Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Киберкоопсуздук. Коркунучтардын түрлөрү

15.03.2021 • 04:37

Киберчабуулдардын максаты адатта купуя маалыматтарга ээ болуу, аны өзгөртүү же жок кылуу, колдонуучулардан акча талап кылуу же бизнес-процесстерди үзгүлтүккө учуратуу. 

Бүгүнкү күндө киберчабуулдарга каршы натыйжалуу чараларды киргизүү өзгөчө кыйын, анткени каражаттардын саны адамдардан көп, ал эми хакерлер барган сайын чабуулдардын укмуштуудай методдорун колдонуп жатышат.

Киберкоопсуздук боюнча адистер коркунучтардын төмөнкүдөй түрлөрү менен күрөшүшөт: 

  • Фишинг —бул ишенимдүү даректен келген каттарга окшош болгон жалган электрондук каттарды жөнөтүү. Шылуундуктун мындай түрүнүн максаты кредиттик картанын номери же аккаунттук жеке маалыматтар сыяктуу купуя маалыматтарды уурдоо. [1] Бул сыяктуу коркунучтардан кызматкерлерди жүрүм-турум эрежелерине үйрөтүүнүн жардамы менен коргонууга болот, ошондой эле зыяндуу электрондук каттарга блок коюу амалы да бар.
  • Опуза -вирустар — шылуундар акча талап кылган киберкоркунучтун түрү. Колдонуучу файлдарына жана маалыматтык системага шылуундарга акча котормоюнча кире албай калат. Ошол эле учурда талап кылынган акчаны төлөп берүү да, файлдарга жана системага кирүү калыбына келтирилет деп толук кепилдик бербейт. [2]
  • Зыяндуу программалык камсыздандыруу (ПО) — бул компьютерге мыйзамсыз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга же зыян келтирүүгө арналган программалык камсыздоо. [1]
  • Социалдык инженерия — бул шылуундардын колдонуучулар купуя маалыматтарын ачыктап берүүсү үчүн колдонгон тактикасы. Алар акча төлөмү боюнча өтүнүч менен же купуя маалыматтарга кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү өтүнүчү менен кайрылышы мүмкүн. Социалдык инженерия амалдары колдонуучуларды шилтемени басууга, зыяндуу программалык камсыздандырууну жүктөөгө же арам ойлуу булакка ишенүүгө мажбур кыла тургандай кылып, жогоруда аталган коркунучтардын каалаган түрү  менен бирге колдонулушу мүмкүн. [3]

Булактар:

  1. Cisco.com «Киберкоопсуздук деген эмне?» https://www.cisco.com/c/ru_ru/products/security/what-is-cybersecurity.html#~how-cybersecurity-works
  2. DATAMI “Киберкоопсуздук жана коркунучтардын түрлөрү” (1.07.2020) https://datami.ua/ru/kiberbezopasnost-i-tipy-ugroz/
  3. VK коомчулугу “Санариптештирүү кылымындагы киберкоопсуздук” (23. 05.2019) https://vk.com/@infotechno-tipy-ugroz-v-kiberbezopasnosti

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.