Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

Тармактагы фото. Медиада эмнени жарыялаганга тыюу салынган

09.06.2021 • 12:25

Эгер силер эч ойлонбостон бар болгон сүрөттөрдү чыгара берсеңер, силерге тармакка кирүүгө блок коюлушу мүмкүн, жк шылуундардын курмандыгына айланып, ал тургай кылмыш жоопкерчилигине да тартылышыңар ыктымал.

Эмне үчүн тармакта силерге блок коюлушу мүмкүн жана жоопкерчиликке тартылышыңар ыктымал

1. Ачык соцтармактарда балдардын сүрөттөрүн чыгарбагыла – өзүңөрдүкүн да, башкалардыкын да. Биринчиден, баланы сүрөткө тартууга жана аны тармакка чыгарууга ата-энесинен же кам көрүүчүсүнөн уруксат алуу керек (18 жашка чейин). Экинчиден, интернеттен эч нерсени өчүргөнгө болбойт, ошондуктан ал бала бир нече жылдан кийин өзүнүн сүроттөрүн ачык тармактан көрүп кыжалат болушу мүмкүн. Ошондой эле бул маалыматты шылуундар пайдаланышы мүмкүн.  

2. Кылмышка шектелип жаткан жашы жете элек балдардын сүрөттөрүн жарыялабагыла. Бул жерде деле ошол эле принцип – уруксаты жок жашы жетек электердин сүрөтүн чыгарганга болбойт. Бул эреже укук коргоо органдары үчүн да өзгөрүүсүз иштейт. Эч кимдин жашы жете элек балдардын сүрөттөрүн ачык жарыялаганга укугу жок.

3. Тыюу салынган уюмдардын белгилери бар сүрөттөрдү жарыялабагыла, мисалы экстремисттик же террористтик уюмдардын. Бул тыюу салынган уюмдарды жайылтып жатат деп каралышы мүмкүн. Ошондой эле, эсиңерде болсун, бир өлкөдө тыюу салынбаган уюм башка бир өлкөдо тыюу салынган болушу мумкүн. Бул сейрек кездешет, бирок баары бир мындай көрүнүштөр бар.

4. Зомбулук же мыкаачылыкты чагылдырган сүрөттөрдү чыгарбагыла.

5. Порнография жарыялаганга болбойт.

 

Коопсуздук жана этикалык нормаларга байланыштуу кандай сүрөттөрдү тармакка жарыялоо кооптуу

 1. Штрих-коду бар жүргүнчү талону, рейсинин номери, фамилиясы бар сүрөттөр. Бул маалыматты арам ойлуу адамдар пайдаланып, эч болбогондо жеке кабинетиңерге кирип, билетти жокко чыгарып салышы мүмкүн.

2. Концерт же башка иш чаралардын билетинин сүрөттөрү. Эгер кадрга штрих-коду түшүп калса -  арам ойлуу адамдар фотошопту колдонуп, аны чыгарып алып силерден биринчи колдонуп коюшу мумкүн. 

3. Саякаттан же жумуш сапардан түшкөн сүрөттөрдү чыгаруу үйлөрдү тоногон ууруларга белги бериши мүмкүн.

4. Кымбат баалуу гаджеттердин сүрөттөрү да ууруларды чакырышы мүмкүн. Жупуну болгула.

5. Банк картасынын сүрөтүн чыгарбагыла – өзүңөрдүкүн да, башкалардыкын да. Бул маалыматты да шылуундар колдонуп кетиши мүмкүн.

6. Документтердин сүрөтүн да жарыялабагыла: паспорт, ID-карта, айдоочулук күбөлүк же виза. Бул маалымат жеке маалыматтарга кирет жана шылуундар пайдаланышы мүмкүн.

7. Заманбап технологиялар ачкычтарды сүрөтүнөн карап туруп эле жасаганга жол берет, ошондуктан өзүңөрдүн да, башкалардын да ачкычтарынын сүрөттөрүн чыгарбагыла. Адамдын кайда жашаарын жана качан үйүндө жок болоорун билүү кыйынга турбайт – эгер адам 6-пунктагы эрежени сактабаса. 

8. Эгер кайсы бир кечеден тартылган сүрөттү чыгарып жатсаңар, эсиңерде болсун, ал сүрөт башка катышуучулардын кызыкчылыгына каршы келиши мүмкүн.

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.