Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Соцмедианын тарыхы

19.05.2021 • 12:09

Биринчи социалдык тармактар, биз азыр билген түрүндө, 1990-жылдардын аягында пайда боло баштаган. Ошол мезгилде Six Degrees, BlackPlanet, Asian Avenue жана башка бир катар аянтчалар пайда болгон. Мисалы, 1995-жылы америкалык Рэнди Конрадс Classmates.com тармагын түзгөн (орусча аналогу «Одноклассники»), анда катталган колдонуучулар ар кайсы окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн каталогунан өзүлөрүнүн классташтарын таба алышчу. Classmates.com дароо популярдуулукка ээ болуп, азыр аны 50 миллиондон ашуун адам колдонот.

2000-жылдары адамдарды, уюмдарды ар кандай кызыкчылыктарына жараша башын бириктирген социалдык тармактардын саны кескин өскөн.

- 2002-жылы АКШда Friendster ишке кирген.

- 2003-жылы  LinkedIn пайда болгон, профессионалдык тармак, бүгүнкү күндө 740 миллион колдонуучусу бар.

- Facebook, 2004-жылы Гарвард студенттери тарабынан жалаң гана Гарвард студенттери үчүн түзүлгөн тармак кийинчерээк кеңейип отуруп, азыр дүйнөдөгү адамдар эң көп кирген беш веб-сайттын катарына кирет. 2021-жылдын башына карата 3 миллиард колдонуучусу болгон.

- 2005-жылы YouTube пайда болот, видеолор үчүн платформа, 2,3 млрд катталуучусу бар.

- Twitter өз ишин 2006-жылы баштаган. Алгач сервис компаниянын кызматкерлери тарабынан ички баарлашуу үчүн гана колдонулган, бирок жайдан баштап эле ал бардык адамдар үчүн билдирүүлөр менен алмашууга ачык болуп калган. Биринчи билдирүүнү системанын ээси Джек Дорси жөнөткөн, ал: «Just setting up my twttr» («Жөн гана менин Twitterимди жөндөп бер») деп жазган. Бүгүнкү күндө Twitter интернет колдонуучулардын арасында абдан популярдуу, 300 млн. ашуун аудиториясы бар.

- 2006-жылы Росияда Facebook аналогу— «ВКонтакте» пайда болот, ал Россиядагы эң популярдуу соцтармактардын ондугуна кирет, 97 млн. колдонуучусу бар.

- Сүрөт жана видеолор менен алмашуу үчүн акысыз тиркеме Instagram App Store дүкөнүндө 2010-жылы пайда болду. Башында Instagramда колдонуучуларга ар кандай жайларда «чекинг» кылганга, жолугушууларды пландоого жана сүрөттөрдү жарыялоого мүмкүнчүлүк бар болчу. Статистиканы анализдеп чыгып, иштеп чыгуучулар адамдардын жалаң гана сүрөттөр менен бөлүшкөнүн көрүп, сүрөт чыгаргандан башка функцияларын алып салышкан. Бүгүнкү күндө тармактын аудиториясы 1 млрд. колдонуучудан ашты.

Булактары:

Sciencepop.ru, Социалдык тармактардын тарыхы: пайда болушу жана өнүгүшү, бул шилтеме боюнча жеткиликтүү: https://sciencepop.ru/istoriya-sotsialnyh-setej-poyavlenie-i-razvitie/

Хабр, Социалдык медианын тарыхы жана өнүгүшү, бул шилтеме боюнча жеткиликтүү: https://habr.com/ru/post/72136/

Аудиториялары боюнча маалыматтар Business of Applications сайтынан алынды: https://www.businessofapps.com/

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.