Сен фейк сүрөттөрдү чыныгыдан айырмалай алат белең? Жаңы фейк сүрөттөр ар дайым пайда болуп турат, бирок биз бүгүнкү күндө белгилүү болгон эң чуулгандуулары тууралуу айтып беребиз.
Фейсбукта белгилүү актёрлор Брюс Ли менен Жан-Клод Ван Даммдын кол алышып турган сүрөтү тарады. Сүрөт колдонуучулардын көңүлүн буруп, интернетте бир топ талкуу жаратты. Фактчекерлер анын аныктыгын текшерүүнү чечишти. Текшерүү бул сүрөттүн чындыктан алыс экенин көрсөттү, анткени бул сүрөттө алардын жашы дал келбейт. Түпнуска сүрөттө Брюс Ли жалгыз жана имараттын ичинде тартылган. Бул сүрөттү Брюс Линин расмий сайтына киргенде да көрүүгө болот, анда чыныгы версиясы анын башка сүрөттөрү жана видеолорунун арасында слайд-шоу түрүндө жайгаштырылган.[1]
2022-жылы Аргентина курама командасы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жеткенден кийин ЖМКларда Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн 1000 песолык акчанын сүрөтү тараган. Болжолдуу түрдө ушундай жол менен бул өлкөнүн улуттук банкы дүйнөлүк спорттун легендасы Лионель Мессини түбөлүккө калтырууну чечкен. Бул номиналды тандоо да кокусунан эмес. Анткени, сан 10дон башталат, бул сан футболчунуку. Factchek.tj сайтынын фактчекерлери TinEye куралы аркылуу Мессинин сүрөтү фейк экенин жана бул вариантты Аргентинанын Борбордук банкынын мүчөлөрү тамаша иретинде сунуштаганын аныкташкан. [2]
2018-жылдын 29-октябрында Индонезиянын Lion Air авиакомпаниясынын Жакартадан Банка аралындагы Панкал Пинанг шаарына учуп бара жаткан Boeing 737 учагы 13 мүнөттүк учуудан кийин Батыш Ява жээгинде деңизге кулап түшкөнүн маалымат каражаттары жазышты. Учактын бортунда 189 адам, анын ичинде экипаж мүчөлөрү жана жүргүнчүлөр, анын ичинде 3 кичинекей кыз/уул балдар болгон. Индонезиялык куткаруучулардын айтымында, кырсыктан аман калгандар жок экени маалымдалган. Бирок, ошол эле жылдын 1-ноябрында Facebook социалдык тармагында Индонезиянын учагы кулагандан 3 күн өткөндөн кийин, куткаруучулар деңизден куткаруучу күрмө оролгон наристени табышканы тууралуу сүрөт пайда болуп, ошонун натыйжасында наристе аман калган деген араб тилинде билдирүү тараган. Бирок фактчекинг бул фейк маалымат жана сүрөт экенин көрсөттү. [3]
1917-жылы эки жаш бөлөлөр Элси Райт жана Фрэнсис Гриффитс Англиядагы Коттинглидеги бакчасында перилердин сүрөтүн тартып алышкан. Кыздар эң белгилүү авторлордун бири - сэр Артур Конан Дойлду да алдап, бардыгынын көңүлүн бурган 5 сүрөттү тартышкан. Бирок, 65 жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин, 1980-жылдардын башында, Элси менен Фрэнсис улгайып калганда, алар картондон кесилген сөлөкөттөрдү колдонуу менен жасалма сүрөт тартып таратышканын мойнуна алышкан. [4]
Фейк сүрөттөрдү талдоо эмне үчүн маанилүү деп ойлойсуң?
Биринчиден, чындыкты сактоо үчүн: фейк сүрөттөр чындыкты бурмалап, адамдарды жалган маалыматка ишендириши мүмкүн. Фейк сүрөттөрдү талдоо жана жокко чыгаруу чындыкты сактоого жана туура эмес маалыматтын жайылышын алдын алууга жардам берет.
Экинчиден, ишенимди жогорулатуу. Фейк сүрөттөр интернетке тараганда, аларды билбестен бөлүшүп жаткан жеке адамдарга, уюмдарга жана медиа каражаттарга болгон ишенимге доо кетиши мүмкүн. Фейк сүрөттөрдү талдоо тактыкка жана фактыларды текшерүүгө артыкчылык берген булактарга болгон ишенимди жогорулатууга жардам берет.
Qlever менен бирге эң кызыктуу нерселерден кабардар бол!
Булактар:
- Factchek.tj датасы: 19.01.2023 https://factcheck.tj/2023/01/19/fejk-aksi-yakjoyaii-bryus-li-va-zhan-klod-van-damm-dar-facebook/ веб-сайтынан алынды
- Factchek.tj датасы: 25.01.2023 https://factcheck.tj/2023/01/25/durugh-argentina-mehohad-puli-koghaziero-bo-aksi-messi-ba-muomilot-barorad/ веб-сайтынан алынды
- BBC датасы: 29 октября 2018 https://www.bbc.com/russian/news-46014052 веб-сайтынан алынды
- The Voice датасы: 24.02.2023 https://www.thevoicemag.ru/lifestyle/stil-zhizni/fei-iz-kottingli-kak-dve-devochki-ubedili-celyy-mir-v-sushchestvovanii-fey/