттөө же бурмалоо.

Окумуштуулар аныктап чыгышты: планетага аз эле күндөр калды...

Буйрук ыңгай менен айтылат, көбүнчө “сен” деп кайрылат.

Буга ишенүү мүмкүн эмес, өкмөт эмнени жашырып жатат! Билгиң келсе, шилтемени бас!

Текстти бурмалоо: ашыкча боштуктар калтырылып же таптакыр баары кошулуп жазылат, орфографиялык каталар кездешет.

Жаңы ЖЫЛДЫЗУУ диета! Өчүрө электе окуп кал!

 

Эң популярдуу темалар: саясат, атактуу адамдар,  алардын жалган оорулары, фейк өлүмдөр, жеке жашоодогу чыр-чатактар, төлгөчүлүк, жаңы супергаджеттер, сыйкырдуу таблеткалар ж.б. (Гордовский, 2019).

Бир карап туруп кликбейттерди төмөнкү белгилери боюнча аныктаса болот (Гордовский, 2019):

  • Текстти окуганда аны жазып жаткан адам өтө шашылып, тезирээк бөлүшөйүн деген ой менен шашып жазгандай ой калтырат – үтүрлөрү жок, сөздөр бири-биринен ажыратылбай калган, эң кызыктуу жеринен сүйлөм үзүлүп калат;
  • Адамды нес кыла турган контент колдонуу;
  • Белгилүү мемдерди колдонуу;
  • Баш сөзүндө же сүрөттө жаа сызык, тегеректөө ж.б болот;
  • Учурдун актуалдуу темаларын колдонуу – коронавирус, атактуу адамдын үйлөнүү үлпөтү ж.б.;
  • Фразеологизм, макал-лакап, белгилүү цитаталарды колдонуу.
  • берКибуллинг, моббербингки

Кликбейт – бул жаманбы? Көпчүлүк учурларда ооба, бул жаман нерсе. Кликбейттин баш сөздөрү же сүрөттөрү биздин эмоцияларыбызды манипуляция кылат, убактыбызды коротот жана башыбызды адаштырат. Эң коопсуз стратегия – аларды такыр эле баспай коюу. Төмөндөгү викторинада биз кликбейттердин мисалдарын тандап койдук, аларды кадыресе баш сөздөрдүн арасынан ажыратып табуу керек.

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.