Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Кибербуллинг деген эмне?

25.01.2021 • 11:42

Интернеттин өнүгүшү менен көптөгөн социалдык тармактардын кызматкерлери алардын аянтчасы жетиштүү деңгээлде коопсуз эмес экенинен тынчсызданып, бул колдонуучуларды чочутушу мүмкүн экенин эске алып интернет-кодулоого каршы күрөштүн механизмдерин иштеп чыгышууда. Алдыда биз кандай болбосун интернет-агрессия менен катышы бар бир нече терминдерди талдап чыгууну сунуштайбыз, алар интернеттеги агрессиянын түрү жана формасы жагынан бири-биринен айырмаланышат.

Кибербуллинг (cyberbulling) — атайын максаттуу жана кайра-кайра кайталанган зыянкечтик, анын ичинде атайлап мазактоо, коркутуп-үркүтүү жана ар кандай ар-намыска шек келтире турган билдирүүлөр, адатта бул нерселер узак убакыт бою интернет-технологиялардын жана электрондук девайстардын жардамы менен ишке ашат. [1].

Кибермоббинг (cybermobbing) – кибербуллинг, бирок агрессор бир гана адам эмес, адамдардын тобу.

Троллинг (cybertrolling; trolling – жалтырак калайдын жардамы менен балык кармоо) — ар кандай интернет-ресурстарга колдонуучулардын ортосунда чыр-чатактарды тутандыруу максатында ар кандай макалаларды, шакаба кылган же чагымчыл билдирүүлөрдү жарыялоо, адатта башка колдонуучуларды да талкууга тартуу үчүн эки тараптуу шылдың же мазактоо менен коштолот. [2].

Хейтинг (hate) — терс маанайдагы комментарийлер же билдирүүлөр, белгилүү бир адамга, адамдардын тобуна, көрүнүшкө карата иррационалдуу сын-пикир, көп учурда андай позициянын негизи жок болот. [1].

Флэйминг (flaming) — мазактоолордун кокустан тутанып кетиши, көпчүлүккө ачык түрдө репликалардын эмоционалдык алмашуусу, көп учурда чаттарда жана социалдык тармактарда чатакташып жаткан тарапты мазактоого көп сандаган адамдар тартылып кетиши мүмкүн.

Киберсталкинг (cyberstalking; to stalk — аңдуу, артынан байкоо жүргүзүү) — кайра-кайра кайталанган коркутуп-үркүтүүлөр менен адамдын артынан түшүү, тынчсызданууну жана кыжырданууну пайда кылган билдирүүлөр ал багытталган адамдын же анын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата мыйзамсыз аракеттерди жасоо же зыян келтирүү туурасында болушу мүмкүн.

Грифинг (griefers) — көп колдонуучуларга ылайыкташкан онлайн-оюндарда оюнчулар атайын максаттуу түрдө башка оюнчулардын артынан түшүп сая кууйт. Алардын максаты оюнда утушка ээ болуу эмес, башка оюнчулардыоюндан ала турган ырахатынан ажыратуу.

Секстинг (sexting) — жылаңач же жарым жылаңач адамдардын сүрөттөрүн же видеоматериалдарын кодулоо же шантаж кылуу максатында жарыялоо, таркатуу.

 

Материал Европа Биримдигинин колдоосу астындагы BRYCA долбоорунун алкагында даярдалды.

Булактары: 

  1. Кирилл Хромов (30.05.2018). Кибербуллинг. Postnauka.ru. Алынган сайты: https://postnauka.ru/longreads/86459.
  2. Animatika.ru. Алынган сайты: https://animatika.ru/info/gloss/trolling.html


 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.