Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Акчаны кантип үнөмдөп жана аны топтоо керек

08.07.2024 • 11:50

Жашоодо, өзгөчө, каржы маселесине келгенде, күтүүсүз нерселер болушу мүмкүн. Түгөнгүс болуп сезилген өзүң тапкан акчабы же ата-энең берген акчабы,чындыгында  капысынан эле түгөнүп калат. Бирок акчаны сактап эле тим болбостон, аны натыйжалуу  кылуунун жолдору бар. Кел, каржыңды кантип акыл калчап башкарууну, акчаны эмнеге топтоону  жана келечек үчүн акчаны кантип үнөмдөөгө болорун чогуу карап чыгалы.

Акчаны эмне максатка топтосо болот?

Акча чогултуу максаттарын аныктоо – каржылык  бакубаттуулукка карай маанилүү кадам. Туура максаттарды коюу шыктанууга  жана оюңдун бир жерде болуусуна  жардам берет. Төмөндө акчаны кайсы максатка  топтоону каалашыңды аныктоо үчүн кадам-кадамы  менен план көрсөтүлгөн.

Учурдагы муктаждыктарыңды жана каалоолоруңду баала

Өзүңө бир нече маанилүү суроолорду бер: "Чынында мага эмне керек?" жана "Мен чындап эмнени каалайм?" Мисалы, окуу үчүн   жаңы кийим же  ноутбук керек болушу мүмкүн. Буларсыз болбойт. Ошол эле учурда каалоолоруң жөнүндө ойлон. Балким, сен саякаттоону, эски телефонуңду жаңыртууну же жаңы жөндөмдү үйрөнүүнү кыялданып жаткандырсың. Бул каалоолор жашоо үчүн зарыл эмес болушу мүмкүн, бирок алар жашоонун сапатын жакшыртат жана кубаныч тартуулайт.

Максаттарыңды категорияларга бөл

Алардын табиятын жана маанилүүлүгүн жакшыраак түшүнүү үчүн максаттарыңды бир нече категорияга бөл. 

Биринчиден, негизги муктаждыктарыңды жана  чыгымдарыңды жабуу үчүн керектүү максаттарды белгиле. Мындай максаттардын мисалдарына тамактануу, ден соолук жана керектүү буюмдарды жана нерселерди сатып алуу кирет. 

Экинчиден, жашооңдун сапатын жакшыртуучу, бирок зарылчылыгы  жок максаттарды аныкта. Мындай максаттарга саякат, хобби жана көңүл ачуу кирет. 

Аягында, келечекте киреше алып келе турган же сенин баалуулугуңду жогорулата  турган инвестициялык максаттар жөнүндө унутпа. Мисалы, билим алуу.

Максаттардын тизмесин түзүп, алардын баасын аныкта

Чоң, маанилүү максаттардан башта, андан кийин кичирээк максаттарды кош. Каржылык   планыңды так элестетүү үчүн бардык максаттарыңды жаз. 

Андан кийин, ар бир максаттын баасын эсептеп чык. Ар бир максатка жетүү үчүн канча акча талап кылынарын изилдеп, аныктап ал.  Мисалы, эгер сенин максатың эс алуу болсо, билеттердин баасын, жатакана, тамак-аш жана башка чыгымдарды билип, эсепте. Бул сага канча акча топтоо керек экенин түшүнүүгө жана аманатыңды эффективдүү пландаштырууга жардам берет.

Бул кадамдарды аткаруу менен, сен акчаны эмнеге топтоону каалап жатканыңды аныктап, каржылык максаттарыңа жетүү үчүн эффективдүү план түзө аласың.

Акчаны кантип туура үнөмдөө жана топтоо керек

Акчаны кантип үнөмдөөнү үйрөнүү үчүн, каржыга болгон мамилеңди өзгөртүү маанилүү. Үнөмдөө – бул жөн гана сатып алуудан  баш тартуу эмес, бул сарптоого жана бюджетти пландаштырууга аң-сезимдүү мамиле кылуу.

Күнүмдүк жашоодо үнөмдөө

Күн сайын акча үнөмдөөнүн көптөгөн жолдору бар. Төмөндө бир нече  мисалдар келтирилген:

● Сырттан тамактануу  же дүкөндөн тамак сатып алуунун ордуна үйдөн тамак бышыруу.

● Азык-түлүктү тизмеге ылайык  сатып алуу жана импульстук сатып алуулардан алыс болуу.

● Арзандатууларды жана акцияларды колдонуу.

● Кымбат товарлардын арзаныраак аналогдоруна өтүү.

Каржылык максаттар жана алардын артыкчылыктары

Каржылык максаттарды коюу жана артыкчылыктарды аныктоо маанилүү. Мисалы, алгач каржылык “жаздык" үчүн, андан кийин чоң сатып алуулар үчүн акча топто. Бул сенин чыгымдарыңды пландаштырууга жана ашыкча чыгымдардан качууга жардам берет.

Максаттарыңды аныкта: аларды кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү деп бөлүп ал.

● Кыска мөөнөттүү максаттар (1 жылга чейин): Жаңы оюн, жаңы телефон сатып алуу, курстарга же мастер-класстарга баруу, эс алууга же кыска сапарларга акча топтоо.

● Орто мөөнөттүү максаттар (1-5 жыл): Билим алуу үчүн, кымбатыраак гаджет (мисалы, ноутбук) сатып алуу, велосипед үчүн,  өзүңө же жакын адамыңа чоң белек үчүн, саякатка чыгууга топтоо.

● Узак мөөнөттүү максаттар (5+ жыл): Батирди ижарага алуу, келечегиңге инвестиция салуу, мисалы, узак мөөнөттүү курстар же чет өлкөдө окуу сыяктуу көз карандысыз жашоо үчүн акча топтоо.

Артыкчылык берүү. Ар бир максаттын маанилүүлүгүн баала жана аларга жетүүнүн тартибин анкыта. Биринчи кезекте, каржылык коопсуздук жаздыкчасын түзүү зарыл. Өзгөчө кырдаалдар үчүн чыгымдарыңдын 3-6 айына барабар сумманы топто. Бул жумушуң жок болуп калганда  же өзгөчө кырдаал жаралганда  каржылык туруктуулукту камсыз кылат. 

Каржылык жаздыкты түзгөндөн кийин, сен ири сатып алуулар үчүн топтоону баштасаң болот. Бул максаттар олуттуу каржылык салымдарды жана кылдат пландаштырууну талап кылат, ошондуктан, аларга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маанилүү. Ал үчүн базалык каржылык резерв даяр болуш керек.

План түзүү. Белгиленген мөөнөттө ар бир максатка жетүү үчүн ай сайын канча акча топтоо  керек экенин аныкта.

Эмоционалдык чыгымдарды көзөмөлдөө

Импульстук сатып алуулар бюджетиңге зыян келтириши мүмкүн. Сатып алуудан мурун бул сага чындап керекпи же бул сырткы факторлордон келип чыккан күтүүсүз каалообу деп ойлонуп көр.

Сатып алууларыңды талда. Сатып алуудан мурун, өзүңө бир нече суроолорду бер:

● Бул чындап эле керекпи?

● Мен аны азыр төлөй аламбы?

● Күтө аламбы?

Каалоо тизмесин түз. Импульстук сатып алууларды жасоонун ордуна, тизмеңе өзүң каалаган нерселерди кош. Бул тизмеге бир нече күндөн же жумадан кийин кайтып кел, көбүнчө  бул нерселердин көбүнүн кереги жок экенин байкоого болот.

Лимит коюу. Айына импульстук сатып алуулар үчүн уруксат берилген сумманы аныкта жана андан ашпа.

Кызыгууларыңды жана билимиңди өркүндөт

Билим жана ар түрдүү кызыкчылыктар дүйнөнү жакшыраак түшүнүүгө жана жеке жана каржылык өсүш үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү табууга, ошондой эле акчаны кантип топтоону үйрөнүүгө жардам берет.

Билимге инвестиция сал. Сенин жөндөмүңдү өркүндөтө турган жана жаңы карьералык мүмкүнчүлүктөрдү ача турган курстардан жана семинарлардан өт.

Хоббини өнүктүрүү. Хобби менен алектенүү кошумча киреше алып келет.

Каржы, жеке өсүү жана психология боюнча китептерди жана макалаларды оку.

Акча топтоону кичинекей кадамдар менен башта

Ал тургай, кичинекей күнүмдүк үнөмдөө бир жылдын ичинде олуттуу суммага алып келет. Кирешең аз болсо да, баштоо маанилүү.

10% эрежесин колдон. Ар бир кирешенин 10%  сактап кой. Суммасы аз көрүнсө да, бара-бара ал көбөйөт.

Күнүмдүк үнөмдөө. Күн сайын үнөмдөөнүн жолдорун тап. Мисалы, кафеден кофе сатып алууну токтотуп, күнүнө 190 сом үнөмдө. Бир айда 4900 сом болот.

Чыгашаларды жана кирешелерди көзөмөлдөө

Чыгашаларды жана кирешелерди көзөмөлдөө ийгиликтүү каржылык башкаруунун негизги аспектиси болуп саналат. Муну жасоонун көптөгөн жолдору бар:

Блокнот

Эң оңой жолу - бардык кирешелериңди жана чыгашаларыңды дептерге жазып алуу. Мындай ыкма акчанын кайда жумшалганын талдоого мүмкүндүк берет.

Каржыңды эсепке алуу үчүн өзүнчө дептер ач. Аны бир нече бөлүккө бөлүп ал:

● Киреше. Бул бөлүмгө эмгек акы, кошумча киреше, пассивдүү кирешелерди жаз.

● Чыгымдар. Бул жерде тамак-аш, медициналык чыгымдар, оюн-зоок, билим берүү ж.б. жаз.

● Жыйынтыктоочу эсеп. Ар бир айдын аягында жыйынтык чыгар. Жалпы картинаны көрүү үчүн бардык кирешелериңди жана чыгашаларыңды кошуп, сарпталбаган же жетпей калган акчаны кошо эсепте. Артып калганын өзүнчө максат тактасына жазсаң болот.

Каржылык тиркемелер жана куралдар

Бүгүнкү күндө чыгымдарыңды көзөмөлдөөгө жана бюджетиңди пландаштырууга жардам берген көптөгөн тиркемелер бар. 

Money Lover  каржылык эсеп жүргүзүү боюнча популярдуу тиркемелердин  бири болуп саналат. Android, iOS жана веб-версиясында жеткиликтүү.

CoinKeeper - бул колдонуучуга ыңгайлуу интерфейсти жана маалыматтарды киргизүү үчүн “сүйрөө” функциясын камтыган дагы бир популярдуу каржылык эсеп тиркемеси. Android жана iOS үчүн жеткиликтүү.

Monefy - бул минимализм дизайны менен жөнөкөй жана ыңгайлуу каржылык эсеп жүргузүү үчүн тиркеме. Android жана iOS үчүн жеткиликтүү.

Жашооңо эң туура келгенин танда. Сен ошондой эле чыгашаларыңды Excel'де  жүргүзсөң болот, ал электрондук жадыбалдар менен кантип натыйжалуу иштөөнү үйрөнүүгө жардам берет.

Бул кадамдардын ар бири каржылык сабаттуулукту өнүктүрүүгө өбөлгө болот жана жаркын жана каржылык көз карандысыз келечектин пайдубалын түзүүгө жардам берет. Акчаны дагы кантип үнөмдөөгө болот? 

Каржылык сабаттуулук жана медиа билим берүү үчүн эң сонун ресурс бул Qlever платформасы. Qlever сага  каржынын негиздерин гана эмес, ошондой эле заманбап жашоонун башка маанилүү аспектилерин өздөштүрүүгө жардам бере турган жогорку сапаттагы окуу материалдарын жана куралдарын сунуштайт. Платформа жаштардын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган жана аларга тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө багыт алууга жардам берет.

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.