Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кибербуллинг Борбордук Азияда

08.02.2021 • 08:51

Кибербуллинг, кибермоббинг, хейтинг – мунун бардыгы онлайн куугунтуктоону түшүндүргөн сөздөр. Инетрнеттеги куугунтуктоонун агрессор үчүн маанилүү артыкчылыктарынын бири – бул жазасыз калуу сезими. Реалдуу жашоодо ыза көргөн адам башка адамдарды жардамга тартып же кайра тап бериши мүмкүн, ал эми купуя куугунтуктоо аралыкта жүргөндүктөн агрессордун “колу узун”.

Тармакта колдонуучулар купуя түрдө куугунтуктоонун “курмандыгына” айланган адамдын сүрөтүн жайгаштырып же анын келбети, интеллектуалдык денгээли, социалдык статусу ж.б. туурасында мазактаган  тексттерди эч бир далили жок эле жана андай маалыматты чыгарууга эч кандай уруксаты жок эле жарялаган аккаунттар менен топтор популярдуу. Башка колдонуучулар бул талкууну улантып, өз пикирлерин айта алышат. Мындай көрүнүш көп эле болот, маселен селебрити же блогерлердин постторуна карата комментарийлерде катталган адамдар алардын кайсы бир аракеттерине каршы же коргогон пикирлерин жазышат.

Өзбекстанда 17 жашар Фергананын жашоочусу К. Эвелина ити менен сейилдеп жүргөн учурда 22 жашар Нодыр Косимов тарабынан катуу токмоктолгонуна байланыштуу аны колдоо максатында өткөрүлгөн кыздардын үй-бүлөлүк зордук-змобулукка жана сексизмге каршы флешмобунан кийин, Instagram жана Facebook баракчаларында флешмобдун катышуучуларынын дарегине айтылган эмоционалдык билдирүүлөр жаады. Өзүнүн идеологиясы бар  Gonzo_ mems  сыяктуу жаштардын группаларында каналдын авторлору башкалардын пикирин кабыл албастыкты чагылдырып, интолеранттуулукка жана зордук-зомбулукка чакырык ташташат. Азыркы учурда кыздар тармакта да, оффлайн да куугунтукка кабылып, өмүрүнө коркунуч келтире турган коркутуу-үркүтүүлөргө туш болууда. [1]. 

Кыргызстанда июнь айынын соңунда белгилүү блогер Эмиль Токтошев өзүнүн Instagram  баракчасына автоунаа заказ кылууга жарнама катары кыз ала качууну чагылдырган ролик жарыялаган. Активист кыздардын бири блогерге өзүнүн нааразылыгын билдирип, видеону алып салууну суранган. Блогер болсо ал кыздын купальник кийген сүрөтүн төмөндөгүдөй сөздөр менен жарыялаган:  «Өзүң ушинтип жүрсөң, мага бирдеме деп айтканга кандай укугуң бар?», ошондон кийин активистка блогердин күйөрмандары тарабынан кибербуллингке кабылган. Ачуулуу билдирүүлөрдө мазактоо сөздөрү менен бирге эле, өлтүрүп коебуз деген коркутуулар менен да коштолгон [2]. 

Казакстанда жаш уландын мүрзөсүнө айфон формасындагы эстелик коюлганы туурасында сүрөт тармакта таркаганда, каза болгон баланын ата-энесинин дарегине орой билдирүүлөр жана хейтинг жааган. Зангар Орынбетовдун жакындарына мындай билдирүүлөр оор тийип, алардын бири мындай түшүндүрмө берген: «Көпчүлүк колдонуучулар мындай эстеликти көргөндө таң калгандарын жашырбай, түшүнбөй жатышат. Ошондуктан, бул боюнча тушундүрмө берип коелу дедик. Бул жерде Зангар Орынбетов аттуу уландын сөөгү коюлган. Ал биздин жаныбызда жок болсо да, тарыхта өзүнүн изин калтырып кетти. Жаш илимпоз iPhone жана iPad үчүн казакча баскычтарды иштеп чыккан» [3]. 

Тажикистанда 2020-жылдын сентябрь айында смаокаттарды ижарага берген тажик компаниясынын жарнамалык ролиги жарык көргөн, Instagram баракчасына жайгаштырылган ролик дароо эле катуу сын-пикирди жаратты. Роликте белгилүү блогерлер Рафаел Гулов менен Шоира Пулатова жарым жылаңач бойдон жуурканга оронуп алып Душанбенин көчөлөрүндө самокат тебишет. Бул бир мүнөттүк видео Интернетте жаңжалды пайда кылды. Комментаторлор блогерлердин дарегине орой, ар-намыска тие турган билдирүүлөрдү жаадырышты. Акыры хейт толкундарынын айынан блогерлер менен компанияга ал роликти баракчадан алып салууга туура келди [4].

Мындай мисалдар жалгыз эмес. Интернет-куугунтуктун деңгээли Борбор Азия чөлкөмүндө абдан жогору. 

 

Материал Европа Биримдигинин колдоосу астындагы BRYCA долбоорунун алкагында даярдалды.

Булактары:

  1. Матвиенко Ирина. Facebook.com. Алынган булагы: https://www.facebook.com/matvienko.irina/posts/3201089733283955
  2. Антон Данилов (30.06.2020). Wonerzine.com. Алынган булагы: https://www.wonderzine.com/wonderzine/life/experience/251073-syrga-tilekova-interview?fbclid=IwAR1gugKlgI4O8ZC4oyIDesgXFnUEitgLmfEcjD9_IsqMP1sN5tzmGg39278
  3. Caravan.kz (17.01.2017). Алынган булагы: https://www.caravan.kz/news/pamyatnik-v-vide-iphone-ustanovili-v-almaty-389112/?fbclid=IwAR2WUBaAP7-gzUWwU-ecTDaEqsybwZV3HGNNNOU8S3UQpR0rllBQvaKbR8w
  4. Марина Чернышова-Мельник (09.09.2020). Алынган булагы: https://tj.sputniknews.ru/society/20200909/1031869380/video-odeyala-reklama-dushanbe.html



 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.