Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

MyDoom жана SoBig кибер чабуулдар тууралуу

18.03.2021 • 04:43

Биз киберкоопсуздук туурасында сөз кылганда «критикалык инфраструктура» деген сөздү көп колдонобуз. Бул коомдун жашашы үчүн өзгөчө маанилүү болгон кызматтардын негизин түзгөн өз ара көз каранды болгон системалар, тармактар жана активдер. Буга банк чөйрөсү, өндүрүш, электроэнергияны бөлүштүрүү, медициналык кызмат, мамлекеттик авариялык-куткаруу кызматтары, ошондой эле аба жана жердеги ташуу кызматтары. Мындай тармактардын ишин үзгүлттүккө учуратууга багытталган зыяндуу программалар жана чабуулдар негизинен критикалык инфраструктурага коркунуч келтирет.

Киберчабуулдар критикалык инфраструктуранын объектилеринин ишин толугу менен же айрым бөлүктөрүн иштен чыгарышы мүмкүн, же олуттуу финансылык зыян алып келет. 2003-жылы SQL Slammer компьютердик вирусу Түштүк Кореяны Интернет байланышынан дээрлик ажыратып таштаган, Bank of America банк терминалардарынын ишин токтоткон, натыйжада 750 миллион АКШ доллары өлчөмүндө зыян келтирилген. Вирусту жуктуруп алуу ылдамдыгы – 10 мүнөттө 75 000 компьютер!

Келтирилген зыяны боюнча эң «кымбат» вирус MyDoom жана SoBig болуп эсептелет - 38 миллиард доллар. Вирустар арам ойлуу адамдарга вирус жуккан компьютерлерге кирүүгө мүмкүнчүлүк беришкен, каалаган программаларын ачууга мүмкүнчүлүк алышкан, файлдарды көчүрүп, башка колдонуучуларга электрондук кат жөнөтө алышкан жана программалык камсыздандырууга, ал тургай жабдыктарга да олуттуу зыян келтиришкен.

 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.