«Интернет расизм менен чыдамсыз мамилени таркатуунун маанилүү куралы болуп калды. Кастык тили социалдык ММКлар аркылуу тездик менен өсүүдө, ал азыр мурдагы экстремисттик басылма ММКларга караганда алда канча кеңири аудиторияны камтый алат.» (ЕКРН, 2021).
Дүйнөлүк социалдык тармактардын «Фейсбук», «Гугл», «Ютуб» жана «Твиттер» сыяктуу бир нечеси дээрлик бир көз ирмемде миллиарддаган адамдарга жетет. Алар дүйнөдөгү эң бай компаниялардын катарына кирет. Алардын бизнес-модели колдонуучулардын кызыкчылыктарына жана колдонуучулардын көңүлүн өзүнө кармап туруу үчүн контентти атайлап күчтөндүрүү алгоритмдерине негизделген, бирок ошону менен бирге эле алар чектелген маалыматты кайра-кайра нускалаган жаңырык-камералар болуп саналат жана алдын ала ишеним менен ынанымдарга басым жасайт.
Мамлекеттик органдар тарбынан жана платформалардын кожоюндары тарабынан натыйжалуу юридикалык жана башка жооп кылуу чараларынын жоктугу кесепеттүү болушу мүмкүн, адам өлүмү, массалык бузуку иштер жана адам укукгунун бузулушу.
Интернетте мыйзамсыз, жек көрүүчүлүктү тарката турган билдирүүлөрдүн жайылышын алдын алып жана ага каршы туруу үчүн, 2016-жылдын май айында Комиссия менен Facebook, Microsoft, Twitter жана YouTube платформалары «Интернеттеги жек көрүүчүлүк боюнча мыйзамсыз билдирүүлөргө каршы туруудагы жүрүм-турум Кодексин» кабыл алышкан.
2018-жылдын ичинде жүрүм-турум Кодексине Instagram, Snapchat жана Dailymotion да кошулду. Jeuxvideo.com 2019-жылдын январь айында кирди, ал эми TikTok өзүнүн Кодекске кошулганын 2020-жылдын сентябрь айында жарыялаган. (ЕС, 2021)
2016-жылы Кодекс кабыл алынгандан бери үзгүлтүксүз прогресс орун алып келет: соңку баа берүулөр боюнча, азыркы учурда компаниялар 24 сааттын ичинде белгиленип коюлган 90% контентке баа берип, мыйзамсыз, жек көрүүчүлүктү пайда кылат делген контенттин 71% өчүрүлөт.