Баары кантип башталган? 1988-жылы эң биринчи компьютердик вирустун (курт) ойлоп табуучусу Корнелл университетинин (АКШ) студенти Моррис бул кибермейкиндиктин масштабын гана аныктоо максатын көздөйт деп ишендирген. Ал кичинекей курт тез тарай турган вируска айланып, компьютерлердин ишин токтоткондо баары өзгөрдү. Натыйжада 6 миң компьютер вирус жуктуруп, ал эми аларды оңдоого кеткен эсептер 10дон 100 миллион долларга чейинки сумманы түзгөн. Почта вирусу «Мелисса» да так эле ушундай аракеттенген, ал компьютерге жуккандан кийин өз алдынча спам таратып, системанын толуп калышына алып келген. Ал келтирген зыян - 1,2 миллиард доллар. Айтмакчы, «Мелиссанын» ойлоп табуучусу Дэвид Л. Смит 20 ай абак жана айып пул төлөө жазасын алган.
2017-жылы Улуу Британияда хакерлер Улуттук саламаттыкты сактоо кызматынын (NHS) системасын бузуу менен эң кубаттуу киберчабуулду ишке ашырышкан. NHS системасы бир нече күнгө токтоп калганда, вирусту 22 жашар Девон шаарындагы иликтөөчү токтоткон. Ошол эле программанын жардамы менен хакерлер 150 өлкөдө иштеген FedEx системасын бузушкан. Вирус "WannaCry" имейл аркылуу тиркеме түрүндө таркайт. Колдонуучу тиркемени ачаары менен вирус компьютердеги бардык файлдарга блок коюп салган. Ал эми хакерлер блоктон чыгарып, кайра файлдарды ачып берүү үчүн акча талап кылышкан. Бул вирус 300 000 ден ашуу компьютерге жуккан.
2015-жылы Израилдин үч жараны америкалык JP Morgan банкынын 83 миллион кардарынын маалыматтарын уурдап алды деп айыпталган. Ал маалыматтар жүз миңдеген долларга сатылган. Жеке маалыматтардан тышкары, компаниянын көрсөткүчтөрү жөнүндөгү маанилүү маалыматтар да уурдалган, натыйжада шылуундар биржада бааларды манипуляция кылып, мыйзамсыз келишимдердин аркасында чоң пайда табышкан. 200 фейк документтерди пайдаланып, масштабдуу мыйзамсыз төлөм системасын ишке киргизишкен, биткоиндерди алмаштырып, болжол менен 75 мунай компаниялары аркылуу жана дүйнөнүн булуң-бурчундагы эсептер аркылуу акча каражаттарын чыгарып кетишкен.
Тарыхтагы жеке маалыматты уурдоого байланышкан эң чуулгандуу окуялардын бири 2013-жылы орун алган, Yahoo компаниясы 1 миллиарддан ашуун жеке аккаунттардын маалыматтарын уурдаткан. Ал маалыматтар адамдардын аты-жөнүн, телефон номерлерин, пароль, электрондук почтасынын дарегин камтыган. Yahoo анда банк маалыматтары уурдалбаганын билдирген. Аталган компания экинчи жолу 2016-жылы чабуулга кабылган.