Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кандай учурларда кастык тили үндүн тону менен берилет жана аны кантип таанууга болот?

22.09.2020 • 05:20

Келгиле талдап көрөлү, хейтспич кайсы учурларда үндүн тону менен берилет. Кастык тилинин бир нече түрлөрү бар. Россиялык иликтөөчү, журналист жана публицист А.М Верховскийдин бөлүштүрүүсү боюнча төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт: 

Орой “кастык тили” – бул түздөн-түз зордук-зомбулукка, басмырлоого чакыруу. Кээде бул үчүн жалпы лозунгдарды колдонушат, кээде көмүскө чакырык таштоо болушу мүмкүн. Биз бул жерде андай мисалдарды келтирбейбиз, анткени аларды цитата катары келтирүү үчүн да кылмыш жоопкерчилиги каралышы мүмкүн. 

Орто формадагы “кастык тили” ММКларда, социалдык тармактардагы посттордо, комментарийлерде, ошондой эле айрым мамлекеттик органдардын расмий баракчаларында кездешиши мүмкүн. Мисалы, Ташкенттин ШИИБнин сайты жол эрежесин бузган айдоочулардын жана акча алып интим кызматтарын көрсөткөндөрдүн сүрөттөрүн жалпыга ачык жарыялаган. Орто формадагы кастык тилинин дагы бир башка мисалы катары ММКдагы бул баш сөздү келтирүүгө болот: “Кытай бийлиги сойкуларды кайра тарбиялоо идеясынан баш тартышы мүмкүн”. Орто форма төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Зордук-зомбулук, дискриминацияга байланыштуу тарыхый окуяларды актоо;
  • Жалпыга таанылган зордук-зомбулук, дискриминацияга байланыштуу тарыхый окуяларга карата шек туудурган публикациялар, билдирүүлөр;
  • Бул же тиги этникалык же диний топтордун тарыхый кылмыштары туурасындагы билдирүүлөр;
  •  Бул же тиги этникалык же диний топту кылмыштуулукка жакын деп билдирүү;
  • Бул же тиги этникалык же диний топтун пропроционалдуу эмес артыкчылыктары туурасында талкуулоо;
  • Бул же тиги этникалык же диний топту коомго, мамлекетке терс таасир тийгизип жатат деп айыптоо;
  • Адамдардын тобун бийликти басып алуу аракетине байланыштуу же аймактык экспансия боюнча айыптоо;
  • Жарандыкты тануу.

Жумшак формадагы “кастык тили”, адатта бул стереотиптерге негизделет. Мисалы, майыптыгы бар адамдар темасы стереотиптерге таянганы эреже болуп калган, натыйжада социалдык аутсайдердин образы түзүлөт да, дайыма муктаж болгон, ооруган, чабал, коомго пайдасыз, демек, коом үчүн жүк болгон адамдын элеси тартылат. Кастык тилинин жумшак формасы төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Этникалык, диний же адамдардын башка тобунун негативдүү образы;
  • Бул же тиги топтун толук кандуу эместиги туурасында билдирүү;
  • Адамдын же адамдардын тобунун моралдык кемчиликтери туурасындагы билдирүүлөр;
  • Этникалык же диний топтор же алардын өкүлдөрү туурасында кемсинтип же мазактоо маанайы менен сөз кылуу;
  • Анык эле ксенофобия маанайындагы билдирүүлөрдү же тексттерди эч кандай комментарийсиз колдонуу. 

Ошентип, жогоруда айтылып өткөн аракеттердин кайсынысы болбосун кастык тили болуп саналат жана мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет.

 

Булактар: 

Верховский А. М. Язык мой… Проблема этнической и религиозной нетерпимости в российских СМИ. — М.: РОО «Центр «Панорама», 2002. — 200 с. — ISBN 5-94420-008-1.

Сайт:  https://kun.uz/ru/news/2018/12/27/vlasti-kitaya-mogut-otkazatsya-ot-perevospitaniya-prostitutok

 

 

 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.