Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кибербуллинг: коркунучту кантип таанып жана кантип күрөшүү керек

29.01.2021 • 07:09

Facebook, Instagram, Twitter, WhatsApp, YouTube жана башка каалаган социалдык тармакты колдонгон дээрлик ар бир смартфон же планшет ээси кибербуллингдин бутасына айланышы мүмкүн. Албетте, социалдык тармактардан баш тартуу кибербуллингке каршы күрөштүн натыйжалуу жолу болмок, бирок бул акыркы айла.  Эң мыкты жолу айланадагы адамдар менен ачык диалог тузө билүү, эгер алар онлай-куугунтуктоого туш болсо, тартынбай жардам сурап кайрыла алгандай болушу керек.  

Куугунтук Интернетте болгон учурда адамга бардык жерден, ал тургай өз үйүнөн да чабуулга кабылып жаткандай сезим келиши мүмкүн. Андан кутулуунун айласы жоктой көрүнушү мүмкүн. Мындай сезимдер узак убакытка созулуп, адамга ар кандай таасир берет:

  • Ой аркылуу – өзүңдү капалуу, уялыңкы, акылсыз, ачуулуу да сезесиң
  • Эмоционалдык жактан – уялып же бардык нерсеге кызыгууң жоголот
  • Денеге таасири – өзүңдү чарчаңкы сезип (уйку жоголуп) же баш жана ич ооругандагыдай эле сезимдер болот.

Өзгөчө учурларда кибербуллинг адам өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Кибербуллинг бизге көп жагынан таасир берет. Бирок муну жеңсе болот жана адамдар өзүнө болгон ишенимин жана ден соолугун кайтара алышат.

Эгер силерди бирөө мазактап жатат деп эсептесеңер, биринчи кадам:

  • Жек көрүү сезимин таркатуу үчүн колдонгон агрессордун аккаунтуна блок койгула.
  • Даттануу арызын жолдогула. Болгон окуя туурасында социалдык тармактын өкүлдөрүнө билдиргиле.
  • Ойлонуп көргүлө, дагы кимге окуя туурасында айтууга болот. Куугунтуктаган адамдар менен өз алдынча мамиле териштирүүдөн майнап чыкпайт, кээде бул абалды ого бетер начарлатышы да мүмкүн.
  • Далилдерди сактап койгула —буллинг мүнөздөгү электрондук каттарын же билдирүүлөрдү өчүрбөгүлө. Эгер кийин бул туурасында укук коргоо органдарына айтып берүүгө туура келсе, далилдер керек болот.
  • Купуялык жөндөөлөрдү өзгөртүп алгыла. Силердин профилди досторуңар гана көрө ала турганын текшергиле.
  • Досторуңардын тизмесин кайра карап чыккыла. Билбеген адамдарды, эч качан жолукпаган же жакпагандарды өчүрүп салгыла. Бул силерди башка кибербуллингке кабылуу мүмкүнчүлүгүнөн сактайт. Жана келечекте өзүңөр билбеген жана көзмө-көз сүйлөшүп көрбөгөн адамдарды досторуңарга кошпогула.

 

Булактары: 

  1. Кибербуллинг деген эмне жана андан кантип коргонуу керек - Avast https://www.avast.ru/c-cyberbullying
  2. Интернеттеги куугунтуктоо: бул эмне жана кантип күрөшүү керек – Unicef 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.