Дождитесь окончания загрузки
Модальное окно "Дорогой друг, прими участие в опросе"
preview Артка

!!! Фейкмейкерлер – бул реалдуу жумуш

04.08.2020 • 13:44

!!! Фейкмейкерлер – бул реалдуу жумуш

Фейк-ньюс көрүнүш катары байыркы тарыхка ээ. Эгер мурда ушак-айыңдар ашкана деңгээлинде тарап келсе, азыр социалдык тармактар фейк-мейкерлер үчүн эң эле ыңгайлуу аянтчага айланды. (Шулембаева, 2017).  Фейк-мейкерлердин жазылбаган мыйзамы бар:
- Чынында, эгер таасирлүү болсо, жаңылыктын чын же чын эмес экенинин мааниси деле жок.
- Адамдардын автоматтык ой жүгүртүүсүн жана стереотиптерди кармануу адаттарын пайдалануу керек. 
- Акырындык менен билинбей маалыматтык аянтчадан орун алуу (челектеги балдагы бир кашык кара май сыяктуу) (Корнев, 2016)

Фейкмейкерлер  аларды окуган аудиторияны кеңейтип, ооздон-оозго өтүп сөз болушу үчүн көзгө дароо урунган баш сөздөрдү жана ойдон чыгарылган окуяларды көп колдонушат.  Киреше болсо кликбейтинг принциби сымал түшүп турат жана рекламанын эсебинен түшкөн киреше болуп саналат, бул учурда киреше жарыяланган маалыматтын чын-бышыктыгынан көз каранды эмес. (wikipedia, 2020).

Калкынын саны 2 млн. ашуун Балкандагы чакан өлкө болгон Македония туурасында эмне билгениңер бар? Жакында бул региондун аты дүң болду, журналисттер бул жерден фейк жаңылыктарды жасаган дүйнөдөгү дээрлик эң ири фабриканы табышкан (Настоящее время, 2017)!

Фейк жаңылыктардын белгилүү жаратуучусу Майл Грнкаров (Mile Grncarov) жасалма жаңылыктарды жасаган өтө оңой, бирок алардын бетин ачуу өтө кыйын экенин айтат: «Жасалма жаңылыктардын көпчүлүгү катардагы адамдар тарабынан жазылат. Алар өз компьютеринде отуруп алып, бир жөнөкөй формуланы тушүнушкөн: жаңжалдуу баш сөз + жалган маалымат = киреше. Бир нерсени айта кетүү керек, жасалма жаңылыктардын таап бетин ачканга караганда аларды жасаган жана таркаткан алда канча жеңил». Майл Грнкаров 13 жашынан баштап эле жасалма жаңылыктарды колдоно баштаган. “Политология жана ишкердик башкаруу” адистиги боюнча Македониялык студент болуп жүргөн кезинде ал өтө маанилүү дүйнөлүк деңгээлдеги шайлоолордун убагында көпчүлүктүн көңүл чордонунда болгон. Ал өзүнүн финансылык ийгилигин фейк жаңылыктарды жасоонун оңойлугу менен түшүндүрөт  (Настоящее время, 2017).    

Колдонулган адабияттар:

Wikipedia. (30-июнь, 2020 ж.). Жасалма жаңылыктар.  Wikipedia баракчасынан 2020-ж. 24-июлунда алынды: https://ru.wikipedia.org/wiki/Фальшивые_новости
Корнев, М. (18-июнь, 2016 ж.). Коопсуз медиа-колдонуу боюнча линия. Мосты-2016.
Настоящее время. (22- октябрь,  2017-ж.). Македониялыктарча фейк. Балкандык өспүрүмдөр жасалма жаңылыктардын өндүрүшүн киреше табуунун популярдуу түрүнө айлантышты. Настоящее время баракчасынан 2020-ж. 24-июлунд алынды: https://www.currenttime.tv/a/28806010.html
Шулембаева, Р. (7-ноябрь, 201-ж.). Фейк жаңылыкты кантип таануу керек. Казахстанская правда баракчасынан 202-жылдын 24-июлунда алынды: https://www.kazpravda.kz/fresh/view/kak-raspoznat-feik

Материал BRYCA  долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу астында даярдалды. 

Бул маалымдоо-таанып билүү порталы КзР, КР, ӨР, ТР жаштарына арналган.

Оюн өнөктөш-өлкөлөрдүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыккан. Платформада колдонулган бардык мисалдар бир гана окутуу максаты үчүн келтирилген жана мыйзамсыз ишаратты көздөбөйт. Оюнду баштап жатып, Сиз муну түшүнүү менен кабыл алганыңызды жана оюндун жогоруда айтылган максаттарына макул экениңизди тастыктайсыз.