Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Троллду кантип таанып жана андан кантип коргонуу керек?

03.02.2021 • 08:37

«Тролль»  жана «тролинг» деген сөздөр интернетте кадимки речке айланып калды.

«Тролль» — бул Интернетке орой же чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялаган адам, мисалы талкуу форумдарында талкууга тоскоол болуп же катышуучулардын бирин мазактайт.  «Троллинг» - бул троллдун же бир нече троллдун ишмердүлүгү рууУлар шусогу.

Троллингдин максаты акыры келип эле өзүнө көңүл бурдуруу аракетине такалат. Тролль өзүнүн маанилүүлүгүн, атактуулугун сезгиси келет, башкаларга күчтүү таасир калтырууну каалайт, жана бул үчүн бардык каражатты жумшайт.

Психиатр Адам Белл троллингди балык уулоо менен салыштырат: «Тролль интернет суусуна жем таштайт (мазактаган комментарий). Эч нерседен шек санабаган балык (мазакталган юзер) жемге азгырылат (каршы аргумент менен жооп кайтарат), ошентип айыгышкан кармаш башталат. Бирок, балык уулоочунун өз аракеттери үчүн кандайдыр бир акысы же максаты бар (кармаган балыгы), ал эми троллдун максаты жана мотивдери анча тушүнүктүү эмес».

Адатта троллдорду эртеби-кечпи таанып, аларга блок коюшат. Бирок, кээде жөндөөлөргө карабай Интернет-троллдор достордун тизмесине алдоо жолу менен кирип алуунун амалдарын таап алышат. Мындай амалдардын бири – жасалма аккаунттар. Троллдор өзүлөрүн башка адам катары көрсөтүп гана тим болбостон, алар Интернеттеги кодулоонун курмандыгы катары анткорлонуп, жаш колдонуучулардын ишенимине киришет. Мына ушул үчүн троллинг үчүн колдонула турган профилдерди айырмалап турган белгилерди билип алуу маанилүү.

Интернеттеги троллинг үчүн колдонулган профилдердин белгилери:

1. Сүрөтү жок.

Троллдор менен хейтерлер көп учурда санариптик жана реалдуу жашоодо куугунтуктан качып беттерин жашырышат.  Ошондуктан эгер профилинде сүрөтү жок болсо, аны достордун тизменсине кошуп кереги жок.

2. Жалпы достор же тааныштардын жоктугу.

Жалпы тааныштарыңар жок болгон адамдардын дос болуу сунушунан да сак болуу керек. Жок дегенде бир жалпы тааныган адам бар болсо, мындай дос болуу сунушу реалдуу адамдан келип жатканынынын кайсы бир деңгээлде кепилдиги болуп саналат.

3. Катталган адамдары көп, бирок активдүүлүгү жок.

Профилге көп адамдар жазылып, бирок жеке контенти болбосо, башка барактардын гана репосту болсо, бул да шек жаратат. Мындай аккаунт чыныгы аккаунт болбошу толук ыктымал жана ал троллинг үчүн колдонулушу мүмкүн.

4.  Тролль түз берилген суроолордон качат жана андай суроолорду озү берет. Ушундай жол менен ал баарлашууга көзөмөл кылып турат.

5. Троллдун жүрүм-турумун агрессивдүү мазактоо катары мүнөздөөгө болот. Мындай маектеш дайыма чыр-чатак чыгарууга аракет кылып, эмоционалдык чыңалууну каалап турат.

6. Тролль дайыма конструктивдүү баарлашууну бузуп, эч мааниси жок талаш-тартыш, урушту жаратууга аракет кылат.

7. Чыр-чатакка болушунча көп адамды тартуу аракети. Талкууга канчалык көп адам катышса, тролль ошончолук чоң “ийгиликке” жетет.

Троллингке каршы туруу

Троллингке каршы аракет көрүү зарыл, анткени тролль адамдын психикалык абалына зыян келтирип, ал тургай жек көрүү, коркутуу-үркүтүү жана кол салуу аракетин санариптик дүйнөдөн реалдуу жашоого алып чыгышы мүмкүн.  Тролль жана троллинг чыр-чатактуу кырдаалдын жарылышына себеп болуп, кастык тили колдонулган чатакка айланышы мүмкүн – катышуучуларды басынтуу, мазактоо. Көпчүлүк балдар троллинг туурасында чоңдорго айтышпайт, анткени өч алат деп коркушат, бирок бул кооптуу болушу мүмкүн. Ошондуктан, эгер трольь экенин аныктасаңар, ал колдонуп жаткан аккаунтка блок койгула.  Дээрлик бардык социалдык тармактарда белгилүү бир профилге карата администраторлорго даттанууга болот. Мындай билдирүүлөр купуя мүнөзгө ээ жана Интернет-кооомчулуктун бардык колдонуучуларынын жайлуулугун жана коопсуздугун жакшыртууга жардам берет.

 

Булактары:

Republic журналисттер жана редакторлор коомчулугу

"Эмне үчүн жана кантип адамдар интернет-тролль болуп калышат? Муну алдын алууга болобу?”

https://republic.ru/posts/96928

Оnezero.medium " Эмне үчүн адамдар интернет-тролль болуп калышат” https://onezero.medium.com/why-people-become-internet-trolls-4dbffaeaa74f

"Баланы кантип троллдон коргоо керек? Ата-энелерге кеңеш " https://eset.ua/ru/blog/view/43/kak-zashchitit-rebenka-ot-trollinga-sovety-dlya-roditeley

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.