Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Дүйнөдөгү киберспорттун тарыхы

09.03.2022 • 05:47

Киберспорт – видео-оюндарды колдонуу менен ат салышуу ишмердүүлүгүнө негизделген спорттун түрү. Компьютердик же электрондук спорт деп да аталат.

 

XX кылымдын 70-жылдары Стэнфорд университетинде Spacewar деп аталган компьютердик оюн боюнча биринчи жарыш өткөн. Бул окуя университеттин компьютердик лабораторияларынын биринде уюштурулган. 1980-жылы АКШнын он миңге жакын геймери Space Invaders чемпионатында ат салышкан.

 

1980-жылдары электрондук спорт негизинен жаңы гана пайда болгон оюн приставкаларынын алкагында өнүккөн. Nintendo жана Sega Genesis чыккандан бери көптөгөн компаниялар адамдарды видео-оюндарга тартуу үчүн олуттуу каражаттарды сала башташты.

 

Компьютердик оюндардын жайылышындагы олуттуу бурулуш 90-жылдары орун алды, интернеттин пайда болушу видео-оюндардын өнүгүшүнө катуу түрткү берди. Катышуучулар өз ара Quake же Warcraft боюнча жарыштарды уюштуруга мүмкүнчүлүк алышты.

 

Киберспорт боюнча жарыштар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жыл сайын өткөрүлүп турат. Оюндар түз эфирде көрсөтүлүп, интернет аркылуу таратылып, кеңири аудиторияны өзүнө тартат. Киберспорт боюнча Олимпия оюндары болуп World Cyber Games турнири эсептелет,  ал 2000-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Оюн өндүрүүчүлөрү тарабынан өткөрүлчү кадыр-барктуу жарыштардын катарына The International  Dota 2 же League of legends боюнча дүйнө чемпионаты кирет.
 

2016-жылы Дүйнөлүк киберспорт ассоциациясы түзүлгөн (1).

 

Бардык эле спорттун түрү сыяктуу, виео-оюндар боюнча жарыштар айрым өлкөлөрдө абдан поплуярдуу болуп, айрым өлкөлөрдө көп кеңири тараган эмес. Киберспортун өсүшүнө көптөгөн факторлор таасир этүүдө, маселен Интернеттин ылдамдыгы жана акысы, ошондой эле технологиялык өнүгүү жана аудиториянын оюндарга болгон кызыгуусу.

 

Киберспортто 20 жылдан кийин бир нече күчтүү өлкөлөр аныкталды. Бул өлкөлөрдүн оюнчулары жана командалары кеңири белгилүү болгон түрлөрдө үстөмдүк кылышат, ал эми ири шаарларында дүйнөлүк деңгээлдеги турнирлер өткөрүлөт жана ага миңдеген көрүүчүлөр тартылат.

 

Профессионал оюнчуларынын саны жана утуп алган акчаларынын суммасын эске алганда, 2021-жылдагы дүйнөлүк киберспорт боюнча топ-10 өлкөлөр*:

 

10-орун – Бразилия

9-орун – Украина

8-орун – Германия

7-орун – Франция

6-орун – Дания

5-орун – Россия

4-орун – Швеция

3-орун – АКШ

2-орун – Түштүк Корея

1-орун – Кытай

 

* — статистика esportsearnings.com порталынан алынды


 

Булактары:

1. https://sportsgroup.ru/raznyie-vidyi-sporta/istoriya-kibersporta.html

 

2. https://www.championat.com/cybersport/article-4296139-strany-lidery-mirovogo-kibersporta-kitaj-yuzhnaya-koreya-ssha-shveciya-daniya-rossiya-ukraina-i-drugie.html?utm_source=copypaste



 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.