Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Медианын өнүгүү тарыхы

13.04.2021 • 02:57

Тарыхый жактан алып караганда кандай коммуникация болбосун медиа катары кабылданчу, ал эми массалык коммуникацияга катыштуу бардык учурлар массмедиа деп аталчу. Мисалы, байыркы египеттик соодагер «10 балык саттым, бир мүшөк ун сатып алдым» деп жазып кеткен эсеп китепчесиндеги папирус медиа болуп эсептелет (билдирүү), ал тар чөйрөгө багытталган – өзүнө жана жардамчыларына. Ал эми өлкөдөгү бардык жашоочулар таанышсын деп Хаммурапи мыйзамдары жазылган таш такталар массмедиа катары саналган.  Эгер заманбап тилге которсок, досуңа жиберген билдирүү медиа болуп эсептелет, ал эми мектеп чатына жиберилген билдирүү массмедиа болуп калат. Бирок интернеттин таркашы менен бул түшүнүктөр синонимге айланып калды.

Эң байыркы жазма документ болуп Тэртер жазуулары болуп саналат – биздин эрага чейинки 5500 жылдарга таандык Румыниянын аймагында табылган карапа такталар. Алардын мазмуну чарбалык мүнөзгө ээ, демек алар «медиа» деген категорияга туура келет. 

Туруктуу массмедианын башаты катары байыркы римдеги жаңылык билдирүүлөр эсептелет. Алар шаарда болуп өткөн окуялар туурасында маалымдап турушкан жана Acta diurna populi romani деп аталчу («Рим калкынын күнүмдүк иштери»). Мындай билдирүүлөр эл топтолгон жерлерге жарыя илүү аркылуу таркатылчу, ал эми ак сөөк шаардыктар менен саясатчылар колго жазылган жеке билдирүүлөрдү алып турушкан.

Улуу талаа мейкининде да дайыма билдирүүлөр менен алмашуу орун алып келген. Маалымат берүү процессине катышкан адамдарды «жаршы» (глашатай) деп атап коюшкан, маанилүү расмий маалыматты кабарлагандарды же «хабаршы» (чабарман) деп айтышкан. Бул системада дагы бир орчундуу орунду – узункулак же ооздон-оозго таратуу көрүнүшү ээлеген, акыркы жаңылыктарды адамдар бири-биринен билип турушкан.

Биринчи басма гезит Байыркы Кытайда VIII кылымда пайда болгон. «Борбордук кабарчы» гезити императордун буйруктарын жана маанилүү окуялар туурасындагы билдирүүлөрдү камтыган. Басма түрүндөгү гезитке ээ болуу үчүн такталарга иероглифтер чегип жазылган, андан соң аларга боёк сүйкөлүп анан кагаз бетине түшүрүлгөн.

Оролгон кагаздардын ордун кодекс форматы ээлеген – өз-өзүнчө пергамент барактарынан турган мукабаланган китепче. Эки жагына тең жазууга боло турганы жана дароо керектүү бөлүмүнө өтө алуу мүмкүнчүлүгү кодекстин негизги артыкчылыктарынан болгон. Кодексти туруктуу элементтерге бөлүү аны бөлүп окууга жол берген жана китептик навигацияга ташталган кадамдардан болгон. 

Булагы: Медиа жана маалыматтык сабаттуулук. 9-11 (12) – класстар үчүн окуу китепчеси. / П. Банников, Т. Соколова, О. Гороховський, И. Печищев, Д. Радзявичус, А. Усупбаева, Д. Шишкин. – Алматы:  «MediaNet» эл аралык журналистика борбору», 2021.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.