Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Сынчыл ойломду кантип өнүктүрүү керек?

30.09.2021 • 09:14

Сынчыл ойлом – бул бир сөз менен толук түшүндүрүп берүүгө болбой турган нерсе. Ал жашоонун бардык этабында өнүгүп отура турган көндүм. Азыр маалыматтык чөйрө жана биздин жашоо шартыбыз ушунчалык тез өзгөрүп турганын эске алганда, сынчыл ойломду дайыма өнүктүрүп туруу керек.

Сынчыл ойломду өнүктүрүү үчүн кругозоруңарды кеңейтүүгө умтулгула, ар кандай предметтер, көрүнүштөр туурасында көптү билгиле. Билим канча көп болсо, салыштыруу, анализдөө ошончолук жеңил болот. Маселени сынчыл баалоодон мурда, алгач аны туш тарабынан карап чыгуу керек, башка окуялардын контексинен көрүп, мезгилдин өтүшү менен анын өнүгүшүнө байкоо салып чыгуу зарыл.

Суроо бергенди үйрөнгүлө. Ынтызарлык жана билимге дайыма суусап туруу – сынчыл ойдомдун негизин түзөт, мындай суусунду кандыруу үчүн суроолорду туура берүүгө үйрөнүү керек. Ар кандай темалар боюнча суроо бергенге машыккыла. Кандай маселени изилдеп жатсаңар да анын бардык аспектисине кызыгып, ар тараптуу талдап, деталдарын тактагыла.  

Текстти анализдөө. Маалыматтын ишенимдүүлүгүн аныктоо үчүн жана бир бүтүм чыгарууга аны жетиштүү деңгээлде түшүнүү үчүн ал маалыматты анализдөө керек. Бул сынчыл ойломдун маанилүү аспектилеринин бири.

 Окуянын өнүгүшүнүн ар түрдүү варианттарын карап чыккыла. Жашоодогу кандай кырдаал болбосун өз аракетериңердин натыйжаларын алдын ала көрө билгенге үйрөнгүлө. Чечим кабыл алып жатып, мүмкүн боло турган кесепеттерин кагазга жазып чыккыла, ар бирине баа бергиле, ойлонуп көргүлө, жол болбой калуу ыктымалдыгын жана мүмкүн боло турган терс кесепеттерин болушунча кантип азайтууга болот.

Ар кандай оюндардын, баш катырмалардын жана атайын көнүгүүлөрдүн жардамы менен логикаңарды, ой чабытыңарды жана көңүл буруу жөндөмүңөрдү машыктыргыла.

  • Шахмат

Шахмат ойноо логикалык ойломду өнүктүрөт, себеп-натыйжа байланыштарын көрүүгө жана окуянын өнүгүшүн алдын ала болжоого үйрөтөт. Бир гана шахмат ойноо эмес, шахматтык маселелерди чыгаруу да пайдалуу.

  • Ребустар, баш катырмалар, логикалык оюндар

Ребустарды, баш катырмаларды чечүү логика менен көңүл коё билүү жөндөмүн өнүктүрөт, ойломдын ылдамдыгын жакшыртат, майда деталдарды байкоого, маанилүү нерсе менен экинчи орундагы нерсени ажырата билүүгө үйрөтөт. Мындай оюндардын эң жеткиликтүүлөрү — судоку, Рубик кубиги ж.б.

  • Логика менен ой чабытын өнүктүрүүчү оюндар

«Ооба-жок». Алып баруучу бир сөздү же кырдаалды ойлоп табат да, оюнчулар суроо берүү аркылуу ал эмне экенин табышы керек. Алып баруучу суроолорго “ооба” же “жок” деп гана жооп бере алат.

  • Стандарттык эмес ойломду өнүктүрүү методикалары

«Колдонуу амалдары». Каалаган предметти алгыла да, мисалы таракты же калем сапты, анын кантип колдонууга боло турган 100 жолун ойлоп тапкыла.

«Капылет сөз». Кандайдыр бир маселе ойлоп тапкыла, аны ачык турган китептеги капылет тандалган сөз менен байланыштырганга аракет кылгыла.

Булактар: 

  1. Фоксфорд. 27.12.2019.  «Сынчыл ойлом деген эмне» https://media.foxford.ru/critical-thinking/
  2. РБК 02.03.2021  «Сынчыл ойломду кантип өнүктүрүү керек» 

https://trends.rbc.ru/trends/education/5fce3d8b9a7947ff046c43c6 

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.